Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

"Же көрүстөн, же үйлөр...". Бишкекте жол узартуу планы талаш жаратты

Бишкек мэриясынын баш калаанын Профсоюз көчөсүн дагы 8,5 чакырымга узартуу планы талаш-талкуу менен коштолууда. Же төрт үй, же көрүстөндүн кайсы бир бөлүгү сүрдүрүлүшү мүмкүн экени айтылган. 1-февралда ал жерге мэрия жетекчилиги барып, чогулган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Сөз болуп жаткан Профсоюз көчөсү Бишкектин батыш тарабындагы Новопавловка айылынын чет жакасында жайгашкан. Чүй облусуна караштуу болуп келген бул айыл эки жыл мурда аймактык реформа учурунда борбор калаанын Ленин районунун карамагына өткөн.

Жергиликтүү тургундардын кээ бири мэрия аталган көчөнү узартууда үйлөргө тийбеши керектигин айтса, айрымдары көрүстөндү сактап калышы зарыл деп жатышат.

Учурда Бишкектен "Манас" аэропортуна чейинки кошумча жолдун курулушу жүрүп жатат.

Профсоюз көчөсүнүн уландысы Бишкек–Кара-Балта айланма жолунун бир бөлүгү болот.

Новопавловка айылынын жана анын жанындагы Акжар конушунун тургундарынын жолугушуусунда мэр Айбек Жунушалиев шаар бийлигинин Бишкек–Кара-Балта кошумча жолун куруу пландары тууралуу маалымат берди. Ал Профсоюз көчөсүн узартуу үчүн айрым тамдарды, же болбосо, көрүстөндүн бир бөлүгүн алууга туура келерин айтты.

Жергиликтүүлөр эгер тамдар калса 100дөн ашык мүрзө алынабы деп кабатыр болууда. Алардын сөзүнө караганда, бул көрүстөн 1960-жылдары пайда болгон. Ал кезде аянты жети гектар болчу. Мэрия кайсы бир себептерден улам көрүстөндүн аянты чоңоюп отуруп, азыр 13 гектарга жеткенин билдирүүдө. Көрүстөнгө ар улуттун өкүлдөрү сөөк койчу экен, арасында мусулмандар да, христиандар да бар. 2024-жылы бул жерге сөөк көмүү токтогон.

Новопавловка айылынын тургуну Алла Дружинина көрүстөн азыркы калыбында калышы керек деп эсептейт:

"Көрүстөндү бузуу гумандуу эмес. Бул маркумдарга дагы, тирүүлөргө дагы тиешелүү. Эгер ал жактагы сөөктөрдү башка жерге алып барып көмсө деле бул азап-кайгы. Бизди жакынын жоготконуна аз эле болгон адамдар гана түшүнөт. Эки жыл мурун ал жакка эжемдин күйөөсүн жерге бергенбиз. Ал жерде менин кайненем жатат".

Ал тапта, ушул күндөрү айылдагы кеминде төрт түтүн бушайман абалда турат. Эгер Профсоюз көчөсү узартылып, анын жолу барып такалган көрүстөнгө тийбөө тууралуу чечим кабыл алынса, анда аны айланып өтө турган тилкедеги дал ошол тургундардын үйлөрү сүрдүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалымдаманы алардын колуна жакында тапшырып кетишкен.

Ар бир үйдүн тиешелүү документи бар экенин белгилеген бул тургундар эгер тамы сүрдүрүлсө оор абалга кептелерин айтып жатышат:

"Кызыл китеп алып, бул жерге там курдук. 19 жыл болду. Профсоюз көчөсүн узартуу тууралуу 2016-жылдагы долбоордо жол көрүстөндү айланып өтөт деген жок болчу. Түз өтчү жол мүрзөгө келип такалып турат. Эми жолду бул жерге кайрыганда жашоочулардын үйү алынат деп жатышат. Карапайым элге кыйын эле да. Ойлоп кой – кайрадан там салыш. Биз тагдырыбыз кандай болот деп кыжалатпыз. Үмүтүбүз бийликте", - дейт Акжар конушунун тургуну Айнура Калмамбетова.

Планга ылайык, кошумча жол Акжар конушунун ичи аркылуу өтөт жана анын узундугу 8,5 чакырымды түзөт.

Айрым тургундар эгер Профсоюз көчөсү келаткан бойдон эле көрүстөн турган жерден түз аралап өтсө жол коопсуздугу үчүн туура болот деп санашат.

Профсоюз көчөсүндө салынып келаткан жаңы жол
Профсоюз көчөсүндө салынып келаткан жаңы жол

"Жол чоң болгондон кийин түз өтүп кеткени коопсуз болмок. Канчалаган жүргүнчүлөр бул жерден өтөт, машиналар...", - дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Мэрия жолду узартуу планы талкууда экенин, жергиликтүү тургундардын пикири эске алынарын билдирүүдө. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев бул иш өлкөнүн өнүгүшү үчүн жасалып жатканын белгиледи:

"Мисалы, Ош шаарында, Балыкчыда көрүстөндөр көчүрүлдү. Көрүп атасыңар, биз жол курган жерде баарын эле көчүрүп жатабыз. Шаар өнүгүп, адамдар көбөйүп жатат. Ошондой эле мөөнөт, мыйзам деген да бар. Биз аларды дагы карашыбыз керек. Бирок мен дагы бир жолу айтып коеюн, биз силердин талаптарыңарды, сунуштарыңарды укканга даярбыз. Силер менен дагы жолугабыз жана баарыңарга пикириңерди айтууга мүмкүнчүлүк берилет".

Өткөн айда өкмөт Бишкектен "Манас" аба майданына чейинки кошумча жол куруу долбоорун талкуулаган. Анда транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырым болорун маалымдаган. Мындан сырткары Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым болгон эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралып жатканы да айтылган. Долбоордун баасы, каржы булагы, мөөнөтү тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Жол курулушу үчүн 100дөн ашык мүрзө алынабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG