Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

БШК эки талапкерге айып пул салып, дагы бирөөнө эскертүү берди


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого талапкерлер Курманкул Зулушев менен Жылдыз Садырбаевага үгүт жүргүзүү эрежесин бузганы үчүн айып пул салып, дагы бир талапкер Илимбек Кубанычбековго эскертүү берди. Бул тууралуу БШК кабарлады.

“БШКнын Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумуш тобунун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында Фейсбукта Нурба Айыл аттуу колдонуучунун баракчасына жарыяланган фото жана видеоматериалдар менен № 10 шайлоо округунан талапкер Курманкул Зулушев үгүт шартын бузганы аныкталган. № 21 шайлоо округунан талапкер Жылдыз Садырбаеванын Инстаграмдагы баракчасына жарыяланган фото жана видеоматериалдары менен үгүт шартын бузганы аныкталган. Аларга укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, айып пул салынды. № 7 шайлоо округунан талапкер Илимбек Кубанычбеков шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузганы тууралуу материалдар Ош облусундагы Кара-Суу милициясынан түшкөн. Анда Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына кире бериштеги аркага Кубанычбековдун үгүт баннери орнотулганы үчүн ага эскертүү берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна талапкер болуп катталгандарга кайрылып, шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү жана шайлоонун башка катышуучуларынын кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбей турганын эскерткен.

Бул шайлоонун үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталган жана 29-ноябрда аяктайт. Кыргызстанда жалпы 30 шайлоо округунан 460тан ашык талапкер катталган.



Шерине

XS
SM
MD
LG