Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

О. Дүйшеев: Тоо-кен өнөр жайы терең кризисте


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Жаңы жыл алдында Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын кеңешинин жыйыны өлкөнүн тоо-кен тармагын терең кризисте турат деген тыянак баасын чыгарган. Бул жөнүндө Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев “Азаттыкта” кеп салып берди.

- Өкмөт быйылкы жылы 30 тонна алын казып алабыз дегендей ойду айтып жатат, бул канчалык реалдуу ?

-Эч кандай чындыгы жок. Анткени тоо-кен өнөр жайындагы акыбалды ойлонуп, 29-декабрда атайын ассоциациянын кеңешинин жыйынын өткөргөнбүз. Бул жыйында алты доклад окулду. Ошол докладдардын негизинде карасак, бүгүнкү күндө тоо-кен өнөр жайы терең кризисте деп айтсак болот, анткен себеби бир Кумтөрдөн башка тоо-кен өнөр жайында эч кандай алдыга жылыш жок.

Артка кетүү бар, маселен айтып коюлук. Мына Жерүй кени 19-20 жылдан бери ишке кирбейт. Бул Кыргызстандагы тоо-кен өнөр жайындагы саясаттын күзгүсү. Демек тоо-кен өнөр жайында бирдиктүү, илимий изилденген бекем саясат жок. Кайсыл жерде эмне болсо, ошону баштайбыз да кайра таштап коюбуз. Маселен, бизде байлыктар көп. Ошол байлыктарды ишке киргизүүнун эч кандай стратегиясы да, тактикасы да жок. Ошондуктан Кумтөр маселеси боюнча, өзүңүздөр билесиздер, 2007-жылы кыргыз элине пайдалуу, абдан жакшы чечим кабыл алынган, аны ар түрдүү интиригалар менен алигиче чейин кабыл алышкан жок.

Ошондуктан биздин бүгүнкү күндөгү тоо-кен өнөр жайындагы саясатты туура эмес деп таптык. Ал жөнүндө көптөгөн сунуштар киргизилди, аларды чечим менен кошо, кудай буюрса, мына бир 5-6 күндүн ичинде бүт жетекчилерге, маалымат каражаттарына да беребиз.

-Талды-Булактагы кенди иштетүүгө киришип калды деген сөз болгон эле. Бул жерде ахыбал кандай болуп жатат?

-Бул жерде ахыбал өтө оор. Анткен себеби өткөн жылы бар болгону 100 м гана жер алдына кирүүгө өткөөл жасалды, калганы жок. Анткени ар бир ишти баштаганда мамлекет да жардам бериш керек да. Мамлекетте, өкмөттүн колунда бул боюнча адис жок. Ал эми Кыргызстандагы адистерди булар колдонбойт.

Маселен, айтып коюлук, биз өткөргөн жыйынга өкмөттүн апаратынан дагы, президенттин аппаратынан дагы чакырдык эле, келишкен жок. Чоң ырахмат, экономика министири катышты, ал киши абдан жакшы сөз сүйлөдү. Анын идеясы абдан жакшы экен, биз колдоп жатабыз.

Депутаттардан бир гана Отунбаева келди, ал киши да өзүнүн жүрөгүндөгү сырларын айтып берди. Ошондуктан мындай жыйынтыкка келдик: тоо-кен өнөр жайы терең кризисте.

- Мына Кумтөрдүн темасын улантып айтсак. Өткөн жылы ушул өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиянын башчылары эки-үч жолу алмашып, эч бир натыйжага жетишкен жок. Мурда сиздер белгилегендей, Танаевдин тушунда түзүлгөн коррупциялык келишим ошол бойдон иштеп жатат. Кыргызстан үчүн пайдасыз. Бул кимдин кызыкчылыгында болуп жатат, Кумтөрдүнбү же биздин кыргыз бийлигинин башында тургандардынбы?

-Бул Кумтөр үчүн кызыкчылык да, анткени Кумтөрдөн биз 32 миллион акчаны кошуп алып жатканбыз, ошондой эле салык көбөйтүлгөн. Мына быйыл биздин эсеп боюнча салыктан эле 20-25 миллион түшпөй калат. Бизде 32 миллион акция жок болду. Бүгүн улутташтырып алабыз деген сөздөр чыккандан кийин акциянын баасы өтө төмөн түшүп кетип, көптөгөн активдерди жоготтук.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG