Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Сергей жана Светлана Тихановскийлер Магнитский сыйлыгынын лауреаты болушту


Бозгундагы Беларус демократиялык күчтөрүнүн лидери Светлана Тихановская жана анын күйөөсү, мурдагы саясий туткун, блогер Сергей Тихановский журналисттерге, саясатчыларга жана укук коргоочуларга берилүүчү Сергей Магнитский атындагы сыйлыктын лауреаттары болушту.

Жубайлар бул сыйлыгын беларус саясий туткундардын урматына арнашты.

"Бул сыйлыкты 1300 саясий туткунга арнайбыз. Алар мекенине жана эркиндикке болгон сүйүүсү үчүн барымтага алынган адамдар", — деди Тихановская Лондондо өткөн сыйлык тапшыруу аземинде.

Ал ошондой эле Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкийди атап өттү. Тихановскаянын айтымында, Беляцкий "түрмөдө да эркин, Европага багыт алган Беларус тууралуу кыялдууну улантат".

2020-жылдагы Беларустагы нааразылык акцияларынын символдорунун бири болгон Мария Колесникованын да ысымы аталды. Аны өлкөдөн күчтөп чыгарууга аракет кылышканда паспортун айрып, мекенинен кетүүдөн баш тарткан.

Сергей Тихановский аземге катышкан жок. Ал Вильнюста британ визасын алууга үлгүрбөй калган. Сыйлыкты Светлана Тихановскаяга орусиялык укук коргоочу Владимир Кара-Мурза тапшырды.

Сергей Магнитский атындагы сыйлык 2015-жылы негизделген. Ал "кайраттуу журналисттерге, саясатчыларга жана адам укуктарын коргоо жаатындагы активисттерге" ыйгарылат.

Буга чейин бул сыйлыктын лауреаттарынын арасында орусиялык оппозиционер Борис Немцов, украин режиссеру Олег Сенцов, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мария Ресса, ошондой эле орус оппозициясынын лидери, маркум Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG