Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Садыр Жапаров бардык өкмөттүк мекемелерде электр энергиясын үнөмдөөнү тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бардык министрлерге, мамлекеттик мекемелердин башчыларына, облустардагы өкүлдөрүнө электр энергиясын үнөмдөө тууралуу тапшырма берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына президенттин Вотсап аркылуу берген тапшырмасынын текстин толугу менен жарыялады.

“Жарыкты үнөмдөө боюнча тапшырманы туура эмес түшүнүп жатасыңарбы, билбейм. Айтор, жеке жактардын, майда-чүйдө бизнестердин жарыгына асылып баштабагыла. Элди дүрбөтүп аябай эле ажиотаж кылып жибердиңер. Шайлоодо бир нерсе кылалы деген саботаж күчтөр барбы араңарда, билбейм. Андай күчтөр көчөдө толтура. Ошолордун чырагына май тамызып жатасыңар. Тапшырманын эң негизги максаты биринчи кезекте өкмөттүк мекемелерден, айыл өкмөттөрдөн баштап Ынтымак-Ордого чейин жарыкты 18:00дөн кийин өчүрүп кетүү болчу. Ар бир жетекчи өзүнүн карамагындагы мекеме-ишканаларды карап, көзөмөл кылыңыздар. Айрыкча мектептер, окуу жайлар үнөмдөбөй жатышат. Облустагы өкүлдөр акимдерди, акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр территорияңардагы мектеп, бала бакчаларды текшерип, күндө карап контроль кылып туруңуздар! Кимдин аймагында өкмөттүк имараттардын жарыгы күйүп турса, аны иштебей жатат деп билебиз. Иштебеген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Жеке жактарга тийбегиле. Коркпогула, энергия жетет. НЭСК министрлик менен кеңешпей туруп ызы-чуу кылып жиберди да”,-деп жазган Жапаров.

Мунун алдында Садыр Жапаров негизинен Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин талаш-талкуу, нааразылык жараткан түнкү рейддери үчүн сынга алган. Анда электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык мыйзамын” камсыздоого байланыштуу тапшырманы ашкере аткарып, “бөрк ал десе баш алып” жатканын билдирген.

Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы маегинде “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алган. Анда саат 22:00дон таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирген. Ташиев президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуну тапшырган.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр киргизилди.

Шерине

XS
SM
MD
LG