Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Бойдон алдыруу - аял үчүн чоң сыноо


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандагы калктын азыркы учурдагы тукум улоо саламаттыгы алдыдагы 10-15 жылдагы демографиялык процесстерге түздөн түз таасир этет. Андыктан, тукум улоочу ден соолукту маанилүү социалдык аспект катары карап, мамлекет калктын төрөт саламаттыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууга тийиш.

Аялдар арасындагы тукум улоочу саламаттыкты алсыраткан негизги себептер – көп сандагы аборттор жана андан кийинки ден соолуктун начарлоосу, гинекологиялык оорулардын көбөйүшү, төрөгөн аялдардын саламаттыгынын начар болушу, заманбап контрацептивалык каражаттарды жетиштүү деңгээлде колдонбоо.

2020-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 523 миңден ашык деп саналды. Алардын үчтөн бири шаарда, үчтөн экиси айылда жашайт. Жылына өлкө калкы 2 процентке көбөйүп жатат.

Демографиялык жактан алып караганда, Кыргызстан жаш өлкө болуп саналат. Себеби, калкынын үчтөн бирин 18ге толо элек балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 60% 29 жашка чейинки жаштар.

Өлкө элинин жарымынан көбү – аялдар, алардын 50% төрөт жашындагылар жана 16% 10-19 жаштагы өспүрүмдөр деп эсептелген.

Бириккен Улуттар Уюмунун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти 2050-жылга карата Кыргызстандын калкы 1,3 эсеге көбөйүп, жалпы 8 млн. 113 миңге чейин жетет деп божомолдоп жатат.

Эне өлүмүнүн саны азайган жок

2020-жылы төрөгөн 100 миң энеге 44,1 өлүм туура келген. 2019-жылы бул сан 26,1 эле. Мындай көрсөткүчтөн улам Кыргызстан Чыгыш Европа жана Борбор Азияда эне өлүмү боюнча биринчи орунда туруп жатат. Буга бирден-бир коопсуз аборттор себеп болууда. Ошондой эле акыркы жылдары төрөт үйүнөн энеси баш тарткан ымыркайлар да көбөйүп, мамлекет үчүн финансылык жоопкерчилик артууда.

Кыргызстанда калктын саны өтө тез көбөйүп, жылына 2,1% деп эсептелген жана ар бир аялга төрттөн бала туура келет. Жыл сайын төрөт да көбөйдү. Акыркы он жылда төрөт 17% же 28 миң 105 ымыркайга көбөйдү.

Маселен, 2009-жылы 132 676 ымыркай төрөлсө, 2018-жылы 160 миң 781 бала жарык дүйнөгө келди. Ар бир төрөттүн ортосунда үч жыл тыныккан энелер 19,7%, экти жыл тынгандар 22,7%, ал эми бир жылдын ичинде кайра төрөгөндөр 2018-жылы 9,4% болду.

Эрте эне болуу көйгөйү курч бойдон

2018-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 554 кыз (миң кишинин 2,2% барабар), 2015-жылы 1060 өспүрүм кыз (миң кишинин 4,3%) төрөдү. Буга үй-бүлөдө жана коомдо өспүрүм кыздарга жыныстык тарбиянын жоктугу себеп болууда. 2017-жылы балдар үйүнө 210 бала ташталган.

Алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдө кош бойлуулукту пландоо, туура контрацептива колдонуу боюнча жетиштүү маалымат жок. Балдар арасындагы төрөт жашын көзөмөлдөө да дээрлик каралган эмес. Эне өлүмүнүн көпчүлүгү социалдык аяр катмарда, ички мигранттар арасында, жакыр үй-бүлөдөгү жумушу жок аялдар арасында көп катталат.

Төрөт маалында каза болгон аялдардын 90% ашууну туруктуу иштеген жери жок же болбосо миграцияда жүргөндөр болгон.

Мына ушул жагдайларды эске алуу менен биз бул көйгөйдү чечүүнүн көп тараптуу жолун издешибиз керек.

Ар бир үй-бүлө кош бойлуулукту пландоо деген түшүнүк бала төрөөнү тыюу же төрөт санын кыскартууга багытталбаганын толук аңдашы керек. Бул ар бир аялды урматтап, анын качан, кайсы учурда боюнча бүтүрүүнү каалоосуна сый көрсөтүп, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды туура колдонуу жаатында маалымат жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу дегенди билдирет.

Ошондой эле жоопкерчиликтүү ата-эне идеологиясын жайылтып, баланы каалап, мөөнөтү келгенде төрөө керектигин үйрөтүп, контрацептивалык ыкмалардын заманбап түрүн элге таанытуу абзел. Заманбап жубайлар өзү каалап гана балалуу болууга тийиш.

Аялдар, балдар жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна инвестиция жасоонун экономикалык артыкчылыктары жогору болуп саналат. Бул багытта жумшалган ар бир тыйын өлкө келечегин бекемдейт. Кош бойлуулукту туура пландоо менен эне жана баланын өлүмүн 20-25% азайтса болот.

Анан калса калктын өз, жеке тукум улоочу саламаттыкка болгон жоопкерчилигин арттыруу маанилүү. Сергек жашоо образын жайылтып, туруктуу үй-бүлөлүк катышты бекемдеп, аборттордун алдын алуу, өспүрүмдөр арасында кош бойлуулукту болтурбоо, эне жана баланын ден соолугун чыңдоо, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, ВИЧ-инфекциясы сыяктуу маселелер, үй-бүлөнү пландоо жана ыкмалары тууралуу маалыматты байма бай таркатуу керек.

Дары менен бойдон алдыруу

Аялдын жашоосунда ден соолугуна байланыштуу же башка дагы жагдайлардан улам бойдон алдыруу зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн. Заманбап медицина азыркы тапта хирургиялык жол менен эмес башка ыкмалар аркылуу да аборт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Аборттун бул коопсуз түрү медикаментоздук же дары менен бойдон алдыруу деп аталат. Операциядан абдан чочулаган аялдар үчүн аборттун бул түрү өтө ыңгайлуу.

Медикаментоздук абортто бейтап дарыны белгилүү бир ыраатта ичет

Кыргызстанда Санариптик саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, акыркы жылдары медикаментоздук аборттун көрсөткүчү көбөйүп, жалпы бойдон алдырган аялдардын 22,8% 27% чейинкиси дары ичип, кош бойлуулукту токтотуп жатат.

Айрыкча, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бул көрсөткүч жогорулады. Маселен, Жалал-Абад облусунда дары менен бойдон алдыруу 60% жетти.

Дарынын өлчөмү менен ичүү тартибин туура сактаганда медикаментоздук аборт 94-96% учурда ийгиликтүү ишке ашат. Жарым-жартылай ичте калып калуу, 3-5% болсо, кош бойлуулук таптакыр токтобой койгон учур 1-3%.

Кыргызстанда 2020-жылы Саламаттык сактоо министрлиги коопсуз бойдон алдыруу боюнча клиникалык протокол иштеп чыкты. Бул протокол кош бойлуулуктун бардык мөөнөтүндө медициналык кызматкерлер эненин саламаттыгына зыян келтирбегендей тартипте абортту ишке ашырууга багытталган. Аялдар кошумча багыттама же талаптарга дуушар болбой эле өз алдынча бойдон алдыра алат. Өспүрүмдөр, коомдогу аярлуу топторго багытталган медициналык аборттун тартибин да ийкемдүү кылууну караштыруу абзел.

Дүйнөдөгү изилдөөлөр дары менен бойдон алдыруу медициналык кызматкерлер үчүн да өтө ыңгайлуу, ошондой эле бейтаптын өмүрүнө зыян алып келбегенин аныктады.

Маселен, Кытай, Куба, Индия, Въетнам, Непал, Түштүк Африка, Түркия жана Тунистеги дары менен бойдон алдырган аялдардын дээрлик 90% анын жыйынтыгына ыраазы болгону билинди.

Бирок, медикаментоздук абортко бойго бүтүрбөөчү каражаттарды сабаттуу сунуштоо ыкмасын да кошо айкалыштыруу керек. Бардык медициналык кызматкерлер контрацептиванын жол-жоболору, терс таасирлери сыяктуу маалыматты жакшы билип, бейтапка жалган имиштердин таасир этүүнүн алдын алууга даяр болуусу шарт.

Дары менен бойдон алдыруу боюнча чечимди сөзсүз догдурдун көзөмөлүнөн өтүп, анын кеңешинен кийин гана ичүү керек. Адатта дарыгер кош бойлуу аялды түйүлдүктү тартып келүү үчүн ультраүндүк (УЗИ) изилдөөгө жиберет. Кош бойлуулуктун мөөнөтүн так аныктагандан кийин дары менен бойдон алдырууга кандайдыр бир тоскоол боло турган себептер аныкталбаса, догдур бейтапка дары жазып берип, аны ичүү тартибин аныктап, көрсөтөт.

