Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Өкмөттүн өтөөсү, кадр саясатынын катасы


Солдон оңго: Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков. 16-ноябрь, 2017-жыл.
Солдон оңго: Эсенкул Момункулов, Сапар Исаков жана Артем Новиков. 16-ноябрь, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев кечээ "азыркы өкмөт бардык тармактар боюнча банкрот болду" деп катуу сынга алды. Сапар Исаков баштаган өкмөт кандай иштеп жатат? Аны кызматтан кетирүүгө кызыккан күчтөр барбы?

“Таза коом” программасы ташыркаган жокпу? Жаш кадрларга ишеним артуу үмүттү актап жатабы? Өкмөт натыйжалуу иштеши үчүн эмне кылыш керек? Ушул ж.б. суроолордун тегерегинде “Арай көз чарай” берүүбүздө кенен кеп кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси Талант Султанов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков катышты.

“Азаттык”: Равшан мырза, кечээ Жогорку Кеңеште "азыркы өкмөт бардык тарабынан банкрот болду" деп катуу сөз болду. Бул сындын негизи барбы же ал кезектеги популисттик пикирби?

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков: Менимче, бул сында кандайдыр бир деңгээлде популизм бар.

Депутаттар парламентте отуруп ушинтип айтып койгон учурлар болот. Убагында депутат болуп турганда мен да ушинтип айтып койчумун.

Бизде, Кыргызстандын соңку эгемендүүлүк тарыхында өкмөттү жалпы ишмердүүлүгү, кайсы бир олуттуу кемчилиги үчүн кызматтан кетиришкен эмес. Өкмөт дайыма саясий интригалардын айынан же президенттин тегерегиндегилердин кызыкчылыгына төп келбей калган учурда кеткен.

Мисалы, Өмүрбек Бабановду аттын шылтоосу менен, Жантөрө Сатыбалдиевди, Жоомарт Оторбаевди да башка интрига, оюндардын аркасы менен кетиришкен. Мына ушунун баары популизм.

Ал эми жалпы ишине келсек бизде натыйжалуу иштеген өкмөт болгон эмес. Биздин өкмөт саясий күч, өкмөт башчы саясий фигура катары иштебей, чарбалык жумуштар менен алек болуп келет. Өкмөттүн ийгиликтүү иштей албай жатканынын негизги себеби – ушул. Ошондой болсо да азыркы өкмөттүн анча-мынча аракети бар. Айрым технологиялык, кызмат көрсөтүү жаатында өкмөттүн иш кылалы деген ниети жакшы, жылыш бар. Бирок ишти туура эмес баштап алышты.

Биринчиден, өкмөт саясий орган, премьер-министр өз алдынча саясий фигура болушу керек. Өкмөт мамлекетте саясий реформаларды жасашы зарыл. Тилекке каршы, биздин өкмөт башчылар андай кадамдан коркот, андан айланып өткөндү оң көрөт. Эгерде коомдо таза сот жок, укук коргоо органдары коррупциялашкан болсо, кантип анан “Таза коомду” кура алабыз? Өкмөттүн мурдагыга караганда өз алдынча, толук натыйжалуу иштешине конституциялык укуктары жол берет.

“Азаттык”: Талант мырза, Жогорку Кеңеште эле эмес, коомчулукта өкмөткө карата айтылган сындардын негизгиси - “Таза коом” программасынын алкагындагы долбоорлордун ишке ашпай жатканы. Ошол “Акылдуу шаардын” ишке ашпай жатканынын себебин эмнеден көрөсүз?

Талант Султанов.
Талант Султанов.

Талант Султанов: Азыр өкмөт катуу иштеп жатат. Оппозициянын сын айтып отурганы да жакшы көрүнүш.

Парламенттеги оппозиция өкмөттү сындап турушу керек. Бирок айтылган сын негиздүүбү - ал башка маселе, биз жооп беришибиз керек.

Тилекке каршы, Кыргызстандын тарыхында өкмөттү бир жыл иштетпей эле кызматтан кетирүү адат болуп калды. Бул жагынан Гиннесстин китебине кирели деп калдык. Өкмөт алмашкан сайын экономика артка кетип жатат.

“Акылдуу шаар” – “Таза коом” программасынын бир долбоору. Бул максатыбыз туура ишке ашуусу үчүн биз аны так, даана пландаштыра билишибиз керек. Кытай компаниясы милдеттенмелерин аткарбай койгону үчүн аны менен келишимди токтоттук. Эми бул долбоорду өз күчүбүз менен бүтүрөбүз. “Таза коом” иштебей жатат дегенге болбойт, Мамлекеттик каттоо кызматында, МАИ тармагында жылыштар бар.

Кыргызстандын тарыхында өкмөттү бир жыл иштетпей эле кызматтан кетирүү адат болуп калды. Бул жагынан Гиннесстин китебине кирели деп калдык.
Талант Султанов

“Азаттык”: Равшан мырза, өкмөттүн ишине коюлуп жаткан кинелердин бири - кадрлык башаламандык, алардын тез-тез алмашуусу. Жаңы өкмөт кадрларды тандоодо чабалдык кылып жатабы же саясий күчтөрдүн тирешүүсүнөн жетекчилер токтобой жатабы?

Равшан Жээнбеков: Азыркы өкмөт деле мурдагылардай эле туруктуу эмес. Эгер кандайдыр саясий себептер болсо, өкмөттү кызматтан кетирип коюу жеңил. Жаңылбасам, депутаттардын 51 пайызы менен эле кызматтан кетирсе болот.

Азыр интригалар башталып, эки президенттин ортосундагы айрым кайчы мамилелердин терс таасири өкмөткө да тийип жатат. Анткени азыркы президенттин айланасындагылар өкмөткө келүүгө кызыкчылыгы бар. Аларга президенттик шайлоодо чоң жардам бергендер кызматтарга келүүнү эңсеп жатышат. “Биз да бийликке келели” деп шарт коюшууда. Ошондон улам айтарым - өкмөттө бир аз туруктуулук бузулууда.

“Азаттык”: Сапар Исаков премьерлик кызматка келгенде жаштарга көбүрөөк басым жасарын айтып, бир топ жетекчилик орундарга отуздун кырындагы жаштарды койду эле. Андан натыйжа болуп жатабы?

Өкмөт деген өтө татаал механизм. Жаштар кандай гана мыкты окуу жайды бүтпөсүн, өкмөттүн түпкү маңызын билбейт, маанилүү маселени чече албайт.
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков: Сапар Исаков баштаган өкмөттө бир аз жылыш бар дегеним – дүйнөнүн мыкты университеттеринен билим алган жаштарды ишке тартып жаткандыгы. Алар премьер-министрди коомго ачык болууга, элге жакын болууга үндөп жатышат.

Бирок өкмөт деген өтө татаал механизм. Жаштар кандай гана мыкты окуу жайды бүтпөсүн, өкмөттүн түпкү маңызын билбейт, маанилүү маселени чече албайт. Маселе башка жерде чечилет. Маселе резиденцияда, кабинетте же жөн эле бир кагазды киргизип кол койдуруп ала койгондо чечилип жатпайбы. Ал эми билимдүү, акылдуу балдардын ойлору, сунуштары ишке ашпай, токтоп калышы мүмкүн...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз

Өкмөт ташыркаган жокпу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:44 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG