Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Түркмөн бийлиги мигранттарды "байлады"


Ашхабад эл аралык аба бекети.
Ашхабад эл аралык аба бекети.

Түркмөнстан бийлиги сыртта иштеп келүүнү ниет кылган өз жарандарынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууда. Акыркы жумаларда эле Стамбулга жана Дубайга кеткени жаткан ондогон жарандар аэропорттон уча албай калышкан. Түркмөн жарандары экономикалык каатчылыктан улам өлкөдөн кетүүнүн түрдүү жолдорун издешүүдө.

Ашхабаддын жаңы, заманбап аба бекетинен Стамбулга жана Дубайга уча турган ондогон жарандарды колунда билети болсо да учакка отургузбай жатышат.

Айрымдары билет чыгымын кайтарып бергенине ыраазы болсо, башкалары кете албай калганы үчүн аэропорттун кызматкерлери менен кайым айтышууга чейин барууда.

Инфляция өсүп, калктын 50 пайызы жумушсуз жашаган жана күнүмдүккө керектүү азык-түлүк тартыш болуп жаткан Түркмөнстандан жарандар жакшы жашоо үчүн кетүүгө мажбур. Учурда Стамбулда жашап жаткан түркмөн мигранты өлкөдөн кетүүгө себеп болгон жагдайларды атады:

- Жогорку билимим болгонуна карабастан, мени жакында жумуштан бошотуп салышты. Башка иш тапканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Баалар өсүп, жашоо күн санап кыйындап баратат. Айла жок кетүүгө туура келди.

Аба бекеттеринен уча албай калгандар - көбүнчө экономикалык жактан артта калган Дашогуз жана Лебап сыяктуу аймактардын тургундары.

Аналитиктердин айтымында, түркмөн бийлигинин өлкө жарандарынын кетүүсүнө тоскоолдук кылганы эл аралык конвенциядагы адамдардын эркин жер которуу укугуна каршы келет. Түркмөнстандын Конституциясы да адамдарга ээн-эркин өлкөдөн чыгуусуна жана кирүүсүнө кепилдик берет.

Түркияга кетүү кыйындаган сайын түркмөн мигранттары Азербайжанга уча баштаган. Айрымдары болсо жумуш табуу үчүн же болбосо Түркияга жетип алуу үчүн Казакстанга жана Өзбекстанга бет алууда. Учурда Стамбулда жашап жаткан түркмөн жараны жол азабын мындайча айтып берди:

- Стамбулга кетүүгө аракет кылганда бизди бир канча жолу Ашхабад аба бекетинен түшүрүп калышты. Өлкөдөн кетүү аракетибизден майнап чыкпай жана аткаминерлер талап кылган параны берүүгө күчүбүз жетпей калганда, башка жолдорду издей баштадык. Айрымдар Өзбекстанга, башкалары Казакстанга барып, ошол жактан учушту.

Түркмөн жараны кошумчалагандай, Өзбекстанга же Казакстанга 300 долларга өткөрүп койгон топ да пайда болгон. "Биздин Түркмөнстанга кайтуу ниетибиз жок. Анткени ал жакта ойдогудай жашоого шарт жок", - деди ал.

Түркмөн полициясы Ашхабад аба бекетинде паспорт текшерүүдө.
Түркмөн полициясы Ашхабад аба бекетинде паспорт текшерүүдө.

Ал арада түркмөн бийлиги мурда башка өлкөгө кетип калгандарды кайтарып келүү аракетин да көрүп жатат. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү мигранттардын туугандарына басым жасап, жакындарын өлкөгө кайтып келүүгө көндүрүүгө мажбур кылууда. Атын атагысы келбеген дагы бир түркмөн жараны буларды айтты:

- Жакында мени жергиликтүү полицияга чакырып, инимди Түркмөнстанга кайтарып келүүнү талап кылды. Алар мени Ата Мекендин алдындагы милдетиңди аткар, эгер иниң келбесе, аскерде кызмат өтбөсө, армиядан качкан адам катары кылмыш жоопкерчилигине тартылат дешти.

Ашхабад буга чейин мигранттарга байланыштуу каржылык тоскоолдуктарды да киргизген. Өлкөнүн "Внешэкономбанкы" сырттан чет өлкөлүк валюта менен которулган каражатты алууга тыюу салган.

Түркмөнстандын аба бекети.
Түркмөнстандын аба бекети.

​Ошол эле кезде аскердик милдетин аткарып бүтүп, чет өлкөгө окууга кетип жаткандардан да сөзсүз кайтып келем деген убадасын кагаз түрүндө алып калышууда.

Казакстанда окуган түркмөн студентинин “Азаттык” үналгысына берген маалыматына караганда, ал да "окууну бүткөндөн кийин кайтып келем" деп тил кат жазып берген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын журналисти чет өлкөгө чыгууга жаралган тоскоолдуктар боюнча мындай деди:

- Эмне үчүн чыгарбай жатышат? Анткени эл тынымсыз кетип жатат, кээ бир айылдар ээн калганын айтышууда. Жакында чет өлкөдө жакындары иштеген жарандарды туугандарыңарды кайтарып келгиле деп атайын өнөктүк да жүргүзүштү. Бирок мигранттар артка кайтууну каалабай турганын, Түркмөнстанда жумуш жок экенин айтып жатышат. Акыркы кезде өлкөдө экономикалык абал начарлап кетти. Ун, нан жетишпейт. Муну билген мигранттардын кайтып баруу ниеттери жок.

Түркмөнстандан келген акыркы маалыматтарга караганда, 30 жашка чыга элек эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынып жатат. Жеке коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген Дашогуз облусунун тургунунун айтымында, анын чет өлкөгө кетүүнү ниет кылган таанышын облустук миграция кызматына чакырып, учак билетин алып коюшкан. Ага жаңы буйрук боюнча 30 жашка чейинки эркектердин чет мамлекетке чыгуусуна тыюу салынганын эскертишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG