Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкек: Эки дарыядан жүз тонна таштанды чыкты, жээкти көрктөндүрүү долбоору даярдалууда


Аламүдүн дарыясы.
Аламүдүн дарыясы.

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы борбор калаанын аймагы аркылуу агып өткөн дарыялардын жээгин көрктөндүрүү боюнча атайын долбоорлорду даярдай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды.

Муниципалдык кызматтар Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нугун тазалап, жалпысынан 107 тонна таштанды алып чыкканы маалымдалды.

Аламүдүн дарыясынан 47 миң тоннадан ашык таштандыны атайын унаалар 2 миңдей рейс менен чыгарды. Ал эми Ала-Арча дарыясынан 60 миңге жакын тонна, башкача айтканда, ХОВО машинасы менен 3 миңдей каттам жасалып чыгарылды.

Бул дарыялардын ичи таштандыга, кум-ташка толуп калганы, эгер суу көп келсе жээктен ашып, үйлөрдү капташы мүмкүн деген маселе көптөгөн жылдардан бери айтылып, бирок капиталдык оңдоо, тазалоо иштери толук жүргүзүлбөй келген. Соңку жылдары мэрия жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракети менен аталган дарыялардын ичи тазаланып, көрктөндүрүү аракети көрүлө баштады.

Көйгөй тууралуу үчүнчү элдик курултайда да маселе көтөрүлүп, Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары жана Түштүк Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүү керек экени айтылган.

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын нугу да тазаланып, тегерек-четине салынган мыйзамсыз курулушутар алынууда. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG