Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Франциянын президенти Иранды айыптады


Француз президенти Эммануэл Макрон өткөн апта соңунда йемендик козголоңчулар Саудиянын баш калаасы Эр-Риядга аткан ракета боюнча Иранды күнөөлөдү. Мындан улам Макрон Тегеран менен сүйлөшүү керектигин белгиледи.

Макрон чукул жарыяланган сапары маалында 9-ноябрда Сауди ханзаадасы Мохаммед бин Салман менен сүйлөшүү өткөрүп, Сауд Арабия менен Иран ортосундагы чыңалууну талкуулашты.

"Бүгүн эртең менен Риядга барып тактынын мураскери ханзаада менен жолугушууну чечтим. Бул биздин алгачкы кездешүүбүз болмокчу. Бир катар регионалдык маселелерди, анын ичинде Йемен жана Ливандагы кырдаалды талкуулайбыз", - деди Эр-Риядга аттанардын алдында Макрон. Анын алдында француз президенти Бириккен Араб Эмираттарына барган.

Саудиядагы коррупциялык жаңжалдарды комментарийлөөдөн баш тарткан Макрон аймактагы стабилдүүлүк үчүн падышалык менен иштешүү зарыл экенин айтты. Макрон йемендик козголоңчуларды ракета менен Иран камсыздаганын, бул алардын ракета программасы канчалык кубаттуу экенин ырастай турганын белгиледи.

4-ноябрда атылган баллистикалык ракета Эр-Рияддын эл аралык аэропортунун жанына түшкөн. Ошондон кийин ханзаада Салман муну согуш аракети катары баалоого болорун айтып, ракета менен Тегеран жабдыган деп күнөөлөгөн. Мындай айыптоолорго АКШ да кошулуп, маселени 7-ноябрда БУУда козгогон жана Ирандын Йемендеги өнөктөштөрүн мыйзамсыз курал-жарак менен камсыздоону токтоттурууну талап кылган.

Бул визити менен Макрон өзүн эл аралык арачы катары көргөзгүсү келет. Буга чейин президент АКШ менен Ирандын 2015-жылкы атомдук келишим боюнча талаш-тартышында да ортомчу болууга аракеттене турганын айтып келген.

Риядга атылган ракета үчүн Тегеранды сындаганы менен Макрон Франция ошол келишимди жактаарын да белгиледи.

"Биз ал макулдашуудан баш тартсак, дароо кырдаал көзөмөлдөн чыгып же согуш тутанышы ыктымал", - деди Франция мамлекет башчысы.

Макрон ошондой эле кийинки жылы Иранга визит жасоону пландап жатканын айтты. Анда 1971-жылдан бери ал өлкөгө барган биринчи президент болуп калмакчы.

Ал тапта Сауд Арабиянын бийликтери Ливанда жүргөн жарандарын ал өлкөдөн кетүүгө чакырды. Эки мамлекеттин мамилелери өткөн ишембиде Эр-Рияд колдогон Ливандын өкмөт башчысы Саад Харири Сауд Арабияда жүргөн жеринен өз өмүрү үчүн кооптонгондуктан кызматтан кеткенин жарыялаган. Көп узабай жогоруда сөз болгон ракета атылып, Сауд Арабия мунун артында Ливандагы шииттердин "Хезболла" уюму турат деп айыптаган.

Ливандыктар алардын өлкөсү суннит Сауд Арабия менен шиит Иран ортосундагы жаңжалга кириптер болуп калышы мүмкүн деп чочулашат.

Хариринин тагдыры да бүдөмүк калууда. Ливан өкмөтүндөгү эки жогорку өкүл Рияд экс-премьерди туткунда кармоодо деп билдиришсе, дагы бирөө Харири Саудияда жүргөндө аны падышалык бийлик кызматынан кетүүгө мажбурлашкан жана үй камагында кармашууда деди.

Саудия бийликтери муну танганы менен экс-премьер өзү эки жакка жүрүүсү чектелгенин моюнга алды.

Харири жетектеген партиянын мүчөсү, мурдагы өкмөт башчы Фуад Синиора аны мекенине кайтууга чакырды:

- Улуттук лидер, премьер-министрдин кайтып келиши Ливандагы ички жана сырткы тең салмактуулукту сактоо, Ливандын Конституциясын, мыйзамдарын, жарандык согушка чекит койгон келишимди урматтоо үчүн өтө зарыл.

Франция мурдагы колониясы Ливан менен салттуу түрдө жакшы мамилелерди сактап келатат, Харири болсо көп жыл Парижде жашаган.

Буга чейин Дубайдагы маалымат жыйынында Макрон Харири менен расмий эмес байланыш бар экенин, бирок аны Францияга өткөрүүнү сурашпаганын айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG