АКШда сенаторлор өлкө тарыхындагы эң узун шатдаунду токтотуу тууралуу макулдашканын Би-би-си жазды.
Бул ирет өкмөттүн ишинин токтошу 40 күнгө созулду.
«Биз шатдаундун аягына жакындап калдык өңдөнөт. Жакында баарын билесиңер», — деди АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге.
Мурдагы эң узун шатдаун 2019-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болуп, 35 күнгө созулган.
Сенаторлордун макулдашуусу шатдаунду токтотуудагы биринчи кадам. Мыйзам долбоору сенаттан кийин республикачылар басымдуу болгон Өкүлдөр палатасынан колдоо таап, Трамп кол коюшу керек. Бул бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. 30-сентябрда Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо тапкан эмес.
Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган жок.
Каржылоонун токтошуна байланыштуу АКШда болжол менен 1,5 миллион федералдык кызматкер жумуштан бошотулду же айлыксыз иштеп жатышат. Шатдаун декабрь айына чейин уланса, аскер кызматкерлерине маяна берүү токтой турганы айтылып жаткан.
Шерине