Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Орусия украин энергетикасын бутага алууда. Путин Батышты кайрадан сындады


Украинанын энергетикалык жайы. Архив.
Украинанын энергетикалык жайы. Архив.

Украин куралдуу күчтөрү жумага караган түнү Орусия 416 пилотсуз учак жана ракета менен сокку урганын билдирди. Бутага негизинен Полтава жана Харьков облустарындагы энергетикалык жайлар алынды. Орусиянын Пермь крайында жайгашкан "Азот" химия заводу дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.

Алдыңкы күнү тараптар 185тен согуш туткундарын айырбаштаган. Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин Киевди Tomahawk ракеталары менен камсыздоо Москва менен Вашингтондун ортосундагы чыңалууга алып келерин эскертти. Ак үй украин аймагынан Москвага чейин жетүүгө кудуреттүү ракеталарды Киевге берер-бербесин чече элек.

3-октябрга караган түнү учкучсуз учактардын чабуулуна Украинанын Днепропетров облусу кабылганын башчысы Сергей Лысак маалымдады. Анын айтымында, Днепр шаарында өрт тутанып, айрым жерлерде жер тамдар зыян тартты.

Полтава облусунда, жергиликтүү администрациянын маалыматына караганда, энергетика объектилери жабыркады.

Запорожье облусунун бийлиги маалымдагандай, 50 жаштагы аял жана 29 жаштагы эркек жараат алды.

Бейшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери майдан тилкесинде алдыга жылып жатканын, бир нече жерде кармаш жүргөнүн билдирген. Ошол эле күнү украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бир катар багыттарда, асыресе Купянск жана Торецкиде каршы тараптын чабуулдарынын мизин кайтарышканын маалымдаган.

Ошол эле күнү Владимир Путин Валдай клубунун жыйынында АКШ Киевди Tomahawk ракеталары менен камсыздаса да согуш майданындагы абал өзгөрбөй турганын, бирок анын арты жаңы эскалацияга алып келерин эскертти:

"Tomahawk ракеталары бизге зыян келтире алабы? Ооба, биз аларды атып түшүрөбүз жана абадан коргоо системаларыбызды өнүктүрөбүз. Тоннелдин аягында жарык көрүнө баштаганда Кошмо Штаттар менен мамилебизге залакасы тийеби? Ооба, башкача болушу мүмкүн да эмес. Tomahawk ракеталарын америкалык аскерлерсиз колдоно алышпайт. Демек, чыңалуунун жаңы айлампасына, анын ичинде Орусия менен АКШнын мамилесиндеги эскалацияга алып келет".

Ак үйдүн жогорку өкүлдөрү украин президенти Владимир Зеленский БУУда Трамп менен кездешкенде алыс аралыкка учуучу Tomahawk канаттуу ракеталарын сураганын, бирок ал боюнча чечим кабыл алына электигин билдиришкен.

Ракеталардын ал түрү 2,5 миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Башкача айтканда, украин аймагынан атылса, Москвага жана Орусиянын батыш тарабындагы облустарга жете алат.

Ошол эле маалда эксперттер Вашингтон буга чейин Tomahawk ракеталарын башка өлкөлөргө эч качан бербегенине көңүл бурушат.

1-октябрда The Wall Street Journal басылмасы Трамптын администрациясында Орусиянын чек арадан алыскы аймактарындагы энергетикалык объектилерине ракета менен сокку уруу үчүн Украинаны чалгын маалымат менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алынганын, НАТОнун калган мүчөлөрүн да ушундай кадамга барууга үндөшкөнүн жазган.

Буга жооп кайтарып Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вашингтон Киевге буга чейин да чалгын маалыматтарын берип келгенин белгиледи.

Украиналык эксперт Анатолий Храпчинскийдин пикиринде, ал маалыматты шардана кылуу менен Батыш Орусияга кысым көргөзүүнү көздөп жатат:

"Орусия федерациясынын НАТОнун аба мейкиндигин учак жана дрондор менен бузуу өңдүү акыркы аракеттери АКШны чалгын маалыматы менен бөлүшүүгө түрткөн болушу мүмкүн".

Валдайдагы жыйында Путин Дания жана европалык башка өлкөлөрдөгү дрондорго байланышкан окуяларга Орусиянын тиешеси жоктугун айтып, европалык лидерлерди Москва НАТОнун мүчөлөрүнө чабуул коюуга ыктымал деген "истерияга батканын" айтып сындады.

3-октябрга караган түнү белгисиз дрондордун айынан Германиядагы Мюнхен аэропортунун иши бир нече саатка үзгүлтүккө учурады.

Сентябрдан тартып Евробиримдик өлкөлөрүнүн аба мейкиндигине орус дрондору бир канча ирет киргени тууралуу маалымат тараган. Дания, Германия жана башка бир катар мамлекеттердеги маанилүү инфраструктура объектилеринин үстүнөн белгисиз учкучсуз аппараттар байкалган.

Шаршембиде Копенгагенде өткөн саммитте Еврошаркеттин лидерлери ал окуяларга байланыштуу коопсуздук маселесин талкуулашты.

Ал тушта бейшембиде Орусия жана Украина согуш туткундарын айырбаштады. Украинанын президенти Владимир Зеленский 183 катардагы аскер менен сержант, эки офицер жана 20 карапайым киши үйүнө кайтарылганын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-июлда Стамбул шаарында жетишилген макулдашууга ылайык орусиялык 185 аскер кайтарылганын, украиналык 185 аскер өткөрүлүп берилгенин маалымдаган. Мекеме андан тышкары 20 карапайым киши кайтып келгенин кошумчалаган.

Буга чейин тараптар акыркы жолу августтун аягында 146дан туткун алмашкан. Ошондо украин аймагына кирип кеткен Курск облусунун сегиз тургуну да кайтарылган.

Ага чейин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан көп киши айырбашталган.

Май жана жай айларында өткөн кездешүүлөрдө украин жана орус делегациялары башка олуттуу мунасага жетише алган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG