Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Евробиримдик Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун активин камакка алдыбы?


Economist.kg басылмасы Европа Биримдиги Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун активдерин камакка алганын жазып чыкты. Медиа муну чечүү үчүн Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү Брюсселге барып келгенин маалымдады.

Фонд жетекчилиги жана тиешелүү министрлер маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Кыргыз компанияларына каржылык колдоо көрсөткөн фонд 2014-жылы Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен ачылган.

Алгачкы каңшаар

Жергиликтүү Economist.kg сайты Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдеринин камакка алынышы боюнча кабарды өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен кабарлады.

Басылманын билдиришинче, Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Европа Биримдигинин жетекчилиги менен фонддун активдерине коюлган бөгөттү алуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

“МинКаб белгиялык Euroclear Bank S.A./N.V. каржы мекемесинин түзүмүндө тоңдурулган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдеринин маселеси боюнча Европа Биримдигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Брюсселге делегация жөнөттү. Делегациянын курамына экономика министри Данияр Амангелдиев, финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирди. Ошондой эле Министрлер кабинетинин жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү да бар”, – деп жазды аталган медиа.

Басылма билдиргендей, делегация Европага 18-июнда кеткен жана кабар чыккан 22-июнь күнү да ошол жакта болгон. Бирок бул тууралуу маалыматты өкмөт мүчөлөрү да, фонддун жетекчилиги да ырастаган жок. Ошол эле маалда алар кабарды төгүндөй да элек.

Артем Новиков
Артем Новиков

“Азаттык” 23-июнда фонддун жетекчиси Артем Новиковго кайрылганда, ал эч нерсе айта албай турганын билдирди:

“Мен жумуш ордумда элемин. Соңку бир апта эч жакка учкан жокмун. Мындан башка эч нерсе айта албайм”, – деди ал.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге байланышканыбызда, ал да фонддун активдерине байланыштуу маалыматы жок экенин айтты. Министр ушул күндөрү Европага барып келгенин ырастап, бирок өкмөттүн делегациясы Францияда Париж клубунун жыйынына катышканын тактады.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Менде азырынча бул жөнүндө эч кандай маалымат жок. Мен Париж клубуна бардым”, – деди Данияр Амангелдиев.

Париж клубу мамлекеттик карыздарды кечүү жана реструктуризациялоо боюнча маселелерди караган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы бейрасмий уюм.

Кыргызстан анын жаңы отурумунда карыздарды экологиялык жана социалдык маанилүү долбоорлорго алмашууну сунуштаган. Ага катышкан өкмөттүк делегация Бишкекке 23-июнда кайтып келгенин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ыктымал санкциянын карааны

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Алгач фонд 500 миллион доллар уставдык капитал менен иш баштаган. Кийин дагы ушунча сумма кошулуп, кыргыз ишкерлерине жалпы 1 млрд. долларлык насыя берилери маалымдалган.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун сайтында жазылгандай, 2023-жылдын 1-майына карата фонд 518 миллион долларлык 3317 долбоорду каржылаган.

Компаниянын отчётторунда көрүнүп тургандай, алар бул аралыкта калган каражаттарды мамлекеттик жана корпоративдик эмитенттердин баалуу кагаздарын алып-сатууга, ошондой эле эл аралык финансылык институттардын насыялык инструменттерине салып, айлантып турган.

Бельгияда тоңдурулган активдер ошол каражаттар болушу мүмкүн экен. Анткени Бельгиянын Euroclear компаниясы баалуу кагаздарды алып-сатуу, сактоо жана баалуу кагаздар активдерин тейлөө менен алектенген компания экени маалым.

Фонд жаңы ачылган учурда анын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп, кийин башкармалыктын мүчөсү болуп кеткен Аймен Касенов буларга токтолду:

Аймен Касенов
Аймен Касенов

“Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иштөө регламентине ылайык, бош турган акчаны Орусиянын мунай компанияларынын акцияларына жумшап турууга укугу бар болчу. Себеби, долбоорлорго берилгенге чейин акча жөн эле туруп калып жатпайбы, а ал жакка салынса киреше алып турат. Кыргызстанда долбоорлорго салууга акча керек болсо, ал акцияны сатып жиберип, чыгарып алышчу. Мен билгенден акча Орусияда айлантылып турушу керек эле. Ал кантип Бельгияга барып калды, мен түшүнө албай жатам. Баалуу кагаздарды алып-сатып жатканына кабарым жок. Эгер чоң сумма болсо, “ушунча убакыттан бери ал эмне үчүн биздин ишкерлерге таратылган эмес?” деген суроо келип чыгат. Эмдигиче баарын кыргыз экономикасын салыш керек болчу. Азыр кандай болгон күндө да, актив тоңдурулуп калган болсо, аны сүйлөшүү жолу менен алып келиш керек. Алар Орусияга санкция салганы менен, бизге, Кыргызстанга санкция салган жок да. А бул фонддун аты эле болбосо Орусия акчаны бизге берген, Кыргызстандын Улуттук банкына келип түшүп, фондго өткөрүлгөн каражат. Бул биздин акча, ошону Европанын тиешелүү органдарына жакшылап түшүндүрүш керек”.


Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун былтыр жылды аяктаган отчётун карасак, 2021-жылдын 31-декабрына карата фонддун 340 миллион доллары инвестициялык баалуу кагаздарга салынган. 2022-жылдын 31-декабрында бул багытка салынган сумма 80 миллион долларга түшүп калган.

Мындан сырткары “башка активдер” деген бөлүктө дагы 153 миллион доллар турары көрсөтүлгөн. Балким азыр мына ушул суммалар тууралуу кеп болуп жатышы ыктымал.

Финансы тармагы боюнча эксперт Асланбек Кененбаев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Асланбек Кененбаев
Асланбек Кененбаев

“Кыргызстанда жакшы компаниялар аз, компетенттүү ишкерлер жетишсиз, мыкты долбоорлор сейрек. Ошол себептүү Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна татыктуу долбоорлор аз болуп, алар каражатын тарата албай отурушканынан кабарым бар. Анан акча жата бербеш керек, иштеш керек да. Кыргызстанда аны жүгүртүп тура турган валюталык инструмент жок. Ошондуктан алар Евробонддорду же башка бир финансылык институттар аркылуу баалуу кагаздар менен иштеп турушкан окшойт. Бирок алар эмне үчүн Европанын институттарына салышканы мен үчүн таң калычтуу. Анткени бул Орусиянын фонду, а Батыш, Европа өлкөлөрү Орусияга байланыштуу бардык компанияларга санкция салып жатканын билишет да. Фонддун жетекчилиги буга инвестиция салышканда эле ошондой коркунуч бар экенин түшүнүшү керек болчу. Демек, алар алысты көрө алышкан эмес экен. Азыр Орусия менен байланышкан компаниялардын баарында тобокелчиликтер жаралып жатат. Мисалы, кыргыз банктарынын Директорлор кеңешинде орусиянын жараны болсо дароо көйгөй чыгууда. Ошону үчүн биздин банктар Орусияда эмес, Кытайда, Түштүк Кореяда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө корреспонденттик эсептерин ачып, ошолор аркылуу валюталар менен иштөөгө аракет кылууда”.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттер Орусияга каршы санкцияларын тогуз-он жыл мурда сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр.


Орусия ортодо андай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы мамлекеттер аркылуу жүргүзө баштаган. Орус жарандары да Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан же Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерге өтүп, өздөрүндө ала албаган банк карталарын ошол жактан алып жаткан. Орусияга евро же доллар банкнотторун ташып келүүгө тыюу салынганы үчүн алар чет элдик валюталарды да ушул өлкөлөрдөн сатып алып турушту.

Мына ушундан улам Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга санкцияларды буйтоого жардам берип жаткан өлкөлөргө да санкция салууну демилгелешкен. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга бир нече жолу эскертүү берген. Ал тургай май айында АКШ кыргызстандык бир компанияны санкциялык тизмеге киргизди.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков ошондон кийин Орусиянын “РИА Новости” агенттигине маек куруп, бул санкциялардын кыргыз бизнесине коркунучу жоктугун айткан эле:

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кагаздарын кармап турган киши.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кагаздарын кармап турган киши.

“Биздин өлкөнүн экономикасы, өндүрүштүк ишмердүүлүк жалпысынан ЕАЭБдин рыногуна багытталган. Кыргыз компаниясына санкция салынган учур, бул жалпы жайылган жагдай эмес, бул бирден-бир эле окуя. Кандайдыр бир жеке компаниялар кырдаалдан пайдаланып жатышы ыктымал, балким ошондуктан мындай чаранын колдонулушу туурадыр. Бирок Орусиянын рыногуна жеткирилип жаткан товарлардын көпчүлүк бөлүгү бул кыргыз компанияларынын өздөрүнүн өндүрүшүнөн чыккан өндүрүм. Ички инвестициялардын өтө чоң бөлүгү экономиканын негизги секторлоруна – айыл чарба, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү, өндүрүш товарларын чыгаруу жана башка жумшалып жатат. Ушуну эске алганда санкциядан буйтоого жол берген кандайдыр бир чараларды көрүүнүн зарылдыгын көрбөй турабыз. Себеби, Орусия Федерациясынын рыногу бошоп жатат, а кыргыз компаниялары ошол уникалдуу мүмкүнчүлүктү пайдаланып, орус рыногунан чыгып кетип жаткан европалык компаниялардын ордун ээлеп жатышат. Жеңил өнөр жайды эле алсак, азыр маселен Кыргыз Республикасынын тигүү цехтерине жарым жылга чейин буйрутмага толуп калды. Алардын баары Орусиянын рыногуна иштешүүдө”.

Июндун башында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Бишкекке келген учурда да санкциялардан буйтагандарга чара көрүлөрүн айткан. Ушул күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер да президент Садыр Жапаров менен жолугушууда ушул меселеге кайрылды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG