Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Гуантанмо түрмөсүнөн биринчи туткун АКШда соттоло баштады


Ахмед Гайлани Нью-Йорк сотунда. 9-июнь, 2009
Ахмед Гайлани Нью-Йорк сотунда. 9-июнь, 2009

10-июнда Нью-Йоркто Гуантанамо түрмөсүнүн биринчи туткунунyн соту башталды. Ахмед Гайлани 1998-жылы Африкада болгон террордук чабуулдарга катышты деген күнөөнү четке какты. Гайланини АКШнын жарындык сотунда соттоо - президент Барак Обаманын Гуантанамо абак жайын жабуу планына кирет. Сот 16-июнда кайра улантылат.

Нью-Йорктун шаардык сотуна колунда золусу, башында беткабы жок алып келинген Ахмад Гайлани АКШга каршы эч кандай кылмыш жасабагынын айтты. Ага 1998-жылы АКШнын Танзания жана Кениядагы элчиканаларын бомбалоого катышты, Осама бин Ладен жана башка ал-каидачылар менен чогуу америкалыктарды өлтүрүүгө аракеттенди деген күнөө койуулууда.
Өкүлдөр палатасындагы оппозициянын лидери Жон Бохнер Ахмед Гайланини Кошмо Штаттарга алып келип соттоону-“террорчуларды өлкөгө импорттоо” деп атады.


Элчиликтерге жасалган бомба чабуулунан 224 адам, анын ичинде АКШнын 12 жараны өлгөн. Айыпкердин күнөөсү ырасталса, өмүр бою эркинен ажыратылат.

Гайлани сотто АКШ өкмөтү менен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдөн кечирим сурап, “ал-Каиданын” базасында өзүн коргоону үйрөнүү үчүн аскерий машыгуудан өттүм деди. Бирок Гайлани 2007-жылы
Гуантанамо түрмөсүндө террорчу деп шектелип камакта отурган Канада жараны Умар Кадрдын адвокаттары жарыялаган видеотасма: Умар Кадрды түрмөдө Канаданын чалгындоо кызматынын агенттери сурак кылышууда. 15-июль 2008-жыл.
Гуантанамодо жабык өткөн аскердик сотто ал ташып барган бомба жасоого керек заттар Танзаниядагы АКШ элчиканасын жардыруу үчүн пайдаланарын билбегенин айткан.

АКШнын Коргоо министрлиги дайындаган адвокаттар Гайланини колго түшүрүүнүн жана оор шартта камоодо отурганынын мыйзамдуулугун бетке тутуп, аны актоого аракет кылат деп күтүлүүдө. Гайлани 2004-жылы Пакистанда өтө баалуу террорчу деп кармалып, эки жылдан кийин Гуантанамого которулган.

Серепчилер Ахмад Гайланинин соту Гуантанамодогу абак жайды келерки январга чейин жапканы жаткан Обаманын администрациясы үчүн чоң сыноо болот дешет. Конгресстеги республикачылар да, демократтар да террорчу деп шектелген туткундарды АКШга алып келип соттоо өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат деп, Обаманын планын сындашкан. Сурамжылоолорго караганда, көпчүлүк америкалыктар Гуантанамо түрмөсүн калтыруу керек деп санашат.

Барак Обама өткөн айда берген жообунда америкалык соттор террорчулардын күнөөсүн мойнуна койо алат деп ишенгенин билдирген:

- Кээ бирөөлөр биздин федералдык сотторду террорчуларды соттоого кудурети жетпейт деп шылдыңдашты. Алар жаңылышат. Биздин соттор жана калыстар соту, биздин жарандардын террорчуларды соттогонго кайраты жетерин фактылар күбөлөйт. Дүйнөлүк соода борборун жардырууга аракет кылган Рамсей Юсефти биздин сот өмүр бою эркинен ажыратып, ал азыр АКШнын абагында отурат.

Шейшемби күнү Өкүлдөр палатасындагы оппозициянын лидери, огайолук республикачыл Жон Бохнер Ахмед Гайланини Кошмо Штаттарга алып келип соттоону -“террорчуларды өлкөгө импорттоо” деп атады жана террорчуларды Америкадан сыртта кармоого чакырган мыйзам долбоорун Конгресске киргизерин билдирди.

Кокус Ахмад Гайлани акталып калса, анын тагдыры эмне болороун не Ак Үй, не Адилет министрлиги айта элек. АКШнын мыйзамына ылайык, кылмышкер деп соттолгон четжерлик өз мекенине жөнөтүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG