Ал эми билет сатканы айтылып жаткан авиакассанын каалгасы учурда бек турат. Азыр аларды ошол жакта иштегендердин жакындары да таппай жатканы белгилүү болду.
Бишкек шаарынын тургуну Эрнис Осмоналиев 26-май күнү Орусиянын Сахалин облусуна учмак. Ал борбордогу авиакассалардын биринен 70 миң сомго билет алып, эки кызы менен иштегени кетип жаткан. Бирок аэропорттон уча тургандардын тизмесинде жок болуп чыккан. Кийинчерээк билети жасалма экенин билген.
«27-апрелде 26-майга, бир ай мурун Сахалинге билет алгам, - дейт ал. - Аэропорттогулар өткөрбөй коюшту. Анткени алган билетим жасалма болуп калды. Билетти ал жерден биринчи жолу алдым. 1000 сомго арзаныраак болчу. Арзанына карап ошол жерден алгам да».
Жасалма билет сатып алгандардын катарында Мухадас Акылбекова да бар. Анын уулу 3-июнь күнү Орусиядан Кыргызстанга келмек.
«Майдын жетисинде балам Москвадан бул жакка келиши үчүн электрондук билет алгам, - деди Мухадас Акылбекова. - Камаарабай эле үйдө жатсам, Ош базарда жасалма билет саткандар тууралуу угуп калдым. Буюрса балам 3-июнда келмек. Ал үч жылдан бери ошол жакта болчу. Көрүнгөндөн акча сурап, кайра билет алдым. Айла жок, балам үчүн алдым. Балам Москвадан эле билет алайын десе «ой, жок, алданып калба» деп койгом да. Эми өзүм алданып отурам».
Мындай жагдайга туш болгонун айтып, «Азаттыкка» кырктан ашык адам кайрылды. Алардын баары билетти борбордун Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан авиакассадан сатып алышкан. Соңку жылдары Орусияда иштеп жаткан Жибек Раимбекова билетти дайыма ошол жерден алчу. 20-май күнү 10 миң сомго алган билети жасалма экенин уккан Жибек дароо авиакассага келген. Бирок билет саткан таанышын ордунан таппай калганын айтты:
«Авиакассада иштеген Аида Сасыкованы эки жылдан бери тааныйм. Менин үй-бүлөм андан билет алып ары-бери учуп жүрчү. Баары эле жакшы болчу. Аидадан акыркы жолу Орусияга иштегени баратканымды айтып, билет алгам. Аэропортко барсам «базада жок экенсиңер, билетиңер жасалма экен, кайсы авиакассадан алсаңар ошол жакка баргыла» деп артка кетирип жиберишти. Беш-алты жолу текшерттим, бирок базадан чыккан жокмун. Дароо авиакассага келсем эшиги кулпуланган экен».
Жасалма билет сатканы айтылып жаткан авиакасса Бишкектеги Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Эне өргөөсү» аттуу соода борборунун жанындагы чакан күркөнүн ичинде жайгашкан. Комментарий алыш үчүн барып, каалганын сыртынан «иштебейт, ачпагыла» деген жазууну көрдүк. Жабыркагандардан бул авиакассада Аида Сасыкова жана Алишер Мамбетов аттуу адамдар эки жылдан бери иштеп жүрүшкөнүн билдик. Ушул жерде боёнуучу каражаттарды саткан кыздар алар бир жумадан бери ишке чыкпай жатканын айтышты.
Авиакассанын сыртында көрсөтүлгөн телефон номерлери да иштебей жатат. Бейтараптык үчүн алардын жакындары менен байланыштык. Аида Сасыкованын эжеси анын бир жумадан бери дайынсыз экенин айтып, бирок комментарий берүүнү каалаган жок. Ал эми Алишер Мамбетовдун апасы Кенже Аида Сасыкова баласынын сүйлөшкөн кызы экенин, экөө бир жылдан бери бирге иштеп жатышканын билдирди. Баласынын эки жумадан бери байланышка чыкпай жатканын айткан эне уулуна коюлган дооматтарга ишенбей турат:
«Телефону эки жумадан бери өчүк. Эмне кыларымды билбей калдым. Төрт жыл сүйлөшкөн кызы. «Ушуну менен иштеп жатам» деген да. «Аида, Аида» деп эле жүрчү. Менин балам былтыр май айында Түркиядан келген. Ошол кыз менен иштегенине бир жыл болду. Мындай ишке кантип барганына өзүм шок болуп жатам. Институтту бешке окуган балам ушундайга кирип кеткенине өзүм таң калып жатам. Кабарым жок ыйлап отурам».
Бул окуя боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгына 12 адамдан арыз түшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасованын айтымында, авиакасса адамдарга 100 миң сомго чукул зыян келтирген.
«Азыркы учурда булар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, ыкчам иликтөө тарабынан изилдөө жүрүп жатат», - деди Садыбакасова.
Адистердин айтымында, учак билеттеринин жасалма экенин билүү оңой эмес. «Андай шылуундардын капканына түшүп калбаш үчүн эмне кылыш керек?» деген суроого чет өлкөгө көп учкан медиа эксперт Гүлнура Төралиева жооп берди:
«Мен билетти негизинен компаниялар аркылуу алдырам. Элдин ишенимине кирген, таанымал компаниялардан алам. Билеттин жасалма экенин аныктоо кыйын. Анткени азыр көпчүлүк электрондук система аркылуу билет сатып алып учуп калбадыбы. Алар билетти почтага жөнөтүшөт. Ал жерде болгону бара турган жердин маршруту гана көрсөтүлөт. Ошондуктан, компаниялардын өзүнөн эле сатып алган туура».
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, адамдар жапырт жабыркаган мындай окуя буга чейин Кыргызстанда катталган эмес. «Азаттык» бул окуяда айыпталып жаткандардын өздөрүнүн да пикирин укканга даяр.