Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Блогер Адилет Балтабайдын иши. Пробация капканга айландыбы?


Адилет Балтабай сот залында. Сүрөт 2022-жылы 11-январда тартылган.
Адилет Балтабай сот залында. Сүрөт 2022-жылы 11-январда тартылган.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек боюнча сот отуруму 3-ноябрга жылды. Буга чейин Сокулуктун сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарып, камакка алууну суранганы белгилүү болгон.

Ал “Жапырт башаламандык" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробациялык мөөнөткө кесилген. Активисттин жакындары бул окуяны Балтабайга болгон кысым катары баалап жатышат.

"Адилет кабыргасы сынып ооруканада"

Жарандык активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарованын айтымында, Пробация кызматы Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын, тагыраагы өзү жашап турган Сокулук районунун аймагынан Бишкек шаарына уруксат албастан чыгып кеткенин негиз кылып сотко кайрылган. Балтабайдын үйү шаардын чек арасы бүткөн жердеги Новопавловка айылында жайгашкан. Активист өзү ооруканада жаткандыктан отурумга келе алган жок.

“Пробация кызматкеринин айтымында, алардын ички эрежеси бар экен. Алар Адилет биз жашап турган жерден башка жерге уруксат менен барышы керектигин айтып жатышат. Бир жолу суранбай Бишкекке чыгып кеткенин айтышты. Мунун баары Адилеттин түз эфиринен кийин болуп жатат го. Анткени ага чейин Адилет таенесинин ашына Токтогулга, үйүнө - Жалал-Абадга барып келген".

Адилет Балтабай УКМКнын операциясы маалында криминалдын анабашы аталган Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин социалдык тармактагы баракчаларына түз эфирге чыгып, окуя боюнча пикирин билдирген. Бул окуядан кийин аны УКМК суракка алып, Көлбаев боюнча суроолорго жооп бергени айтылган.

Атайын кызматтын сурагынан кийин Адилет Балтабайдын сабалганы, анын эки кабыргасы сынып кеткени белгилүү болгон. Бирок аны ким ур-токмокко алганы айтылган эмес.

"Ал өткөндө катуу сабалган. Биз ошондо эле ооруканага кайрылганбыз. Бирок орун жок болгондуктан, кезекке туруп койгонбуз. Бир күн мурун, 30-октябрда барып жатты", - деди Гүлкайыр Жапарова.

Ишти караган Сокулук райондук сотунун судьясы Адилет Балтабайдын ооруканада жатып, жатпаганы текшериле турганын айтып, кийинки отурумду 3-ноябрга белгиледи.

Эки жолу камалып, эки жолу бошотулган Адилет

Адилет Балтабай соңку бир жылдын ичинде эки жолу камалып, эки жолу сот залынан бошотулду. Алгач 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон эле. Мунун алдында жарандык активист бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен түз эфирге чыгып жүргөн.

Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи Май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.

Ал эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдоп пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соттун чечими менен кайра камалган. Ал жазасын №27 абагынан өтөй турган болгон.

Адилет Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн. Жогорку Сот 19-апрелде анын арызын карап, канааттандырган. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган. Эми жарандык активисттин жакындары Балтабайды камап коюшат деп чочулап атышат.

Анын апасы Сайкал Жунусова бийликке кайрылуу жасады:

"Кыргызстан чоң мамлекет. Убагында Орто Азиядагы демократиянын аралы болуп даңкталып турган, өзүнүн бийик статусу бар мамлекет. Мына ушул мамлекетибиз бүгүнкү күндө бир үй-бүлөнүн жалгыз баласын куугунтукка алып, камап турганы мамлекеттин жакшы жетишкендигиби? Мамлекеттин ар бир бутагында дайыма чындык, адилеттүүлүк болушу керек. Ошондой эле анын ар бир үй-бүлөсүндө жөнөкөй, тынч, бакубат жашоо болушу керек. Ошондо гана эли бийлик өкүлдөрүнө ыраазы болушат. Бүгүн Адилеттин дагы сотко чакырылып жатканын угуп өтө кыжалат болуп турабыз".

Адилет Балтабай козголгон кылмыш ишин, сот чечимин өзүнүн жарандык позициясы менен байланыштырып, бийлик аны куугунтукка алып жатканын айтып келет.

Пробация капканбы?

Соңку учурда пробация жазасы колдонулган, же үй камагына чыгарылган саясатчы, активисттердин катары калыңдады. Аларга жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берүүгө, саясий процесстерге катышууга, митинг, ар кандай акцияларга барууга, тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр бар. Укук коргоочу Рита Карасартова бийлик ушундай жол менен сын айткандардын колу-бутун тушап атканын билдирди. Карасартова да Кемпир-Абад иши боюнча 8 ай абакта отуруп, кийин үй камагына чыккандардын бири.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

“Адилет экөөбүздүкү аябай окшош ситуация. Козголгон кылмыш иштерибиз далилденген эмес. Бирок үй камагына, же болбосо пробацияга чыгарып коюшкан. Абактан чыкканыбыз менен оозубузду жаап отурушубуз керек. Мага деле эскертүүлөр келип атат. Ар үчүнчү күнү сот болот. Ага барган сайын камап салышабы деп отурам. Сүйлөгөн кишини эле ушинте беришсе, анда кандай мамлекет болобуз? Бул маселе бир нече активистке, саясатчыга тиешелүү болуп турат", - деди Рита Карасартова.

Үй камагы - шектүүгө карата колдонула турган баш коргоо чаранын бир түрү. Ал эми пробациялык көзөмөл - жазанын бир түрү. Экөөндө тең кандайдыр бир чектөөлөр, милдеттер жана укуктар бар.

"Пробация жөнүндө" мыйзам 2017-жылы кабыл алынып, сот өкүмү чыккан адамды кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган документ экени айтылган.

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталышы керектигин айтат.

Ялкун Даутов.
Ялкун Даутов.

"Саясий ишпи, экономикалык ишпи эч айырмасы жок. Мисалы, үй камагы каралганда "тергөөнүн сыры" деген түшүнүк бар. Ага ылайык, кайсыл бир адамдарга, коомго маалымат бербеши керек. Пробациянын да өз мөөнөтү бар. Бул аралыкта кайсыл бир жаран коомго аралашып кетиши керек. Эгер мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбаса, анда кайра камакка алынышы толук мүмкүн. Айыпталуучу, соттолгон алам мыйзамды сакташы керек".

Жарандык коом, эл аралык уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип жатканын айтып келишет. Буга Кемпир-Абад иши боюнча, бийликке сын айтканы үчүн камалгандарды, суралгандарды мисалга тартышат. Бирок бийлик мындай дооматтарды четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG