Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болду


Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев.

Президент Садыр Жапаров Кудайберген Базарбаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындады. Ал мындай жарлыкка 14-ноябрда кол койду.

Базарбаев ага чейин 2023-жылдын сентябрынан тартып Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеп келген. Ал бул кызматка эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулгандан кийин дайындалган.

Кыргызстандын Казакстандагы буга чейинки элчиси Дастан Дүйшекеев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бошотулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG