Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу маалымдады. Ар бир факт боюнча тийиштүү чара көрүлгөнү айтылды.
Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 12 448 айдоочу, ылдамдыкты ашырып айдаган 135 141, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган 6 185, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 716, авто ээнбаштык жасаган 1232, коопсуздук курун тагынбаган 112 29 айдоочу аныкталды.
Мындан тышкары, жөө жүргүнчү жана мопед башкаргандардын эреже бузуу фактысынан 28 603, жол белгилерине жана жол чийиндерине баш ийбеген 425 973 айдоочу катталды.
Белгилүү болгондой, Ички иштер министрлиги айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, документи жок жана ичкилик ичип машине айдагандарды жети, мас болуп жол кырсыгына кабылса 20 күнгө чейин камакка алуу сунушталды. Мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк албай туруп же таптакыр автоунаа башкарууга укугу жоктор мас болуп машине айдаса 10 күнгө камакка алуу каралган. Азыр ал жаза үч күндү түзөт.
Иштеп жаткан мыйзам боюнча мас абалында машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жазаны катаалдатып, мас айдоочуларды эки жылга, кийин ал жоругун дагы кайталаса төрт жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле айдоочунун автоунаасы убактылуу алынат. (KS)
Шерине