Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

АКШ өзүнүн баалуулуктарын башка өлкөлөргө таңуулай албайт


Бул тууралуу президент Барак Обама айтты. Ал Би-Би-Сиге берген интервьюсунда белгилегендей, АКШ тарыхы, маданияты бөлөк өлкөлөргө өзүнүн баалуулуктарын “таңуулай” албайт, бирок ошол эле учурда мыйзам үстөмдүгү, демократия, сөз жана дин эркиндиги өңдүү америкалык идеалдар “жалпы адамзаттын универсалдуу” баалуулуктары болуп эсептелинет.

Обаманын айтымында, АКШ бул жаатта башкаларга үлгү көрсөтүү үчүн террорчулукта шектелгендер кармалган Гуантанамо түрмөсүн жапканы туура болот. АКШ президенти бул түрмөнү келерки жылдын январына чейин жабууну убада кылган. Би-Би-Сидеги интервьюсунда Барак Обама ошондой эле АКШ Израиль менен Палестинанын ортосунда ал атагандай “олуттуу сүйлөшүүлөр” кайра жандануусуна жардам бере аларына ишеним билдирди.

АКШ президенти жогорудагыдай сөздөрдү ушул аптада Сауд Аравия менен Египетке жасоочу иш сапары алдында айтты. Египетте ал мусулман дүйнөсүнө багытталган сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Жакынкы Чыгыштан соң Барак Обама Германия менен Францияга келип, Экинчи Дүйнөлүк согушта экинчи фронт ачылганынын 65 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

XS
SM
MD
LG