Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Мектептеги чыр коомдогу агрессиянын жаңырыгыбы?


Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталды. Баланын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени да айтылып, дарыгерлер расмий тастыктады. Бирок Каракол шаарынын мэриясынын маалымдашынча, бала медициналык каттоодо турган эмес.

Окуяга байланыштуу мектеп директоруна, социалдык педагогго сөгүш берилди. Билим берүү тармагындагы адистер бул маселе инклюзивдик билим берүү маселеси курч экенин көрсөттү деген пикирде.

1-октябрда Инстаграмдагы бир нече баракчада мектеп окуучусу классташ кызын жулкулдатып, тээп, уруп жаткан видео тарады.

Бир аз убакыттан кийин окуя Каракол шаарындагы мектептердин биринде 24-сентябрда болгону, видеодогу жеткинчектер 7-класстын окуучулары экени аныкталды.

Коомчулукта кызуу талкууланган бул окуядан кийин өспүрүм үй шартында окууга өткөрүлүп, милициянын каттоосуна алынган. Соңку бир жумадан бери ал онлайн окуп жатат. Ысык-Көл облусунун жетекчилиги окуучунун майыптуулугу бар экенин билдирген.

Кызга кол көтөргөн баланын апасы видео кайрылуу жасап, кечирим сураган. Жылдыз Дуулатова уулу Караколдогу №2 мектепте биринчи класстан бери окуп келатканын айтып, буга чейин классташтары менен кер-мур айтышпаганын белгиледи.

Жылдыз Дуулатова
Жылдыз Дуулатова

"Мен балама "сумкаңды тебелеп кеткени үчүн кызды ушунча сабайсыңбы?" дедим. Көрсө, андай болбоптур. Баламдын айтуусунда, кыз баламды 6-классынан бери жакшы сүйлөй албаганы үчүн шылдыңдап, психологиялык басым жасап келген экен. Мен эч убакта баламдын кылганын актабайм, абдан жаман иш кылды. Бирок эки жакты тең карап, акыйкат териштирүү керек. Мен эч убакта баламдын кылганын актабайм. Ата-эненин бири да "кыз балага кол көтөр" деп үйрөтпөйт. Азыр балам бир аптадан бери мектепке барбай, үйдө отурат. Кыздын таенеси "балаңды бул мектептен алып кет" деп мага да басым жасоодо. Мен кантип алып кетем? Ал биринчи класстан бери ушул жерде билим алып келет".

Жылдыз Дуулатова уулун мүмкүнчүлүгү чектелген деп каттоого тургузган эмес. Бирок дарыгерлерге алып барып, текшертип турган. Дуулатова уулунун акыл-эси тунук экенин белгилеп, окуяга байланыштуу өтө тынчсызданып жатканын айтты.

Классташынан таяк жеген кыздын жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Облустук бийликтин маалыматында кыз буга чейин Караколдогу эки мектепте билим алып, 6-классында №2 мектепке которулуп келген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал ден соолугунан жеңил жараат алганын көрсөткөн.

Каракол шаарынын вице-мэри Нуржан Алапаева окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, чоо-жайын аныктап жатканын кошумчалады.

Нуржан Алапаева
Нуржан Алапаева

"Мурда был кыз милициянын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүндө каттоодо турган эмес. Бала дагы токтоо болчу. Окуя мектептин ичинде болгондуктан комиссия түзүлүп, баланы үйүнөн окутуу чечими чыккан. Ушундай окуя болуп жаткандыктан биз келечекте ар бир мектепте бирден инклюзивдик класс ачышыбыз мүмкүн".

Каракол шаарындагы №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептеги окуяга байланыштуу директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучуга жана социалдык педагогго сөгүш берилди.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, 7-класстын окуучуларынын урушун Каракол шаардык билим берүү бөлүмүндө түзүлгөн комиссия иликтеп чыгарын кошумчалады.

Азыркы тапта Каракол шаарынын мектептеринде 19 миңге чукул бала билим алат. Алардын ичинен 28и медиктер чыгарган бүтүмдөргө ылайык үйүнөн окуп, мугалимдер барып сабак өтүп турат. Караколдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзүнчө инклюзивдик мектеп жок.

Окуяга байланыштуу видео коомчулукка тарагандан кийин инклюзивдик билим берүү маселеси кайра козголду.

Айрымдар бул үчүн өзүнчө билим уясы болушу керек дегени менен бул маселе Кыргызстанда дагы деле жолго коюла элек деген пикирин билдирүүдө.

Эксперт Асылбек Жоодонбеков ушундай окуя болгон учурда баланы үйдөн окутууга өткөрүү менен маселе чечилбей, кайра курчуп кетиши ыктымал деген пикирде. Ал коом агрессияга жол бербей, мындай көрүнүштөрдөн алысташ керек деп эсептейт.

Асылбек Жоодонбеков
Асылбек Жоодонбеков

"Күчтүү алсызга кол көтөргөнү кыргыз коомунда кадыресе көрүнүш болуп калды тилекке каршы. Айрым учурларда алсыз адамдарды күч колдонуп сабап койсо, денесине залал келтирсе жактаган да адамдар болуп жатат. Ошондуктан бирөөгө кол көтөрүүнү коомчулук абдан жектеп, буга чыдамсыздык көрсөтүшүбүз керек. Балдар түрдүү үй-бүлөлөрдө тарбияланат. Ушундай оор окуялар болгондо баланы чектеп же жектеп, же баягы Советтер Союзундагыдай кылып изоляцияга калтыруу андан бетер коркунучтуу. Ошондуктан биз коомдо, мектепте болобу же башка чөйрөдө болобу айтор бири-бирибизге чыдамкай болууга, сыйлоого, урматтоого келишибиз керек. Мыйзам бузуу болуп атса, бирөө бирөөнүн акысына кирип, кемсинтип атса буга жол бербей, мыйзамдар так иштөөгө тийиш. Ошондой шартта биз коомду өнүктүрүп, коомдук мамилени жөнгө сала алабыз".

Караколдо окуучу сабалган окуяны бийлик териштирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00



Үстүбүздөгү жылдын башында Ноокатта мектепте сабалган кыздын апасы бийликке кайрылган. Ал кызына классташы сабак учурунда кол көтөрүп, мурдун сындырып койгонун, мунун айынан операция жасатканын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG