Бауэр, Шор жана Фаттал быйыл 31-июлда Ирактын Күрдстан региону тараптан Ирандын аймагына кирген учурда кармалышкан. Ошол туристтердин энелери президент Ахмединежадга жазган катын Ирандын Нью-Йорктогу миссиясына тапшырышты. Эгерде алар түздөн-түз ирандык президент менен сүйлөшө алышканда, ага эмне дешмек? Камалган туристтердин бири Жош Фатталдын энеси Лаура Фаттал “Азаттыкка” минтип жооп берди.
“Президент Ахмадинежад, сиз өзүңүз да ата катары азыр – элдердин ортосунда ынтымактын жана тынчтыктын сакталышын камсыз кылган Бириккен улуттар уюмунун жолугушуусунун мезгилинде – биздин абалды түшүнүп, балдарыбызга ырайым көрсөтүңүз, аларды кайра бизге алып келиңиз” демекпиз. Жошту, Шейнди жана Сараны бизге кайра алып келишин суранмакпыз”, - дейт ал.
Туристтер 31-июлда Ирактагы Күрдстан автономиясы аркылуу Ирандын аймагына кирген учурда кармалышкан. Иранда аларды “тыңчы болушу мүмкүн” деген шек менен камакка алышкан эле. “Ошентип, 50 күндөй убакыттан бери алардан кат-кабар жок”, - деди Фатталды энеси.
“Тилекке каршы, алар каерде кармалып турушканын билбейбиз. Биз аябай кыжаалат болуп турабыз, - дейт ал. - Алар аман-эсен, дурус тамактанып, жакшы жерде жатышат го деп үмүттөнөбүз. Бирок алар тууралуу бир да кабар уга элекпиз. АКШнын Ирандагы өкүлчүлүгү катары кызмат кылып жаткан швейцариялык консулдуктун адамдарын да балдарыбыз менен жолуктурбай жатышат. Консулдук биздин балдардын абалын билиш үчүн Ирандын бийликтери менен тыгыз иштешип жатат”.
Лаура Фаттал уулу Жошту жана анын эки досун Иранда “чет-өлкөнүн тыңчысы” деп айыптап жатышканына каршы экенин айтты. “Биздин балдарыбызды Иранга мыйзамсыз киришти деп кармашты. Мында эч саясий өңүтү жок, - деп айтты ал “Азаттыкка”. - Жош, Шейн жана Сара - башка элдердин маданиятын, динин урматтап, аларга кызыккан балдар. Аларда Иранга киребиз деген ниети болгон эмес”.
Фаттал айым анын уулу Жош буга чейин эларалык окуу программаларына кызыгып, Түштүк Африка, Кытай, Индия жана Швейцариядагы саламаттыкты сактоо системаларын окуп жүргөнүн айтат. Жайында ал окуусун бүтүп, Сириянын борбору Дамаскта жашаган досу Шейндикине коноктоп барат. Ал жерде Шейндин сүйлөшүп жүргөн кызы Сара англис-тилинен сабак өтчү экен. Бир жумага эс алып келиш үчүн баары Күрдстанга жөнөшкөн.
Келерки аптада Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун 64-ассамблеясы ачылат. Ага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад да келээри күтүлүүдө. Мына ушундай оорчундуу окуянын алдынан эгерде ирандык президент кармалган туристтерди өзү менен кошо ала келсе, ассамблеяны жакшы жышаан менен ачканга шарт түзүлмөк деп, энелер биригип кат жазышты. Азырынча буга карата расмий Тегерандан жооп боло элек.