Жогорку Кеңеш 5-февралдагы отурумунда буга чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерлик кызматка жактырды. Эми аны президент бекитет.
Өкмөт Асрандиевдин экономика, инвестиция жана ЕАЭБдеги иштерди тартып кетерине ишеним артып турат. Бул тууралуу анын талапкерлигин парламентке сунуш кылган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да ачык эле айтты:
«Асрандиев Орус-кыргыз фондун башкарып, орусиялык кесиптештер, финансы министрлери, алардын орун басарлары жана башка адистер менен сүйлөшүп, маселе чечүүдө тажрыйбасы көп. Бизде уюмдагы экономикалык маселелердин көбү Орусия менен байланыштуу болууда. Ошондуктан ишенимибиз күч, билими, тажрыйбасы толук ушул багытта керек болот деп ойлойм. Буга ошол милдетти татыктуу, толугу менен аткарат деп ишенебиз».
Өкмөт башчы экономикалык биримдиктеги айрым бир ири мамлекет аралык келишимдерге карабай, өкүмзордугун көрсөтүп жатканын депутаттарга даттанды:
«Бул жерде «чоң мамлекет чоң чечет, кичине мамлекет баш ийет» болуп жатат. «Менин чек арамда менин ыйгарым укуктарым көп» деген мамиле. Мен муну казак премьер-министри Маминге да ачык айттым. Жакшы жетишкендиктер бар, бирок элге бут тосмой, акча которууну азайтмай, кирип жаткан товарларды кайра текшермей бар. Мисалы, Европа Биримдигинде чечимдер бардык мамлекеттерде аткарылышы керек, ал эми бизде чечим чыгарып, аткарбай жатабыз - бузуп, чек араны тосуп».
Вице-премьерликке талапкерлиги коюлуп жаткан Эркин Асрандиев депутаттарга алдыда үч багытка бөлүнгөн планы бар экенин айтты:
«Биринчиси - ЕАЭБдеги маселелер. Экинчиси - инвестиция тартуу, үчүнчүсү - ишкерликти өнүктүрүү. Мунун ичинде кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө аракет кылам».
Ал бул аракеттерин ишке ашыруу жолдорун азырынча чечмелеген жок. Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна башчы болгонго чейин «Айыл банкты» жетектеп турган.
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко өкмөттүн ишине канааттанбайт. Ал бул тууралуу Асрандиевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда айтты:
«Өкмөт билеби же билбейби, бирок коом силердин аракетсиздигиңерден чарчады. Азыркы көйгөйлөрдү шайлоодон кийин келчү өкмөткө калтырууга аракет кылып жатасыңар. Коомдо мына ушундай түшүнүк бар».
Абылгазиев депутаттын бул сынына жооп кайтарып, шайлоону күткөн маанай болбогонун, өкмөт өз ишин аткарып жатканын билдирди.
Кыргызстан Орусияга ыктаган экономикалык интеграцияга 2015-жылы толук мүчө болуп кирген. Бир катар жергиликтүү эксперттер уюмдан Кыргызстандын экономикасына пайдага караганда зыяны көбүрөөк болуп калганын, өнөктөш өлкөлөр расмий Бишкекке теңата мамиле кылгысы келбей турганын айтып чыгышкан.
Ошентсе да ишкер чөйрөдө Асрандиевдин так ушул ЕАЭБдеги абалды оңдоо үчүн вице-премьерлик кызматка келиши колдоого алынууда. Агроөнөр жайды өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темир Ажикулов буларды белгиледи:
«Эркин Асрандиевдин мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы болбошу мүмкүн, бирок ЕАЭБ көйгөйүн ишкердин көзү менен көрүп, биздин болобу, өнөктөш өлкөлөрдүн аткаминерлери болобу, маселени жеткире билип, ал көйгөйлөрдү чечүү жолдорун таба алат деп ишенем. Бирок, канчалык деңгээлде анын ыйгарым укугу же саясий күчү жетет, бул башка маселе. Анткени ал жерде бир эле Асрандиевдин аброю эмес, жалпы мамлекеттин абийири жатат».
Асрандиев вице-премьер-министрлик кызмат менен кошо сырткы экономикалык саясатты жана ЕАЭБдеги абалды тескөө милдетин аркалай алат деген ишеничти Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев да белгиледи:
«Эң башкысы - бул тармакты түшүнгөн адам келди. Мен ЕАЭБдеги экономикалык комиссиянын башкаларга теңата мамиле кылып, иштешинен да шекшийм. Себеби, Кыргызстанга карата чектөө-азайтууларга келгенде биздикилер каяша сөз айта алышпайт. Анткени, алар түшүнбөйт. Ал маселени экономика-финансы жаатында түшүнүгү жок адам кантип сүйлөшө алат?».
Пайдасынан зыяны
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 5-февралда парламентте билдиргени боюнча, өлкөнүн ЕАЭБге киргени экономикалык өсүшкө таасирин тийгизди. Премьер-министр буга мисал катары былтыркы бюджет мурунку жылдан 5,7% көбөйгөнүн, Кыргызстан мал чарба азыктарын сатууга уруксат алганын, мигранттар социалдык коргоого ээ болуп жатканын белгиледи.
31-январда кыргыз-казак өкмөт башчылары Алматы шаарында жолугуп, ЕАЭБдин эрежелери, аны аткаруу боюнча, анын ичинде чек арадан жүк ташуу маселесиндеги эки ача мамилени талкуулашкан. Анда жыл жаңыргандан көп өтпөй, чек арадагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалар тыгынынан улам ЕАЭБ эрежелери боюнча эки тараптын жүйөлөрү ортого салынган.
Ага чейин чек арадагы тыгынга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.
Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган.
Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап жүк ташуучу автоунааларды түрдүү себептер менен өткөрбөй кармаган учурлар мурунку жылдары да катталган. Мындан тышкары, жергиликтүү эксперттер Кыргызстан төрт жылдан ашуун убактан бери уюмдагы тариф жеңилдиктеринен пайдалана албай келе жатканын, бажыдан түшкөн каражаттан Кыргызстанга аз бөлүнөрүн жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү кыйынчылыктар көбөйүп жатканын белгилеп келишет. Алардын пикиринде Кыргызстан кызыкчылыгын коргой албай, ири өнөктөштөрдүн түрдүү бут тосууларынан жабыркаган ишкерлердин да кенемтесин төлөтө албай алсыздыгын көрсөтүүдө.