Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

Би-би-синин башкы директору Трамптын сөзүнө байланышкан сындан кийин кызматтан кетерин жарыялады


Тим Дэйви
Тим Дэйви

Британиянын Би-би-си медиакорпорациясынын башкы директору Тим Дэйви жана жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы Дебор Тернесс иштен кетип жатканын жарыялады.

Эмгек жамаатына жазган катында Дэйви корпорациянын ишинде "айрым катачылык кеткенин", ал үчүн жоопкерчиликти толук өз моюнуна аларын айткан.

Тернесс АКШ президенти Дональд Трамптын сөзү редакцияланган программанын тегерегиндеги талаш-тартыш "Би-би-сиге зыян алып келчү деңгээлге жеткенин" жазган.

Жаңылыктар кызматынын айланасындагы талаш-тартышка өткөн жылы обого чыккан бир сааттык программа себеп болгон.

"Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүкпү?" деп аталган программада америкалык президенттин 2021-жылдын 6-январында Вашингтондогу тополоңдун алдындагы айткан сөзү кыскартылганда ал башаламандыкка чакыргандай таасир калтырган.

Дэйви Би-би-сиге 2020-жылдын сентябрында башкы директор болгон. Ага чейин ал жети жыл бою корпорациянын BBC Studios коммерциялык бөлүмүн жетектеген. Жалпы жонунан ал аталган медиада 20 жыл эмгектенди. Тернесс BBC News бөлүмүн 2022-жылдан бери башкарып келаткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG