Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Иликтөөчү журналист Вадим Ночевкин каза болду


Вадим Ночевкин
Вадим Ночевкин

Бишкекте журналист Вадим Ночевкин каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарга жазышты. Маалыматка караганда, Ночевкин соңку учурда онкологиялык дарт менен ооруп жаткан.

60 жаштагы Вадим Ночевкин 35 жылдай журналист болуп иштеген. Узак убакыт орус тилдүү “Дело №” гезитинде эмгектенип, саясий, криминалдык жанрдагы макалаларды, иликтөөлөрдү жазганы менен белгилүү.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган.

Ал 1965-жылы 14-январда Бишкекте туулган. Илдетине байланыштуу быйыл жазында санаалаштары дарылоого каражат чогултуп, дарыгерлер жакшы жылыш бар экенин айтып жатышканын, өзү да бекем кайрат менен аракет кылып жатканын билдиришкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG