Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:07

Гуантанамодо отурган айыпкерлердин алгачкысы АКШга алынып келинди


Айыпкерлердин алгачкысы Нью-Йоркко алынып келингенин жана анын иши эми сотто караларын АКШнын юстиция министрлиги билдирди. Теги боюнча танзаниялык Ахмед Халфан Гаилани федералдык сотто биринчи ирээт бүгүн көрсөтмө берери күтүлүүдө. Ал 1998-жылдын 7-августунда АКШнын Танзания менен Кениядагы элчиликтериндеги жардырууларга тишеси бардыгы үчүн айыпталган. Андагы чабуулдарда 220дан ашуун киши, анын ичинде 12 америкалык мерт болгон эле.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Гаилани “ал-Каида” уюмунунда бир тепкичтен экинчисине көтөрүлүп олтуруп, анын лидери Усама бин Ладендин жансакчылыгына чейин өсүп жеткен.

Ал 2004-жылы Пакистандан кармалып, эки жылдан кийин Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөгө которулган.

Гаиланинин үстүнөн болуучу сот АКШ президенти Барак Обаманын Гуантанамо түрмөсүн быйыл жыл соңуна чейин жабып, айыпкерлердин айрымдарынын ишин сотто кароо планы үчүн өтө маанилүү сынак катары эсептелинүүдө.

XS
SM
MD
LG