Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

"Темир көшөгө" кулай баштаган күн


20 жыл мурун болгон окуялардын катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп беришүүдө, Венгрия менен Австриянын чегарасы, 19-август, 2009-жыл
20 жыл мурун болгон окуялардын катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп беришүүдө, Венгрия менен Австриянын чегарасы, 19-август, 2009-жыл

Мындан 20 жыл илгери Венгрия менен Австриянын чек арасында орун алган окуя "темир көшөгөнүн" кулашынын башталышы катары сыпатталып келет. 1989-жылдын 19-августунда Чыгыш Германиянын жүздөгөн тургуну Венгрия аркылуу Австрияга тоскоолдуксуз качышкан.

Венгриянын Сопрон шаарынын жака белинде орун алган бул жайыт башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Арийне дал ушул жерде жылдар бою Европаны экиге бөлүп келген "темир көшөгөнүн" кулашы башталган. 20 жыл мурун венгер оппозициясы Австрия менен чек араны бойлой жайгашкан ошол аянтчада “бүткүлевропалык пикник” уюштурат.

СССРдин ошол кездеги лидери Михаил Горбачев жүргүзө баштаган гласность же айкындык саясаты өкүм сүрүп турган кезде эки өлкөнүн бийликтери ал күнү жергиликтүү жашоочуларга бири бири менен учурашууга мүмкүндүк берүү үчүн чек араны 3 саатка ачууну чечишкен. Сопронго ошондой эле венгер оппозициясы тарабынан кабардар кылынган Чыгыш Германиянын жүздөгөн тургуну келген.

Венгрия тараптан чегараны кайтарган бөлүктүн командачысы Арпад Белла 20 жыл илгерки окуяларды эскерип, аялдар, балдар, абышка-кемпирлерден турган топ чек араны карай жылганын айтат. Аскерлерге адатта чек араны уруксатсыз кесип өтүүгө аракеттенген адамдарга ок ачуу буйругу берилет. Белланын чечим кабыл алуу үчүн бир нече секундасы гана бар эле. Чегарачы буйрукка эмес, жүрөгүнө баш ийип, Батышка агылган элге тоскоол болбоону чечкен.

- Чек аранын аркы жагында укумуш окуяларга күбө болдук. Дүрбөлөңгө түшкөн адамдар Австрияга жеткенден кийин деле жүгүрүп жатышты. Кээ бирлери жерге отуруп алып ыйлап же тескерисинче күлүп жатышты. Кыскасы, ар кандай эмоцияларды көрдүк.

Чыгышгерманиялык Дитмар Погунтке ал кезде 26 жаштагы студент болчу.

- Мен чек арадагы тешиктен өттүм. Австриялык бир киши тикенектүү темир зымды колуна розадай кылып кармап алып: “Эркиндикке кош келдиң!” - деген сөздөрү менен тосуп алды. Мен болсо ишенбей жаттым. Биринчи дубалдан кийин, экинчиси, анан үчүнчүсү болот деп элестеткем. Ал болсо: “Сен - Австриядасың!” - деп айтты. Мен дагы эле ишенбей, айланама көз жүгүрттүм. Бардыгы кол чаап, кубанычка бөлөнүп турган кез эле.

Ушул шаршембиде 20 жыл илгери болгон окуяларды эскерүү иш-чарасына Венгриянын президенти Ласло Шойом, өкмөт башчы Гордон Бажнай жана Германиянын канцлери Ангела Меркел катышты.

Венгриянын чыгышындагы чек ара 1989-жылдын 11-октябрында туруктуу ачылган. Ал аркылуу 7-октябрга чейин Чыгыш Германиянын 50 миңдей жараны тоскоолдуксуз Батышка качкан. Дагы бир нече жумадан кийин, ноябрда, эки Германияны бөлүп турган Берлин дубалы кулаган.

Ошол кездеги канцлер Гелмут Коль Сопрон окуясынын коммунисттик режимдин кулашына кошкон салымын жогору баалап, “Бранденбург дарбазасынын алдындагы топурак - Венгриянын топурагы” деп айткан.

XS
SM
MD
LG