Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Анархия көлөкөсү, чукул чараларга муктаж өлкө...


Өлкөдөгү кырдаал дале курч бойдон калууда. Жалал-Абадда кулатылган президенттин тарапкерлери облустук администрацияны ээлеп алып, губернаторлукка жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине өз кишилерин коюп алышты.

Ал эми Бишкектин жака-белинде жер басып алуучулардын тополоңу басылбай, кагылыштарда набыт болгондор бар. Убактылуу өкмөт дале кырдаалды жөндөй албай, кадрдык талаш-тартыштар менен алектей.

Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсү бийликте турганына он төрт гана күн болду. Бирок бул өтө кыска аралыкта аларга нааразы болгондордун саны геометриялык прогрессия боюнча өсүп бараткандай түр калтырууда.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кадрлар маселесинде келише албай атышабы?

Бишкек четиндеги Маевка айылы. Баш аламандыктан кийин. 20.04.2010
Биринчиден, бийликке келип-келбей Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз кишилерин негизги кызмат орундарына дайындай баштап, протфель бөлүштүрүү маселеси биринчи планга чыгып кеткендей. Маселен, кадрдык маселеде талаш-тартыш чоң экени алгач эле Бажы кызматынын жетекчисин улам-улам алмаштыруудан байкалды. 8-апрелде Бажы кызматынын башчысын Темир Сариев алмаштырып кетсе, 9-апрелде Азимбек Бекназаров башка адам коюп салды. Ал эми 12-апрелде Алмазбек Атамбаев барып дагы башка кишини дайындап кетти.

Мындай чоң кызматтарга байланыштуу талаш-тартыш маселеси, Ички иштер министринин милдетин аткарып аткан Болот Шерниязовдун кызматтан алынганы тууралуу маалыматтын чыгышынан улам да айтылууда.

Анткени 19-апрелде кечке маал Убактылуу өкмөт жайгашкан Коргоо министрлигинин алдына 200 чамалуу милиция кызматкери чогулуп, тармакты жакшы билет делген Бакыт Алымбековду министр кылууну талап кылып, максаттары орундалган соң таркап кетишкен. Кечинде кайра Болот Шерниязовдун 300 чамалуу адамы Коргоо министрлигинин алдына келип, Б.Шерниязовго тийбөөнү талап кылышты. Алардын иш-аракетине “Азаттыктын” кабарчысы көз салып турду. Андан соң Убактылу өкмөттөгүлөр Б.Шерниязов кызматтан алынбаганын айта башташты. Убактылуу өкмөттүн каршылаштары бул баш-аламандыкты да усталык менен өз пайдасына колдонуу аракетин көрүшүүдө.


Качкандар кармалабы? Чагымчылар кимдер?

Экинчиден, Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги кандуу окуя жана мамлекеттик мүлктү талап-тоноо боюнча айыпталып аткан кулатылган президент К.Бакиев, анын уулдары Марат менен Максим, иниси Жаныш Бакиев, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, “MGN” компаниясын башкарып келген Евгений Гуревич баштаган негизги фигуранттарды кармай албады. Мындай абал 7-апрелде курман болгондордун жакындарына, мурдагы бийликке каршы болуп келген башка кыргызстандыктарга жакпасы бышык.

Ушундай кырдаалда Жалал-Абад облусу да тынчыбай, ушул тапта К.Бакиевдердин тарапкерлери олбустун жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине өз кишилерин койгонго жетишишти.

Белгилүү саясат талдоочу, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Убактылуу өкмөт тез арада портфель талашын токтотуп, ири алды Жалал-Абадды тынчытуу боюнча чечкиндүү аракет көрүүлөрү керек. Анүчүн оболу К.Бакиевдин уулдарын, бир тууганы Жаныш Бакиев баштаган адамдарды кармоолору зарыл. Анткени абалды курчутуу аракеттерин дал ошол адамдар уюштуруп аткандары көрүнүп турат. Атпесе Убактылуу өкмөт алты айга да жетпей кулап, мамлекеттүүлүк коркунучка кептелет:

О.Молдалиев


- Жер талашып атып мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Портфель талашып атып, Убактылуу өкмөт такыр эле бийлигинен ажырап калышы мүмкүн. Ошону ойлонуштуруш керек. Булардын ошол оппозицияда жүргөндөгү ыркы жоктору азыр ошону күчөтүп атышат. Мунун баарын токтотуш керек. Бул жерде абал мындай болуп атат. Булар бийлиги жок калышса мейли, биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн ушундай кырдаалда.

Эгер улуттар аралык жаңжал чыгып кетсе, ага диндер аралык жаңжал кошулуп кетчү болсо бизде Тажикстандагыдан жаман кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Ушуга түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек. Элди мобилизация кылыш керек, Убактылуу өкмөт өзү мобилизация болушу керек. Калган иштерин токтото турушу керек. Ушул иштер боюнча тез чараларды көрүү зарыл. Бийликти бекемдөө керек. Анан булар шайлоолорго даярдана башташты... Шайлоо болбой калышы да мүмкүн. Башка маселелер чечилбей атканда ага даярданып эмне кереги бар. Аюу тирүү турат. Анын терисин бөлүшпөй коё туруш керек азыр.


Ошентсе да Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп турушканын, кадрдык маселелерде талаш-тартыш жок экенин айтышууда. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев, дагы бир орун басары Азимбек Бекназаров да журналисттердин суроолоруна жооп берип, бардык чечимдер чогуу кабыл алынып атканын, талаш-тартыш маселе жок экенин ырасташууда. А.Атамбаев мындай дейт:

А.Атамбаев


- Мына азыр өкмөттө Р.Отунбаева болобу, А.Бекназаров болобу, Ө.Текебаев болобу баары тең күнү-түнү иштеп атышат. Балдардын каны төгүлдү. Бирөө дагы кызмат алыш үчүн иштеген жок. Алты айдан кийин эл чечсин. Мындай өкмөт кереги барбы же кереги жокпу эл чечсин...

Бишкекте абал тынч эмес, ал эми К.Бакиевди Беларус койнуна алды

Борбор шаар Бишкектин өзүндө да абал тынчыбай атат. Шаар тегерегиндеги айдоо аянттарын басып алгандар менен жер ээлеринин кагылыштарынан улам набыт болгондор да болду. Бишкекте эле эмес Борбор Азиядагы эң чоң соода түйүнү болгон Дордой базарында соода кылгандар чочулап, талап-тоноочулардан корккон бир катар ишкерлер товарларын алып кетип, контейнерлерин жаап салышты.

20-апрель күнү түшкө маал Бишкек четиндеги Маевка айылы тараптан калың топ келатканы тууралуу маалымат тарап, Дордойдо соода кылгандар кыйла тополоң болушту. Бирок ал маалымат туура эмес болуп чыкканын, Дордой тарап тынч экенин базар жетекчилиги айтып чыкты. Талдоочулардын айтымында, мындай маалыматтар эл арасына атайын бүлүк салуу максатында таркатылып атканы көрүнүп турат.

Өлкөдөгү мындай оор кырдаалдан чыгууга көмөк кылуу максатында кыргызстандык көптөгөн жарандар түрдүү элдик кошуундарды да түзүшүүдө. Дээрлик жаштардан турган элдик ыктыярдуу кошуундар Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөк кылышууда. Убактылуу өкмөттөгүлөр да коомчулукту мобилизациялоо керектигин айтышууда.

Ал арада Кыргызстандын кошуналары, эл аралык коомчулук, негизги өнөктөштөрдүн бири болгон Орусия жетекчилиги чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулашууда. Орусия жетекчилиги Кыргызстанда көптөгөн орусиялык жарандар бар экенин айтып, аларды коргоого даяр экенин да кыйытып турат.

"Ошол себептүү, кырдаал курчуй берсе Орусия аскер киргизиши да мүмкүн",- дейт О.Молдалиев. Мындай аракет өзбек улутундагылар көп жашаган өлкө түштүгүндө да болушу мүмкүн деген чочулоолор кала берүүдө.

Ал эми дүйшөмбү күнү кулатылган президент К.Бакиевди - анын кийинки аялын, беш жашар уулун жана тогуз жашар кызын Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандан Минск шаарына алдырып келип, аны толук колдой турганын билдирди. Буга чейин А.Бекназаров бир дагы мамлекет К.Бакиевди кабыл алуу ниети жок экенин, эгер аны Беларус кабыл ала турган болсо эки өлкө мамилеси бузулушу мүмкүн экенин айткан эле.

Эскерте кетсек, Беларустун президенти А.Лукашенко дүйнөлүк коомчулукка Европанын эң акыркы диктатору катары таанымал.

XS
SM
MD
LG