Тбилисиде нааразылык акциясынын катышуучулары президенттик сарайды басып алууга аракет кылганын "Эхо Кавказа" билдирди. Демонстранттардын бири сарайдын тосмосун талкалап, короосуна кирген.
Атайы багыттагы полктун кызматкерлери акцияга чыккандарга каршы калемпир спрейин, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу менен аткан. Полиция кошумча күч чакырып, 16 кызматкер ар кандай жаракат алган.
Грузияда кечээ, 4-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өткөн. Бирок бир катар ири оппозициялык күчтөр, анын ичинде мурдагы президент Михаил Саакашвилинин партиясы аны бойкотко алышты. Оппозициянын бир бөлүгү Тбилисинин борборунда "тынчтык жолу менен бийликти кулатуу" максатында жыйын уюштурарын жарыялады.
Акциянын уюштуруучусу, опера ырчысы Паата Бурчуладзе Тбилисинин борборундагы Эркиндик аянтында өлкө башына келгендер легитимдүү эместигин айтып, бийликти "элдин колуна өткөрүп берүүгө" чакырды. Демократиялык институттарды бошотуу жана Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү талабын койду.
Грузиянын мурдагы президенти Саломе Зурабишвили Тбилисинин борборундагы акцияны чагым деп атады. Ал X баракчасында болуп жаткан окуяны "президенттик сарайды басып алуунун пародиясы" катары сыпаттады.
"Имеди" телеканалы добуш бергендер арасында жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Тбилисинин мэрлигине талапкер Каха Каладзе шайлоочулардын 77,4% добушун алды, ал эми "Грузин кыялы" партиясы 76% ашык добуш топтогон.
Премьер-министр Ираклий Кобахидзе добуш берүүнүн жыйынтыгы чыга электе эле бардык муниципалитеттерде жана шаарларда өкмөттүк партия жеңип, 70% ашык добуш топтогонун жарыялаган. (KS)
Тбилисиде шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор президенттик сарайды басып алууга аракет кылды

Шерине