Мындай дарылар аялдын организмине киргенде кош бойлуулукту кармап турган, түйүлдүктү өстүргөн прогестерон аттуу эне гормонун токтотот. Дарынын таасири менен түйүлдүктүн өнүгүүсү токтоп, жатын моюнчасы жумшарат, ушундан улам түйүлдүк жатынга бекий албай калат.

36-38 сааттан кийин дарынын дагы бир түрү ичилет, анын таасири менен жатын кысылып, ичи тазаланып, бойдон түшүү процесси болот.

Дары менен бойдон алдыруунун бардык этабы бүткөндөн соң, 8-14 күндүн ичинде бейтап кайрадан УЗИ көзөмөлүнөн өтүп, жатындагы бардык заттар чыкканын текшертиши зарыл.

Бирок, урматтуу айымдар! Бойдон алдыруунун бардык түрү сиздин ден соолугуңуз үчүн олуттуу зыян алып келерин эстен чыгарбаңыздар!

Дары менен бойдон алдыруунун артыкчылыктары төмөндөгүдөй:

  • Медикаментоздук аборт хирургиялык операция эмес, жатындын ичин жана чел кабыгына зыян алып келбейт.
  • Аборттун бул түрү аялга ооруну сездирбейт, атайын оору басаңдатчу дарыларды ичпей деле койсо болот.
  • Жыйынтыгы жогорку деңгээлде (97%) жана толук коопсуз.
  • Психологиялык жактан дары менен бойдон алдыруу кадимки хирургиялык жол менен жасалган абортко караганда жеңил, аял этек кири көп келгендей эле болот.
  • Этек кири кадимкидей эле 28-30 күндө калыбына келет.
  • Медикаментоздук аборттон калыбына келүү өтө жеңил болуп, саламаттыкка кооптуу залакасы тийбейт. Бирок кайра калыбына келүү учурунда айрым эрежелерди сактоо зарыл.
  • Коргонуу. Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды аборттон кийин дароо эле колдонуп баштоо зарыл, себеби дары менен бойдон алдыргандан соң өтө тез кайра бойго бүтүү коркунучу бар.
  • Дары менен бойдон алдыргандан кийин эки жума ден соолукка аяр мамиле жасап, кара жумуш кылбай, сууктан коргонуп, сасык тумоо сыяктуу оорулардан этият болуу керек.

Эскертүү! Дары менен бойдон алдыруу атайын ооруканада, дарыгердин көзөмөлү менен гана болушу керек. Өз алдынча аборт жасоого болбойт, анын натыйжалуу жыйынтыгы дарыны ичүү жолдорун, ыкмасын туура тандаганда гана ишке ашат.

Бойдон алдыруунун аял саламаттыгына тийгизген таасири

Тилекке каршы, Кыргызстанда бойдон алдыруу – кош бойлуулуктан коргонуунун негизги ыкмасы бойдон калууда.

Медициналык тажрыйбада аборттун ар түрдүү усулдары бар, бирок аялдын жеке саламаттыгына жараша кош бойлуулукту токтотуунун ыкмасын дарыгер менен бейтап гана тандай алат.

Расмий эсепте жылына Кыргызстанда 20 миң аборт катталат, алардын 5%и кюретаж, башкача айтканда түйүлдүктү жатындан бычак менен кырып алуу, 22,5%и вакуум-аспирация (сордуруп алуу), 27%и дары менен бойдон түшүрүү жолу аркылуу ишке ашат.

Кандай гана себеп болбосун, бойдон алдыруу – аял үчүн чоң сыноо. Ушуну билип түшүнгөндөн улам, бул маселеге өтө аяр жана кесипкөй мамиле кылуу керектигин белгилегибиз келет.

Эгерде аборт медициналык себептерден улам талап кылынса (түйүлдүк жатында өлүп калса, тубаса кемтиктер, энеде дароо дарылоого зарыл болгон оору билинсе ж.б.) анда аялдын саламаттыгына зыян келбегидей, ыкчам жана коопсуз бойдон алдыруу зарыл.

Эгерде кош бойлуулук кадыресе эле өнүгүп, бирок аял ичиндеги түйүлдүктү төрөгүсү келбесе, анда биз ага аборттун түрдүү усулдары сунушталышы керек экенин билебиз. Кандайдыр бир кооптонуу болсо, аборт учурундагы бардык тобокелдиктерди талкуулап алганы оң.

Биздин аялдар, айрыкча пландалбай эле боюна бүтүп калган өспүрүм кыздар, көп учурда абдан коркунучтуу аборттун түрлөрүн кылууга аракет кылышат.

Коопсуз абортко аялды түрткөн негизги себептердин башында кызматтардын чектелүү болуусу, кымбаттыгы, боюна бүтүп калган аялды кодулоо, керексиз талаптар, бейтапкана же ооруканада кезек күтүү, талап кылынбаган анализдерди сурай берүү, медициналык кызматты кечеңдетип ишке ашыруу сыяктуу бир топ факторлор бар.

Бирок, аял баары бир бойдон алдыруу тууралуу чечиминен кайтпаса, анда анын ден соолугун сактап калуунун бардык жолун караштыруу керек.

Аборттун коопсуз түрлөрү

Төмөндө биз пландалбаган кош бойлуулукту токтотуунун коопсуз жолдору тууралуу айтып беребиз.

Кичи-аборт кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө ишке ашат, адатта этек кир 20 күндөй кечиксе болот. Канчалык аборт эрте болсо, ошончолук саламаттыкка тийгизген таасири азаят. Бойдон алдыруунун бул жолунда атайын вакуумдук жабдуунун жардамы менен түйүлдүк жатындан сорулуп алынат. Бул процесс бир нече мүнөткө созулуп, наркоз же бейтапты ооруканага жаткыруу талап кылынбайт. Ден соолук кайра тез калыбына келет.

Чакан аборттун артыкчылыгы – аялдын ден соолугу аз жабыркап, жугуштуу оорулардын жугуу ыктымалы азайып, кайрадан төрөө мүмкүнчүлүгү сакталып кала берет. Аборттон кийин аялдын табарсышы ооруп, этек киринин келүү мөөнөтү бузулуп, гормоналдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Чакан аборттон кийин алты ай сактанып, дарыгер жазып берген контрацептиваларды ичип, бойго бүтүрбөө зарыл.

Аборттон кийинки кош бойлуулук

Бойдон алдырган аялдардын көбү кайра дагы бойго бүтүрүп, бала төрөөнү пландашат. Бирок, аялдын ден соолугу канча убакытта кайра калыбына келет?

Эгерде бойдон алдыруу ийгиликтүү болуп, аялдын ден соолугуна эч кандай зыяны тийбесе бир нече аптадан кийин деле кайра бойго бүтө берет. Бирок, дарыгерлер мындай кош бойлуулук кооптуу экенин эскертип келет. Эң жакшысы – бир нече ай сактанып, контрацептива ичип турган оң.

Канчалык тез кайра бойго бүтөрү аялдын жеке организмине гана байланыштуу. Айрымдар дароо эле кош бойлуу болуп калса, кээ бири бир нече жыл балалуу боло албай кыйналышат.

Аборт тууралуу чечим чыгаруу – өтө олуттуу жана жоопкерчиликтүү кадам. Андыктан, бойдон алдыруунун кооптуу жагдайларына байланыштуу маалыматты кайталап кетсек.

Бойдон алдыруу – аялдын жана баланын ден соолугу үчүн кооптуу. Эне өлүмүнүн 25-30%, балдардагы өлүмдүн 20-25% аялдардын коопсуз бойдон алдырганынан улам келип чыгат. Аборт – аялдын төрөт саламаттыгын талкалап, боюна бүтсө эле түшүп кала бергидей коркунучтуу абалга алып барышы мүмкүн.

Мындан тышкары катуу кансырап, жатын тешилип, аялдын жыныс органдарында ар түрдүү оорулар пайда болуп, айыз цикли бузулуп, гормоналдык оорулар келип чыгышы да ыктымал. Эндометриоз, жатындагы миома шишиги, залалдуу шишиктер да аборттун кесепети болушу толук мүмкүн.

Ушундан улам кош бойлуулуктун алдын алууну ар дайым ойлонуп, баланы толук кандуу, ден соолугу чың үй-бүлөдө гана төрөөнү сунуштайт элек.

Аборттун санын контрацептивалык ыкмаларды сапаттуу колдонууну үйрөнгөндө гана кыскарта алабыз.

Урматтуу айымдар, өзүңөрдү аяп, саламаттыгыңарга абдан камкор болгула. Саламаттыктын эч кандай баасы жок, дени сак эне болуу өзгөчө маанилүү.

Автор: Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт, дарыгер-гинеколог

Бул макала SAAF долбоорунун алкагында жазылды.

XS
SM
MD
LG