Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Британ ханзаадасы Эндрю чуулгандуу финансист Эпштейнге байланыштуу чырдан улам герцог титулунан баш тартты


Ханзаада Эндрю
Ханзаада Эндрю

Британ падышасы Чарльз IIIтүн иниси, ханзаада Эндрю Йорк герцог титулунан жана Британиянын эң жогорку рыцардык орденинен баш тартканын жарыялады. Мындай чечимди ал америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы тууралуу жаңжалдан соң кабыл алганы белгилүү болду.

“Падыша жана башка жакын жана алыскы туугандар менен кеңешкен соң менин дарегиме айтылган айыптар Жогорку мартабалуу падышаны жана королдук үй-бүлөнү өз ишинен алаксытып жатат деген жыйынтыкка келдик”, - деп Эндрю билдиргенин Би-Би-Си жазып чыкты.

Герцогдуктан баш тартканы менен Эндрю ханзаада жана британ тактысынын мураскери бойдон калат. Азыркы тапта ал кезек боюнча тактынын сегизинчи мураскери деп эсептелет.

Эпштейнди сексуалдык эксплуатация үчүн адамдарды сатууга айыпташкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жашы жете электерди пайдаланып, аларды таасирдүү адамдарга берип турган. 2019-жылы финансистти камакка алышкан, бир ай өткөндөн кийин Эпштейн камерада өз жанын кыйган.

2021-жылы Виржиния Жуффре аттуу америкалык Эндрю менен Эпштейнди сексуалдык зомбулука айыптып чыккан. Анда Жуффре жашы жете элек кезинде Эпштейн Эндрю менен тааныштырып, сексуалдык мамиле түзүүнү уюштурганын билдирген. Жуффре быйыл өз жанын кыйган. Бирок ал жазып кеткен «Nobody's Girl» аттуу китеп кийинки аптада жарык көрөрү күтүлүүдө. Британиялык Guardian гезити бул китептен үзүндүлөрдү жарыялап, анда Виржиниянын ханзаада Эндрюну айыптаган маалыматтары камтылганы айтылган.

Ханзаада Эпштейн менен мамилелеш болгону менен Жуффренин айткандарын четке кагып келет.

65 жаштагы Эндрю учурдагы британ падышасы Чарльздын бир тууган иниси.

Шерине

XS
SM
MD
LG