Бул сентябрь айында өтчү Азияда оюндарына даярдыктын алкагында жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Байкоочулар соңку кездери тилемчилик кылган балдар көбөйгөнүн, арасында майыптар басымдуулук кыларын, бийлик адатта кайырчылар маселесине көз жумду мамиле жасарын белгилешет.
Жергиликтүү баяндамачы Аманмурат Бугаевдин айтымында, кайыр сураган тилемчи балдарды Ашхабаддын негизги көчөлөрүнөн, май куючу жайлардын жанынын жолуктурууга болот:
- Адатта мындай балдар полицияга кармалганда алгач өзүнө, экинчи жолу түшкөндө ата-энесине эскертүү берилет. Ал эми бул бир канча жолу кайталанса атайын протокол толтурулат. Түркмөн мыйзамдары боюнча, баланы кайыр сураганга мажбурлоо кылмыш болуп эсептелет.
Бийлик полициянын мындай чарасына түшүндүрмө берген жок. Расмий Ашхабад тилемчилик кылган балдар, алардын арасындагы майып жеткинчектер маселесин кеп кылууну каалабайт. Кайыр сурагандар тууралуу улуттук жалпыга маалымдоо каражаттар дагы айтпайт.
Полициядагы өспүрүмдөр менен иштөө департаментинин атын атабоону өтүнгөн өкүлү мындай чаралар Ашхабаддагы Азияда-2017 оюндарына көрүлгөн даярдык менен байланыштуу экенин бышыктады:
- Тилемчилик кылган майып балдар бардык эле өлкөнүн, анын ичинде Түркмөнстандын да кадыр-баркына шек келтирет. Ошондуктан кайырчы балдарга карата чаранын күчөгөнүнүн башкы себеби өлкөнүн имиджин буза турган нерселерден арылуу менен байланыштуу.
Байкоочулардын баамында, акыркы кездери өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык көбөйдү.
Ал арада майып уулун арабага салып тилемчилик кылып жүргөн аял мындан башка киреше булагы жоктугун билдирди:
- Майып баламдан башка дагы үч балам бар. Ушуга ай сайын берилчү жөлөк пул менен гана жан багабыз. Биз анын эсебинен жашап жатабыз. Бул акча эч нерсеге деле жетпейт. Жумуш болгондо иштейт элек. Ошондуктан майып уулумду көчөгө чыгарып, кайрымдуу адамдардан жардам сурагандан башка аргам жок. Балама эгер берсе ал, болбосо жалдырап сураба деп айтам.
Түркмөнстандын Пенсиялык фондунун соңку, 2015-жылдагы маалыматы боюнча, өлкөдө 122 миңге жакын майып адам бар жана алардын 34 миңдейин балдар түзөт.
Расмий Ашхабад Азияда оюндарына карата дагы бир катар чараларды киргизген. Мисалы борбор шаарда жана аймактарда жергиликтүү тургундардын жана чет өлкөлүк жарандардын ары-бери каттоосуна чектөө коюлган. Абакта отуруп чыккандарга спорттук иш-чаралар өтө турган жерлерге баруусуна тыюу салынган. Мындай чаралар тууралуу бийлик ачык түшүндүрмө берген эмес.
Азияда-2017 оюндары 17-27-сентябрь айында өтөт жана ага 200 миңден ашуун конок келет деп кабарланган. Президент Гурбангулы Бердымухамедов бул эл аралык спорттук иш-чара өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатат деп билдирген. Анын “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген ыры Азиада-2017нин расмий гимни болуп тандалып алынган.
Эксперттердин пикиринде, Түркмөнстан эгемен тарыхындагы эң катаал каржылык каатчылыкты баштан кечирип жатат. Буга эң ириде газ менен мунайга дүйнөлүк баанын төмөндөшү негиз болду. Мындан жети жыл илгери, 2010-жылы Азиада-2017 оюндарын Ашхабадда өткөрүү чечими кабыл алынганда Түркмөнстандын иши илгерилеп, газ экспортунан миллиарддаган доллар киреше таап жаткан болчу.