Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

БРИКС жаңы өнүгүү банкын түзөт


БРИКСтин лидерлери Дурбандагы жыйында. Түштүк Африка, 27-март 2013
БРИКСтин лидерлери Дурбандагы жыйында. Түштүк Африка, 27-март 2013

Түштүк Африканын Дурбан шаарында БРИКС мамлекеттеринин жыйыны аяктоодо.

Бул жыйында Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, жана Түштүк Африканын лидерлери өз өлкөлөрүнө дүйнөлүк экономика тийгизген таасирди талкуулашууда. Ошондой эле жаңы өнүгүү банкы түзүлгөнүн ырасмий түрдө жарыялайт деп боолгонууда. Жаңы банк АКШ жана Евробиримдиктин адистери тарабынан башкарылган Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду менен теңтайлашып иштөөгө тийиш.

БРИКС уюмуна экономикасы тез өнүгүп бараткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. Бул беш мамлекетте дүйнө элинин 40 проценти жашайт жана валюта кору 4,4 триллион долларга тете. Жаңы өнүгүү банкы түзүлсө, ал уюмга кирген беш өлкөнүн түрдүү долбоорлорун, анын ичинде бөтөн өлкөлөр менен кол коюлган эки жактуу келишимдерди стабилдүү инвестициялоосуна жакшы огожо болот жана алар өз ара сооданы доллар эмес, улуттук валюта менен жүргүзгөнгө мүмкүндүк алат.

БРИКС мамлекеттеринин өзүнчө банк түзүү ыкласы дүйнөлүк экономикада жаңы регионалдык борбордун пайдубалын түптөө далалатын да көрсөтөт. Буга Дурбандагы жыйында Индиянын соода жана өнөр жай министри Ананд Шарма көңүл буруп, дүйнөдө калыптанып калган саясий-экономикалык тиртип жаңыланып жатканын белгиледи:

- XXI кылымдын реалдуулуктарын чагылдырган саясий жана экономикалык жаңы тартип жаралып жатканы айкын. Глобалдык экономика талапка ылайык баланстанып жатат. Анын огу Түштүктөгү жана Чыгыштагы өлкөлөргө жылды жана дүйнөлүк продукциянын 60 проценттен көбү өнүгүп бараткан жана тез өнүгүп жаткан өлкөлөргө туура келет.

Азыркы АКШ үстөмдүк кылган дүйнөлүк экономикалык системаны жаңы Улуу депрессияны болтурбоо максатында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяк ченинде экономикасы мыкты өнүккөн мамлекеттер түзгөн. Ал кезде Кытай дүйнөлүк саясатта "кашаң аттай" болсо, бүгүн экономикалык жактан АКШдан кийинки экинчи кубатуу өлкө.

Жаңы банк Кытай, Орусия сыяктуу дөө-шааларга маанилүү стратегиялык өлкөлөрдөгү ири долбоорлорду орток банк аркылуу каржылай алат. Бул алардын колундагы саясый-экономикалык буроону күчөткөнгө катар, Москва менен Бээжинди империялык дымагын ишке ашырууда деп түздөн-түз сындоодон куткарат.

Орусия президенти Владимир Путин Дурбандагы жыйында сүйлөп, банк рыноктун шартына ылайык же коммерциялык негизде иштеши зарыл деп, өзгөчө БРИКС өлкөлөлөрүнүн Африкадагы досторуна жардамдашууга тийиш экенине токтолду:

-Орусия жаңы өнүгүү банкынын түзүүнү жактайт жана жаңы банк түзүлсө, ал жалаң базар принцибине ылайык иштеп, биздин бардык өлкөлөрдөгү бизнес жамаатты колдошу керек.

Арийне, валютаны экономиканы стабилдештирүү механизими катары колдонуу аракети жаңы эле пайда болгон жок. 2008-жылкы “Чиан Май демилгесинин” алкагында Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөр уюму - АСЕАН плюс Жапония, Кытай, Түштүк Корея 80 млрд долларлык кор түзүп, өз араны сооданы улуттук валюта менен эсептешүүгө өткөн.

Маалыматтарда айтылгандай, БРИКСтин өнүгүү банкынын жалпы фонду 50 млрд. доллар болот. Бирок беш өлкөнүн ар бири канча сумма кошот жана канча добушка ээ болот, азырынча чечиле элек.

Дурбандагы жыйында БРИКСтин лидерлери уюмга мүчө өлкөлөрдөгү инфраструктураны жана эконологияны булгабаган энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго да кол коёт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG