Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

"Эч кимди аябайм". Ташиев министр Сыргабаевге камаларын эскертти


Абсаттар Сыргабаев.
Абсаттар Сыргабаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге ал тууралуу арыздар далилденсе камаларын эскертти. Бирок сөз эмне тууралуу болуп жатканын тактаган жок. Сыргабаев бул кызматка туура бир жыл мурда дайындалган. Ага берилген эскертүү түрдүү жоромолдорго жем таштады.

Камчыбек Ташиев жапырт камоо менен коштолгон соңку жыйында Абсаттар Сыргабаевди тургузуп алып жемелеген. Анда транспорт министрлигинин жетекчилери тууралуу арыздар бар экенин, эгер алар далилденсе камаларын эскерткен.

"Бизге "Транспорт министрлигинин жетекчилерине акча бергенбиз" деген арыздар түшүп жатат. Эгер алар далилденсе мен сени отургузам, уктуңбу? Сен "мени аяп коет экен" деп ойлобогун. Эч кимди аябайм. Мага азыр баары бир. Эгер мен сени түрмөгө отургузсам башка жетекчилер тынч иштеп калышат. Ачык айтып коеюн, менде ошондой маалымат бар. Себеби ал маалымат мага ачык эле келди",-деди Ташиев.

Ушул айдын башында Нарын шаарындагы жолдун курулушуна байланыштуу транспорт министринин орун басары Талантбек Солтобаев баштаган бир катар адамдар камалган. Көп өтпөй Солтобаев үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Сыргабаев бул жагдай тууралуу үн каткан эмес. Бирок анда дагы министрдин жеке жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Ташиев Сыргабаевди буга чейин дагы элдин көзүнчө жемелеген. Быйыл жайында аны костюм-шым кийбей, камуфляж кийип алып күнү-түнү иштеши керектигин билдирген.

Абсаттар Сыргабаев бул кызматка туура бир жыл мурда дайындалган. Ага чейин, 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан бери алгач өкмөттүн, андан кийин президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп турган.

Анын айыл өкмөттөн дароо губернаторлук кызматка көтөрүлүшүн Ташиевге жакындыгы менен байланыштыргандар болгон. Ал ошол маалда "Азаттыкка" комментарий берип жатып Ташиевдин өкүл баласы экенин бышыктаган, бирок кызматтан кызматка тааныш-билиштик менен көтөрүлүп келет деген сөздөрдү четке каккан.

Сыргабаевдин аты алгач 2013-жылы Жалал-Абадда облустук администрацияны басып алуу менен коштолгон окуяларда аталган. Милиция кылмыш ишин козгогон "Ата-Журт" партиясынын аймактагы алты өкүлүнүн бири болгон.

Анда Кумтөргө байланыштуу жана камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийинчерээк аны атайын кызмат камакка алган. Аны бошотууну талап кылгандар Сузактын Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган.

Сыргабаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон жана тизмеде 5-орунда турган.

Садыр Жапаров Сыргабаевге 2022-жылы июнда маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтууга байланыштуу жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш берген.



Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин пикиринде, Сыргабаев бул кызматка даяр эмес кезинде дайындалды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Бир чети ага, министрге деле кыйын болуп жатат, он сомду миң сомго жеткириш керек дегендей абал болуп турат. Кайсы бир долбоор бекитилгенден кийин анын жол-жобосу болот, ал транспорт министринин эле каалоосу менен бүтпөйт. Күнү-түнү иштеп, жалданма компанияларды тынбай артынан кубалап иштетип туруш керек. Өзүнүн өкүл баласын өзү урушат да, мен деле баламды урушам. Бирок мен чынында бул жигиттерди түшүнбөйм, бүгүн кызматка коюшат, эртең кайра катуу сөгүш беришет. Бүгүн акча беришет, эртең урушат, керек болсо машина да беришет. Аны кызматка шашып дайындашты, даяр эмес болчу. Губернатор болду эле деп эле министрликке алып келишти. Транспорт тармагы татаал. Анын ичинде ар кандай кыймылдар бар. Ал жерде коррупциялык схемаларды жоготуу өтө кыйын. Себеби бир чакырым жол бул миллиондогон акча. Албетте көзөмөлдөп, текшерип туруш керек. Ар бир долбоорду күнү-түнү көзөмөлдөп, керек болсо тыңчыларды киргизип, провокация кылып текшерип туруу керек. Анан көзөмөл бекеттерде баары бир акча алган учурлар болуп жатканын биз баарыбыз эле көрүп, билим турабыз да. Акыркы төрт-беш жылдын ичинде кээ бир министрлер беш-алты жолудан алмашты. Азыр аткаруу бийлигинин башчысы президент өзү. Ал дагы жоопкерчиликти алышы керек эле. Баягы эле "силер акмак турбайсыңарбы, эмне бизди алдап жатасыңар" дегендей эле позиция. Муну мурда, аткаруу бийлигин башкарбай турган кезде айтса болот эле. Бирок ошол Ташиев өткөргөн жыйында 24 кишини койго окшоп камап кеткени бир аз кыйшык болуп калды. Аларды шоу кылбай эле жөн эле камаса болот эле. Бирок элге шоу жагат. Менин оюмча күнөөлүү деп кээ бир учурда эртерээк айтылып, камайм деп жатат. Камагандай сот эмес да. Жоопко тартам, мыйзам алдында жооп бересиң деп айтылса бир жөн".

Дагы бир депутат Элдар Абакиров жол куруу долбоорлору көбөйгөн шартта иш билги адистердин болушу маанилүү экенине токтолду.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Азыр өлкөдө өтө көп жолдор салынып жатпайбы. Көлдөгү айланма жолду алабызбы, же башка жолдорду алабызбы, өтө көп көлөмдө жол салынып жатат. Ал жерде коррупцияны текшериш оңой эмес, анткени ал жерге битум алынат, башка материалдар алынат. Башкача айтканда, байкабай калган коррупция болсо башка маселе. Ал ар бир мекемеде болот, катуу аракет кылса аны оңдосо болот. Эгер ошондой иштерге министрдин өзүнүн тиешеси болсо анда башка маселе. Эгер өзүнө жакын кадрды коррупцияга байланыштуу жазаласа, анда чындап коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат десе болот. Ал киши мамлекеттик кызматтарда иштеген. Бирок жолчу катары тажрыйбасы канчалык, билбейм. Эгер өзүнүн тажрыйбасы жок болсо жанына күчтүү, ишеничтүү жолчуларды ала жүрүшү керек.



Жарандык активист Мукай Керимбаев болсо Сыргабаевди иштермен адис катары мүнөздөдү. Ал Ташиевдин соңку билдирүүсүн коррупцияга каршы күрөштө эч кандай компромисске барбай турганын көрсөттү деп билдирди:

Мукай Керимбаев.
Мукай Керимбаев.

"Ошол жерде бир эле Транспорт министрлигинин эле эмес, Салык кызматынын, Чек ара кызматынын өкүлдөрү кармалды. Биздин генерал Камчыбек Кыдыршаевич ошол жерде буга чейин дагы, мындан кийин дагы эч кимди аябасын айтты окшойт. Коррупцияга каршы жаңы мыйзамдан кийин дагы кээ бир мекемелердеги коррупциялык схемалар ал кишинин жинин бир аз келтирди окшойт. Ошол жерден элдин көзүнчө кармалып кеткени дагы ошондон улам болду окшойт. Абсаттар Сыргабаев менен жеке тааныштыгым жок, бирок элден уккан-көргөнүмө караганда, ал киши кабинеттен чыкпай, жумушунда эле отуруп иштей бербей, ар дайым аймактарды кыдырып, Кыргызстандын кайсы бурчунда болсо дагы системаны колго алып, колунан келишинче өзүнүн ишин таза жүргүзүп жатат. Транспорт министрлигине караштуу ишканалар, кызматкерлер көп. Анын баарын бир жылдын ичинде жөнгө салып кетүү кыйын. Бирок, менин байкашымча, анын аракети жакшы болуп жатат. Эми көпчүлүк ар кандай сөздү айтып жүрөт, бирок кабинетинен чыкпай иштеп жатат дегенди уккан жокмун. Кайсы учур болсо дагы сапарларда жүрөт".

Ушул айдын башында Абсаттар Сыргабаевдин инисине байланыштуу талаш-талкуу чыккан. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында, андан кийин жалпы сессияда депутат Дастан Бекешев министрдин бир тууганы Батырбек Сыргабаевдин “Салих и Ко” фирмасы мамлекеттик “Айыл Банктан” 5 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганы жатканын айтып чыккан. Көп өтпөй Батырбек Сыргабаев директорлук кызматтан кеткенин маалымдаган.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Транспорт министрлиги коррупцияга эң малынган мамлекеттик органдардын бири болуп келген. Айрыкча жол куруудагы жемкорлукка байланыштуу министрлик кызматта турган бир катар адамдар, жооптуу кызматкерлер камалып, кылмыш иштери козголгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG