Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Кабулдагы жыйында чет элдик жардамдын кайтарымы сөз болот


Кабулда эл аралык жыйынды утурлай полициячы көчөдө күзөттө турат. 19-июль, 2010-ж.
Кабулда эл аралык жыйынды утурлай полициячы көчөдө күзөттө турат. 19-июль, 2010-ж.

Эртең Кабулда чет элдик шериктер чогулган чоң жыйын өтөт. Андагы башкы маселе – чет элдик жардамдын канчасын ооган өкмөтү көзөмөлдөшү керектиги жана каражатты сарптоодо коррупцияны ооздуктоо болмокчу.

Ооган өкмөтү менен чет элдик донорлордун шейшембидеги жыйыны жаңы форматта өтөт. Анда алгачкы ирет Ооганстандын министрлери 23 тармак боюнча түрдүү программаларын тааныштырып, буга чейин бейөкмөт уюмдар жана келишим боюнча иштеген тараптарга берилип келген чет элдик жардамды өкмөттүк долбоорлорго бурууга аракет кылмакчы.

Ооганстандын каржы министри Омар Захилвал чет элдик каражат улуттук программаларды колдосо, расмий Кабулдун калк арасындагы кадыры бекемдеп, талиптерди алсыратууга өбөлгө болмок деп белгиледи. “Биздин суранычыбыз, Ооганстанга келип жаткан жардам, ал мамлекеттик бюджетке түшөбү, же башкачабы, айтор алдыдагы эки жылда көргөзүлчү жардам ооган өкмөтү жана ооган элинин мүдөө-талабына жараша бөлүштүрүлсүн”, - дейт ал. Каржы министринин айтымында, 2001-жылдан бери Ооганстанга бөлүнгөн 29 миллиард доллардын 77%ын бөлүштүрүп-иштетүүгө өкмөт эч кийлигиштирилген эмес.

Кабулда өтчү жыйын - быйыл 28-январда Лондондо чогулган донорлор конференциясынын уландысы. Ошол жыйында ооган өкмөтү алдыдагы эки жылда чет элден келчү жардамдын 50%ын көзөмөлдөшү керек деп айтылган. НАТОнун Кабулдагы жетекчи өкүлдөрүнүн бири, элчи Марк Седвилл өткөн айда “Азаттыктын” кабарчыларына билдиргендей, “азыркы тапта чет элдик жардамдын 20%ы гана ооган өкмөтү аркылуу өтөт. Лондондогу жыйында мындан ары өкмөт көзөмөлдөчү үлүштү 50%га жеткирүү макулдашылган. Калган 50%ын кайда коротуу маселеси да ооган өкмөтү менен сөзсүз талкууланат”.

Кабулдагы жыйында коррупция да чоң тема болмокчу. Соңку айларда ооган өкмөтү менен чет элдик донорлор бири-бирин каражатты “жең ичинен жеп-ичип жок кылууда” деп айыпташкан. Ооганстандын юстиция министри өткөн аптада “чет элдиктер бул жакка келип, кир колдорун биздин апакай кийимибизге аарчып жатышат” деп айткан эле.

НАТОнун элчиси Марк Седвилл каражат бейөкмөт уюмдар аркылуу келгени менен, анын коротулушу дыкат текшерилет деп ишендирди. Өз кезегинде эл аралык уюмдар ооган өкмөтүнүн ишмердиги ачык-айкын жүргүзүлбөгөнүнө нааразы. Былтыр президенттик шайлоого катышып утулуп калган ооган саясатчысы Рамазан Башар Дост ооган өкмөтү коррупцияланбаганда, бир да чет элдик уюм, Улуттар уюмунун мекемелери, чет элдик же жергиликтүү уюм каражатты максатсыз пайдалана албайт эле деп айткан.

Шейшембиде Кабулда өтчү чоң жыйынга Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана дагы 40тай өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышаары күтүлүүдө. Анда Ооганстанга дагы мынча каражат бөлүнөт деген убада сөздөр айтылбайт, буга чейин бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу жолдору сөз болот. Андан сырткары өлкөдө бейпилдик орнотуу, каршылаш тараптарды элдештирүү жараяны, регионалдык жана борбордук башкаруу органдары ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG