Быйыл кыргыз киносуна 84 жыл толду. Соңку он жылда кыргыз киносу жаңы дем менен кайрадан жанданганы байкалат. Маалыматтарга таянсак, өлкөдө жылына 30-50гө чейин көркөм тасмалар прокатка чыгат. 70ке жакын киностудия бар.
Коом триллер көргүсү келеби?
Кезинде жаш көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан "Боз салкын", "Уурунун махабаты", "До+Фа" тасмаларынын режиссеру Эрнест Абдыжапаров кыргыз кинолору суроо-талап болгон үчүн тартылып жатканын белгиледи.
“Азыр дүйнөлүк кинематография кризиске учурап жаткан мезгил. Абройлуу кино фестивалдарда түшүнүксүз кинолор сыйлык алууда. Кино сынчылардын көбү нааразы. Бирок ушундай шартта кыргыз киносу ачылып, гүлдөй баштады. Эң негизгиси эл барып жатат. Элдин купулуна толгон, деңгээли жогору тасмалар да тартылууда. Сан сапатка айланат деген түшүнүк бар. Демек, элдин талабы өсүүдө. Мамлекет да кино жаатына көңүл бура баштады. Биз кыргыз киносу жаңырган доордо жашап жатабыз. Кинодо да муун жаңырып, Голливуд кинолору менен өскөн балдар чыгып жатат. Техникасы да жакшы”.
Эрнест Абдыжапаров ушу тапта Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасын мюзикл жанрында тартууда.
Акыркы жылдары Кыргызстанда комедия жанрындагы кинолор көп тартылууда. Мындан улам кино жеңил-желпиге ыктап, доордун үнүн чагылдырбай калды деген сындар айтылып келет.
Бирок режиссер Айбек Дайырбеков бул дооматка макул эмес.
"Быйыл Актан Арым Кубаттын тасмасы Шанхайдан гран-при алды. Көптөн бери "А" классындагы сыйлык ала элек болчубуз. Кыска метраждуулардан Илгиз Шернияздын тасмасы Оберхаузенде "А" классынан гран-при алды. Болот Шамшиевдин доорунан бери мындай ийгилик боло элек эле. Дегеним, бүгүнкү күндө кыргыз киносу арт-хаусту да, комедияны да сунуштай турган деңгээлде. Кыргыз киносунун тарыхында азыркыдай жанрдык кенендик болгон эмес. Союз маалында негизинен драма гана тартылчу. Комедия, тарыхый драмалар, триллер жок болчу. Комедия тартуу оңой иш эмес, анткени татаал. Бирок бул жанр бизде 2010-жылдары өнүгүп кетти. Буга тарыхый зарылчылык түрткү болду. Эл кыйналып турганда эс алгысы келет экен да. Азыр эми триллер тартыла баштады. Турмуш жакшы өлкөлөрдө триллер менен ужасты адреналин алыш үчүн тартышат".
Акыркы кезде кыргыз коомунда сериалдардын көрүүчүлөрү көбөйдү. "Этномедиа" онлайн платформасынын өнүктүрүү боюнча жетекчиси Асел Умарова заманбап технология дал ушул сериал сүйүүчүлөргө иштей баштаганын айтууда.
"Интернет, технология өнүгүп жатат. Вертикалдуу сериалдар алгач Кытайда пайда болду. Ал жакта атайын платформалар ачылген, миллиарддаган киреше алып келет экен. Мунун тренд болуп жатканына Тик Ток, Инстаграм, YouTube'дагы кыска видеолор көп көрүүчү топтогону себеп болду. Адамдын көңүлүн азыр эки-үч мүнөттүк видеолор эле кармайт экен. Вертикалдуу сериалдар Казакстанда, Өзбекстанда да пайда болду. Бул эми киреше табуунун бир жолу. "Этномедиа" платформасына быйыл беш жыл болду. Беш жыл мурда дал ушул кино күнү старт алган. Бизнестен тышкары, кыргыз киносун дүйнөгө жайылтуу максатын да көздөгөнбүз. Бардык эле кинолор прокатка чыга албайт. Мисалы, сериалдар. Аларды эл онлайн көрөт. Бирок аны тартуу дагы чоң эмгек, бир нече киши иштейт. Аларга кошумча киреше болсун дегенбиз. Акыркы жылдары пираттык тасма көргөндөрдү тарбияладык десем болот. "Этномедиа" платформасын 1 млн 300 адам көчүрүп алып, бир жолу көрүп чыккан. Дүйнө жүзү боюнча жүздөн ашуун өлкөдөн көрүшөт бизди".
"Сценарий жакшы жазылса"
Эгемендиктин алгачкы жылдарында тартылган тасмаларда ойногон актер Бусурманкул Одуракаев жакшы сценарий кинонун өзөгү экенин белгиледи.
"Кулактын музыкасы, анан жүрөктүн музыкасы деп коет да. Кино деле ошондой болуп калды. Азыр эми цензура жок. Баары каалаганын тартууда. Мен киного тартылар алдында алгач сценарий окуйм. Жакпаса баш тартам. Бир жолу билбей барып алган экем. Азыркылардын сценарийи жаманы жок, жакшысы көп, бирок мыктысы аз. Азыр Жасалма интеллект чыгып жатат. Кыргызча ырдап жатат. Киного да атаандаш болот го. Ошого карабай кыргыз киносу өз жүзүн, ордун жоготпосо дейм".
Бусурманкул Одуракаев өзү дагы даректүү тасмаларды тартуу менен алектенип келет. Андан тышкары "Саз", "Кайдасың азыр каралдым", "Муңайба" аттуу кыска метраждуу үч көркөм фильм тарткан.
