14-ноябрга караган түнү Орусиянын Новороссийск шаарындагы мунай базасы, алты үй, жарандык кеме жана Кара деңиздин жээгиндеги бир катар жайлар дрон чабуулдарынан жабыркады. Бул тууралуу Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев билдирди.
Ал дрондордун сыныктарынан "Шесхарис" мунай терминалынын базасы да жабыркаганын кошумчалады. Андан тышкары Новороссийск портунда жарандык кемеге дрондун сыныгы тийип, үч адам жараат алган. Кондратьев чабуул үчүн украин армиясын күнөөлөдү.
Украина президенти Владимир Зеленский украин армиясы түнү "Нептун" ракеталарынын алыс аралыкка учуучу түрү менен Орусиянын аймагындагы "айрым объектилерге" сокку урганын ырастады. Бирок алардын арасында Новороссийск бар-жогун тактаган жок.
Новороссийск мэри Андрей Кравченко украин соккусунан кийин шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.
Шесхарис районунда жайгашкан деңиз мунай терминалы Орусиянын түштүгүндөгү эң ири мунай жана мунай продуктыларын кайра жүктөө комплекстеринин бири.
Терминал ошондой эле Казакстан мунайын экспорттоодо колдонулат.
Reuters агенттиги эки булагына таянып "Транснефть" Новороссийск портуна мунай айдаганды убактылуу токтотконун кабарлады. Компания расмий түрдө комментарий берүүдөн баш тартты.
Кондратьев Краснодар крайынын жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүүнү тапшырганын кошумчалады. Новороссийскте бир нече жерде тутанган өрттү өчүрүүгө 172 куткаруучу жана 51 техника тартылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү Краснодар крайынын үстүндө 66 дронду, ал эми Кара деңиз үстүндө дагы 59 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Андан бери дээрлик күн сайын орус армиясы Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. Украин армиясы Москванын армиясын камсыздап жатат деген жүйө менен Орусиядагы мунай базаларга дрон менен чабуул коюуда.
Шерине