Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

ХАМАС Израилге барымтада каза болгон дагы бир кишинин сөөгүн өткөрүп берди


Газа. Хан-Юнис шаары. Көмүлгөн сөөктөрдү издөө.
Газа. Хан-Юнис шаары. Көмүлгөн сөөктөрдү издөө.

АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган ХАМАС тобу 17-октябрдын кечинде Израилге барымтада каза болгон дагы бир кишинин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу AFP агенттиги Израилдин армиясы ЦАХАЛдын маалыматына таянып кабарлады.

Табыт буга чейинки сөөктөр өткөрүлүп берилген сыяктуу эле Израилдин колуна эл аралык Кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү аркылуу тийди. Алар сөөктү Газадагы израилдик аскерлерге өткөрүп беришти.

АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планында Израил Газа секторун аткылоосун токтотору, ХАМАС барымтада каза болгон 28 кишинин сөөгүн берери жана аман калган 20 кишини бошотору жазылган. Тирүүлөрү, сүйлөшүлгөндөй эле, 13-октябрда Израилге өткөрүлүп берилди, ал эми каза болгондор боюнча үч күндүк мөөнөт чегерилген. Бүгүнкү күнгө карата Израилдин колуна тогуз гана табыт тийди.

ХАМАС келишимдин шартын толук аткарганын билдирип, калгандарынын сөөгүн алып чыгыш үчүн атайын жабдык керек экенин айтууда.

Буга байланыштуу Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Газадагы согуштук аракеттер кайра башталышы ыктымал деп эскертти. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга эгер ХАМАС келишимди толук аткарбай турган болсо Газаны аткылоого уруксат берүү жагын караштырышы мүмкүн экенин билдирди.

Келишимге ылайык Израил 120 палестиндин сөөгүн өткөрүп берди жана Газада кармалган 1718 кишини, террорчулук үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, Израилдин түрмөлөрүндө жаткан 250 палестинди бошотту. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG