Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:49

Тирешке жеткирген бойдон алдыруу маселеси


Бойдон алдыруу укугунун тарапкери.
Бойдон алдыруу укугунун тарапкери.

Аялдардын бойдон алдыруу укугу боюнча талаш-тартыш АКШда чоң саясий талкууга айланды. Республикачылар басымдуулук кылган сегиз штатта бойдон алдыруу катаалдаштырылды. Демократтар ага каршы чыгышты.

Бойдогу түйүлдүк кайсы маалдан тартып адам деп эсептелет? Бул суроо ушул тапта АКШдагы элди экиге бөлүп турат.

1973-жылкы Жейн Рой сотунан кийинки эрежеге ылайык, түйүлдүк бойдон алынып, жасалма медициналык шартта жашап кете ала турган мөөнөттөн тартып аны алдырууга болбойт.

АКШда абортко каршы мыйзам кабыл алган сегиз штатта бул мөөнөт кыскартылган. Маселен, Арканзас менен Ютада 18 аптадан кийин, Миссуриде сегиз аптадан кийин, Жоржия, Кентукки, Миссисипи, Огайодо алты аптадан кийин, ал эми Алабама штатында таптакыр аборт жасатууга тыюу салынды.

Мындай чектөөлөр өлкө ичинде кызуу талаш жаратып, Вашингтондогу Жогорку соттун имаратынын алдында митинг өттү. Митингге келгендердин арасында Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болууга үмүткөрлөр да бар.

«Бул чоң жүрүштүн башталышы», - деди Нью-Йорк штатынын сенатору Кирстен Гиллибранд.

«Бул президент Трамптын аялдарга каршы согушунун башталышы. Биз бул согушка даярбыз. Ал жеңилет».

Нью-Жерси штатынын сенатору Кори Букер кызматташын колдоп, «Эркектерди ойготолу, бизге келип кошулсун» деген чакырык салды.

АКШдагы аборт талашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Маселеге чекит коё турган АКШнын Жогорку сотунун курамынын көпчүлүгү консерваторлор жана алардын арасында Трамп өзү дайындаган судьялар да бар.

Андыктан абортко байланыштуу маселе 2020-жылы өтчү президенттик шайлоодо негизги талаштуу темалардын бирине айланышы күтүлүп жатат.

АКШда бойдон алдырууга каршы кыймыл бир топтон бери эле маселени көтөрүп келген. Христиан жамаатынын бир тобу да аялдардын бойдон алдырышына каршы. Консервативдүү көз караштагы америкалыктар адатта Республикалык партиянын колдоочулары болуп саналат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG