Түндүк Кореянын жоокерлери Орусиянын Курск облусун минадан тазалоо иштеринде маанилүү роль ойноп жатышат. Бул тууралуу 14-ноябрда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Мекеме жарыялаган видеодо түндүк кореялык жоокерлерге ар кандай мина түрлөрү жана аларды табуу ыкмалары көрсөтүлүп, машыгуудан өтүп жатышканын көрүүгө болот.
"Булар мыкты жигиттер. Тез үйрөнүшөт, кунт коюп угушат, жазып алышат", -дейт орус командачыларынын бири.
Орусиянын "Красная Звезда" аскердик басылмасы Курск облусунда орусиялык жана түндүк кореялык аскерлер Украина күчтөрү таштап кеткен "болуп көрбөгөндөй көп сандагы" миналарга туш болуп жатышканын жазды.
Курск облусунун Большесолдатский районундагы 64 конуштун 37си мина коркунучунан улам дагы эле жарандар үчүн жабык экени кабарланды.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва түндүк кореялык аскерлерге ыраазы экенин билдирди.
"Биз бул жардамды унутпайбыз. Иш уланып жатат. Ал өтө кооптуу жана оор, бирок кореялык досторубуз чын дилден көмөктөшүүдө, биз муну абдан жогору баалайбыз", — деди ал.
Эки өлкө ортосундагы өз ара коргонуу келишимине ылайык, расмий Пхеньян өткөн жылы болжол менен 14 миңдей аскерин Курскка жөнөткөн.
Түштүк Кореянын, Украинанын жана Батыш мамлекеттеринин маалыматына караганда, алардын алты миңден ашууну курман болгон.
2024-жылдын августунда украин күчтөрү чек арадан өтүп барып, аймактын бир топ бөлүгүн бир нече ай кармап турушкан.
Президент Владимир Путин быйыл апрелде түндүк кореялыктардын жардамы менен украин күчтөрү толугу менен сүрүлүп чыгарылганын айткан.
Шерине