Мамлекет башчы балдарды жана кыз-келиндерди аёосуз кыйнап, жанын кыйгандарды өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү тапшырганы кабарланды. Бул демилге коомчулукта талкууланып, ача пикирлер айтылууда.
Президент Садыр Жапаров мыкаачылык менен киши колдуу болгон Айсулуу Мукашеванын ишин жеке көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын киргизүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу 1-октябрда мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди:
“Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча тапшырма берди. Тактап айтканда, балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча балдарга жана кыз-келиндерге каршы кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда".
Президенттин демилгеси коомчулукта талкуу жаратып, ача пикирлер айтылууда. 1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
“Сезим” кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова өлүм жазасын киргизүү үчүн эл аралык протоколду денонсация кылуу жана Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын айтты:
"Протоколдон чыгып, келишимди бузушубуз керек. Бирок бул жерде бир маселе бар. Экинчи протоколдо чыгуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн эмес. Бул кайтарылгыс эл аралык келишим болуп эсептелинет. Азыркы күндө бул факультативдик протоколго 94 мамлекет кошулган, бирок тарыхта андан чыгып кеткен бир да өлкө болгон эмес. Бул абдан оор маселе да. Кыргызстандын эл аралык беделине сокку урулушу мүмкүн да. Эгерде бир жолун таап протоколдон чыга турган болсок, анда Конституциянын 25-беренесин өзгөртүш керек”.
“Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президенттин соңку окуяга карата чукул реакциясы өлкөдө аялдарга каршы зомбулук көйгөйү канчалык оор экенин көрсөтүп жатканын белгилейт. Юрист маселени системдүү түрдө кароо зарылдыгына токтолду.
“Жазанын катаалдыгы кылмыштын азайып же көбөйүшүнө кандай таасир этерин изилдеп чыгышыбыз керек. Биздин өлкөдө гана эмес башка жаныбыздагы өлкөлөрдөгү тажрыйба дагы жазаны катаалдаштыруу жыйынтык бербегенин көрсөтүп жатат. Бул жерде системдүү иш керек. Бизде зомбулук узак убакыт бою кайталанып келгенин көрүүгө болот. Бул биринчи кезекте жазасыздыкка, коррупцияга байланыштуу. Эгер тергөөнүн сапатына көзөмөл кылуу боюнча системдүү иш жүрүп, адамдар жоопкерчиликтен кача албай калганда мындай кесепеттердин алдын алмакпыз. Тергөө иштери жана башка иштер өз убагында жүргүзүлүшү керек”.
Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү, аялзатын мыкаачылык менен өлтүрүү буга чейин парламентте да сөз болуп, андай кылмыш кылгандарды эң катаал жазага тартуу демилгеси көтөрүлгөн учурлар болгон.
Талдоочулар өлкөдө укук коргоо органдарынын ишин жакшыртып, сот акыйкаттыгын камсыз кылмайынча мындай чаралар тууралуу кеп кылуу кооптуу экенин, мындан бейкүнөө адамдар жабыркап калышы ыктымалдыгын белгилешет.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлүм жазасын киргизүүгө азырынча эрте экенин белгиледи.
“Бул инфраструктуралык проблема болуп жатпайбы. Айталы түнкүсүн жарыктандыруу жок. Айылдарда ошол эле маршрутка, коомдук транспорт жакшы жүрбөйт, камераларды орнотуу керек. Азыр баары эле өлүм жазасын киргизгиле деп айтып жатат, менимче бул маселеде өтө этият болуш керек. Адилеттүү сот системасы орномоюнча, бул маселе тууралуу айтууга азыр эртелик кылат. Өмүр бою эркинен ажыратса болот, анткени мыйзамдар ушундай жазылган. ИИМ бизге бир мыйзам долбоорун алып келди, ал өтсө экинчи жолу кылмыш кылган киши көпкө камалат. Тилекке каршы, биз бир топ жыл мурда гуманизация кылабыз деп чоң ката кетиргенбиз”.
27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашева киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран 29-сентябрда кармалып, эки айга камакка алынды.
ИИМ шектүү Айсулууну өлтүргөндөн кийин сөөгүн Кемин районундагы Боом капчыгайына алып барып, жардан ыргытып, андан кийин сөөктү чөп менен жаап, катып койгон жерди өзү көрсөтүп бергенин маалымдады.
Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылышууда.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси боюнча Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.
Шерине