Ишембиде кечинде добуштар саналып бүткөндөн кийин, Лиссабон келишими үчүн жалпы шайлоочулардын 67% добушун бергени, 33% ага каршы экени аныкталды.
Ирландияда аталган келишим боюнча былтыр да референдум өткөн. Бирок 15 ай мурдагы добуш берүүдө ирландиялыктар аны колдошкон эмес. Эми бул ирет өзгөртүлгөн келишимди алар жактырышканы документке азырга чейин кол кое элек Польша менен Чехияга басымды күчөтөт.
Лиссабон келишиминин, же Европа биримдигинин Баш мыйзамынын, негизги эле өзөгү Евробиримдиктин тышкы саясаттагы чечкиндүүлүгүн арттырат. Анткени уюмдун жетекчилигинде бир топ олуттуу өзгөрүүлөр орун алат. Аны жетектөөнүн мөөнөтү узартылат, уюмга мүчөлүк кыскартылат.
Бу келишимди Еврошаркетке мүчө 27 өлкөнүн ичинен бирөө эле жактырбай койсо, ал ишке кирбейт.
Азырга чейин аны колдобогон үч эле өлкө калган эле. Бул – Ирландия, Польша жана Чехия. Бирок алардын ичинен Ирландияга гана референдум өткөрүүгө укук берилген.
Ирландияда дээрлик баардык саясий партиялар, өлкө жетекчилиги жарандарды бул ирет келишимди колдоого чакырып, өнөктүк “Ооба” деген ураан астында өттү. Керек болсо өлкөдө экономикалык кризистин айынан популярдуулугун жоготкон премьер-министр Браян Коуэн да азыр эми ага карата таарынычты четке коюп, адамдар кризистен чыгыш үчүн бул ирет “Ооба” деп жооп беришин суранган.
Премьер-министр Браян Коуэн ишембиде: “Бүгүн ирландиялыктар өз каалоо-мүдөөсүн ачык айтышты. Бул – Ирландия үчүн да, жалпы Европа үчүн да жакшы күн, - деди. - Бүгүн биз Европадагы башка улуттар менен бирге экенибизди, анткени биргеликте гана биз күч экенибизди көрсөтө алдык”.
Эми Лиссабон келишимин жактыра элек өлкөлөрдөн Польша менен Чехия гана калды.
Варшава менен Прагада парламенттер аны ратифиякациялашкан. Польшалык президент Лех Качински “Ирландиялыктар эле аны колдоп беришсе, документке ал кол койгонго даяр экенин” айткан. Бирок чех президенти Вацлав Клаус 17 сенатор бу келишимге каршы конституциялык арыз менен кайрылышкандыктан, ага азырынча кол койбошу мүмкүн дешүүдө. Ошентсе да, көпчүлүк эксперттер Клаусту азыркы каржылык катаал мезгилде Брюсселге чечим кабыл алууда көбүрөөк эркиндик берип, кысталыш учурда колду байлабай, баары бир аны колдоого мажбур болот дешет.
Евробиримдиктеги кеңейүү иштери боюнча комиссар Олли Рейн: "Евробиримдик тышкы иштерде, коопсуздук саясатында чечкиндүүрөөк иштеши үчүн көбүрөөк эркиндик керек. Бул - өтө маанилүү нерсе, - деп айтты. - Биз бу келишимди эртең эмес, кечээ эле жактырышыбыз керек эле".