Хожент шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан уулун таппай калган аял Бибисоч Рахимова «Азаттыктын» тажик кызматына 10-июлда кайрылган.
Анын уулу Субхон Курбонов 7-июлда Согди облусунан башка шаардагы түрмөлөргө которулган 128 соттолуучунун арасында болгон. Бул күнү үч фургондо абак которуп бараткан соттолуучулар нандан ууланып, 14 адам каза тапкан.
Бул окуядан кийин Бибисоч Рахимова Хожент, Дүйшөмбү, Бохтар шаарларындагы абактарга чейин барып, уулун таппай келген.
15-июлда Бибисоч Рахимова уулу Субхон менен абакта жолукканын «Азаттыкка» сүйүнчүлөгөн.
Тажик кызматынын сайтына жарык көргөн макаладан кийин энеге Юстиция министрлигинен телефон чалышып, баласы менен жолугушууга чакырышкан.
«Уулум менен телефондон сүйлөшүп, андан кийин өз көзүм менен көрүп келдим» деди эне. Ал баласынын денесинде эч кандай жараат жоктугун белгилеген.
Бибисоч Рахимованын уулу Субхон Курбонов 2017-жылы террордук топко кошулуу аракетине айыпталып, 13,5 жылга абакка кесилген экен.
Жаза аткаруу башкармалыгы кандай себептен беш күн бою С. Курбонов тууралуу жакындарына маалымат берилбегенин түшүндүргөн эмес.
Азыркы кезде Дүйшөмбүдөгү №1 абактын оозуна жакындарынын дайынын билүүгө келгендер ондоп саналат. Укук коргоочулар мындай учурда мамлекеттик органдар соттолгондор тууралуу жакындарына ыкчам, так маалымат берип туруу маанилүү экенин белгилешет.
Согди облусунда 7-июлда абак которуу маалында 14 соттолуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлгөнү кабарланган менен "алар нандан ууланган" деген расмий билдирүүгө маркумдардын жакындары ишенбей турат.
Кээ бири маркумдардын денесинен уруп-сабоонун, кыйноонун тактары табылганын айтып чыгышкан.
Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон абактагыларды кыйноо боюнча мындай айыптоолорду четке кагып, соттук-медициналык экспертиза эч кандай тактарды аныктабаганын билдирген.
«Кылмыш иштин материалдары боюнча каза болгондордун баары нан жеген. Тилекке каршы, тамак-ашка натрий нитраты түшүп, адамдар каза болгон окуялар буга чейин да катталган. Мисалы, Куляб менен Хожентте. Бул иш боюнча тергөө уланат», - деген Юсуф Рахмон 16-июлда өткөн пресс-жыйында.
Башкы прокурор каза болгон 14 адамдын акыркы убакта тажик абактарында болгон тополоңго байланышы жоктугун, абак которуу пландуу жүргүзүлгөнүн белгилеген.
Мындан эки ай мурда Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза тапкан. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери. Былтыр ноябрь айында Хожент түрмөсүндөгү тополоңду басуу учурунда 21 соттолуучу өлгөн. Эки абак кызматкери каза таап, дагы бешөө жараат алган.
Анткен менен тажик бийлиги «ууланган нан фургондогу соттолуучуларга кандайча жеткен» деген суроого жооп бере элек. Соттолуучуларга жолдон тамак берилбегендиктен, алар сырттан келген нанга ууланган болушу мүмкүн деген да божомолдор айтылууда.
Тажикстанда бир соттолуучуга күнүнө болгону он сомони бөлүнөт. Бул бир долларга жетпеген акча. Иш жүзүндө тажик түрмөлөрүндө соттолуучулар туугандары алып келген тамак-аш менен күн көрүшөт.