Режиссер Темир Бирназаров сценарий маселесин көп жылдан бери көтөрүп келет. Ал айрыкча мамлекеттин акчасына тартыла турган тасмалардын сценарийлери элдин сынына коюлушу керек деген пикирде.
"Мамлекеттик тасмалар идеалында каада-салт, идеология, тарых, баалуулуктарды чагылдырышы керек. Мурда бул багыт каралбай калган. Эки жылдан бери бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Кино коомдун калыптанышына, ой жүгүртүүсүнө чоң таасир этет. Ошол себептүү сценарийлерди кабыл алуу абдан кылдат жүрүшү керек. "Кыргыз керемети" тууралуу көп айтабыз. Бирок ошол кезде "Кыргызфильмдин" башкы редактору Жолон Маматов болгон. Көркөм кеңеште Кубатбек Жусубалиев, Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Мурза Гапаров, Ашым Жакыпбеков болгон. Азыр биз дагы көркөм кеңешти күчтөшүбүз керек. Улут баалуулуктары жөнүндө гуманисттик чыгармалар жазылышы керек. Элдин акчасына кино тартып жатабыз. Андай болгондон кийин сайт ачып, түшкөн сценарийдин баарын илип коюш керек. Ачык болсо, эл өзүнө жакканына сунушун да, добушун да бермек".
Акча бөлүндү, адистер тартыш
Ал эми режиссер Айбек Дайырбеков учурда сценаристтер сыяктуу эле кино жаатында башка адистер да тартыш экенин белгиледи.
"Кыргызстанда кино таануучу, искусство таануучулар жок. Аниматорлорду даярдаган окуу жайлар жок. Казакстанда ал илгери эле бар болчу. Ошон үчүн азыр ондогон тасмаларды тартып жатышат. Кино сынчылар жок. Экинчи курамды даярдоо деген жок. Музыкалуу драма актерун даярдаган факультет Алматыда бар. Бизде жок. Биздеги спектаклдерде бийлер бири-бирине окшош. Анткени хореография профессионалдык деңгээлде актердук факультетте окутулбайт. Айта берсе көйгөй көп".
Расмий маалыматтарга таянсак, кыргыз кинематографиясына мамлекеттик колдоо акыркы үч жылда 11 эсе жогорулап, бөлүнгөн акча 80 млн сомдон 951 млн сомго жеткен. "Кыргызфильм" келерки жылы 11 тасма тартууга белсенүүдө. Анын үчөө тарыхый, төртөө фестивалдык фильм болот.
Кинематография департаментинин жетекчиси Талант Төлөбеков кыргыз киносун өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары аткара турган пландары менен бөлүштү.
"Театр тармагында он, кино жаатында он жыл иштегем. Кийинки жыл биз үчүн чоң дата. Чоң оргкомитет түзүп, иш-чараларды аймактарда өткөрөлү деп жатабыз. "Кыргызфильмдин", "Кыргыз сериалдын концепциясын өзгөртүү планыбыз бар. Жаштар үчүн жаңы контент жаратып, вертикалдуу сериалдарды тартсакпы дейбиз. Кино департаментинин бирдиктүү терезесин ачалы деп жатабыз. Ал жерде төрт программа иштейт. Биринчиден, "Дебют" программа ачып, Шамшиев, Океевдей режиссерлор, сценаристтер чыксын деп жатабыз. Экинчи тармак, арт-хаус жанрын колдоп, акча бөлүп берели деп жатабыз. Үчүнчүсү ко-продукция. Дүйнөлүк кинокомпаниялар менен иштешип, тасма жаратууга аракет кылабыз. Төртүнчүсү - мамлекеттик тапшырык. Жылына бир-эки кино тарталы дейбиз. Ошондо ушул жерде жүргөн адамдардын баары иш менен камсыз болот".
Кыргыз киносунун жанданышы менен эл бир катар жаңы жүздөрдү тааный баштады. Башында комедиялык тасмаларда ойногон актер Эмил Токтошев учурда өзү да тасма тартууда.
"Кыргыз киносуна реалдуу тасмалар жетишпегендей болуп жатат. Калгандары жакшы эле. Мен өзүм драмага тартылгым келет. Кино аймактарга, Ош, Баткенге жылса дагы көп актер-актрисалар элге таанылмак. Азыр көпчүлүк тасмалар Бишкекте эле тартылып жатпайбы".
Мындан туура 84 жыл мурда 1941-жылы Фрунзеде кинохроникалык студия ачуу токтому кабыл алынган. Ошондон бери 17-ноябрь Кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет. 1961-жылы "Кыргызфильм" болуп өзгөргөн киностудияга эгемендик жылдары режиссер Төлөмүш Океевдин ысымы берилген.
Быйыл анын элеси түшүрүлгөн мурал киностудиянын имаратынын бет маңдайында пайда болду.
Өткөн жылдын январында УКМК киностудиянын ишин текшерип, Маданият министрлигинен атайын комиссия түзүүнү сураган.
Июль айында беш кишиден турган комиссия мүчөсү, режиссер Бакыт Мукул мекеме жетекчилиги мамлекеттен бөлүнгөн акча ыраатсыз пайдаланганы, бир катар мыйзам бузуулар аныкталса дагы министрлик чара көрбөгөнүн айтып чыккан эле. Мындан кийин мекеменин ошол кездеги жетекчиси Акжол Бекболотов менен мурдагы редактор Назым Меңдебаиров иштен кеткен. Август айында "Кыргызфильмдин" жетекчиси болуп Максат Жумаев дайындалган.
Шерине