"ИДП өстү, мугалим, дарыгерлердин айлыгы жогорулайт"
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башталган иш-чараны буга чейин Элдик курултайдын улуттук кеңешине төрагалык кылган Мыктыбек Абдылдаев ачты.
"Курултай жөнүндөгү мыйзамдын нормасына ылайык, 39 делегат тизмеден алынып, резервдегилер менен толукталган. Делегаттардын 146сы аялдар, 554ү эркектер", - деди ал.
Андан кийин 17 мүчөдөн турган улуттук кеңештин курамы аныкталды. Курултайдын улуттук кеңешинин жаңы төрагасы болуп Мамбеткерим Чекиров жана анын анын орун басарлары Замирбек Көчөрбаев менен Байболот Абытов дайындалды. Мабеткерим Чекиров Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы, Замирбек Көчөрбаев "Кырк чоро" кыймылынын жетекчиси катары белгилүү. Ал эми Байболот Абытов тарых илимдеринин доктору.
Курултайдын башында Кыргызстандагы өнүгүүлөр, курултайдын мааниси тууралуу видео көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров курултайда жарыш сөзгө чыкчу делегаттарга кайрылып, дароо маселенин ток этер жерин айтууга, бийликке ачык сын-пикир билдирүүгө чакырды. Ал ошондой эле бир райондун акими курултайга делегат шайлоого кийлигишкенини тууралуу маалымат териштирилип жатканын, ага чара көрүлөрүн билдирди.
"Баштаганда эле биринчи учурашасыңар, жаңы жыл менен куттуктайсыңар, дагы бир нерселерди айтасыңар, анан кимдин айылында жакшы иш жүрүп жаткан болсо бийликти мактап баштайсыңар. Ошентип жарым убактыңарды жеп коесуңар. Бүтпөй калдым деп, дагы убакыт сурап, дагы бир мүнөт убакыт жейсиңер. Бийликти мактабагыла, биз мактоого муктаж эмеспиз. Эгер мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. "Мына дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр, мактатты, антти-минтти" дешет. Эл силерди маселени, көйгөйдү айткыла деп жиберди. Маселеңерди дароо айткыла. Кемчилик болсо ушул жерден ачык айтып, сындагыла. Курултайда сындагы деп силерге аким дагы, губернатор дагы, эч кимиси тийише албайт. Мага бир райондун акими делегат шайлоого киришкенин билип калдым. Биз азыр териштирип жатабыз. биз аны жазалайбыз", - деди Жапаров.
Курултайда сөз сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров Кыргызстан экономикалык жактан олуттуу алдыга жылганын айтты:
"Бүгүн өлкөбүздүн учурдагы абалына объективдүү баа берип, алдыдагы багытыбызды аныктап, жакынкы жылдардагы жаңы Кыргызстанды куруунун негизги багыттарын белгилөө менен сиздерге кайрылуу жолдоймун. Кыргызстан бүгүн мамлекеттүүлүктүн өзөгүн ишенимдүү бекемдеп жатат. Өлкөдөгү реформанын жүрүшүндө коомчулуктун биримдигин бекемдөө менен ачык диалогго барып, эффективдүү башкаруунун натыйжасына жетишебиз. Ички ынтымак, биримдикке жетүү менен улуттук коопсуздукту камсыздап, элдин жашоо сапатын жашыртууга жана экономиканын туруктуу өсүшүнө шарт түзүүгө көңүл бура алдык. Акыркы төрт жылда Кыргыз Республикасынын экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өсүүдө. Албетте бул негизги тармактарды комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун жемиши болду. Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8% түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2% жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү".
Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин маянасы дагы 100% жогорулай турганын айтты. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы алардын айлыгы 50% көтөрүлөрүн билдиргенин, бирок өкмөттө кеңешип отуруп ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады.
Жапаровдун маалымдашынча, азыр мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом болсо, көбөйгөндөн кийин 52 миң сомго чамалайт. Шаар жергесинде жаңы келген мугалимдин маянасы 36 миң сомду түзүп, колуна 31 миң сом тиет. Дарыгерлердин азыркы орточо айлыгы 31 миң сом, жогорулагандан кийин айлыгы 62,5 миң сом болуп, колуна 50 миңден ашык акча тиет. Президенттин айтымында, шаарда жаңы иштеген, тажрыйбасыз дарыгердин айлыгы 16 900 сом болсо, көтөрүлгөндөн кийин маянасы 42 миң сомду түзүп, колуна 35,5 миң алат.
Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев келерки жылдын апрелинен тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөрүн маалымдаган. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгына 50% кошуларын билдирген. Бул үчүн 39 млрд сом келерки жылдын бюджетине кошулганын айткан. Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт, дарыгерлердин саны 13 миңден ашса, медицина тармагында 33 миң адис эмгектенет.
Соңку жылдары Кыргызстандын мектептеринде мугалимдердин, аймактардагы медициналык жайларда дарыгерлердин жетишсиздигине байланыштуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Облус же район борборлорунда медиктерди кармап калуу үчүн парламентте да, өкмөттө да аларды үй менен камсыздап, жакшы айлык төлөп берүү тууралуу маселелер көтөрүлүп келгени менен ал демилгелер толук ишке аша элек.
Чек ара
Жапаров талаштуу чек ара маселелеринин чечилиши коопсуздук жана көз карандысыздыгы үчүн маанилүү экенине токтолду. Кыргызстандын коңшулар менен чек ара маселесинин жөнгө салынганына бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук камсыздалганын айтты:
"Кыргызстан үчүн эң оор жана көп жылдык сыноолордун бири – бул мамлекеттик чек аралардын так аныкталбай келиши эле. Чек арасы такталбаган өлкө юридикалык жактан толук калыптанбаган, өз мамлекеттүүлүгүн коргоодо алсыз өлкө болуп саналат. Мамлекеттик чек арабыздын өз учурунда толук такталбагандыгынан, узак жылдар бою элдин тынчын алган татаал мезгилдерди, ал түгүл кандуу окуяларды башыбыздан кечирдик. Чек ара маселесинин толук чечилиши, жөн гана жетишкендик эмес, бул – өлкөнүн коопсуздугу жана толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик. Бул жерде мен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдире кетем. Чек ара маселесинин толук чечилиши менен, биз жаңы тынчтык, ынтымак жана ишеним дооруна кадам таштадык. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши аркылуу Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук камсыздалды. Кыргызстан мындан ары коңшулар менен достукта, өз ара сый-урматта жана тыгыз кызматташтыкта жашайт".
Жол кырсыктарына сатып алынган күбөлүктөр себеппи?
Президент Жапаров жол кырсыктары тууралуу маселени козгоп, буга мурдагы жылдардай айдоочулук күбөлүктөрдүн туш келди сатылышын себеп катары көрсөттү:
"Жол кырсыктарынан жарандарды согуштагыдай жоготуп жатабыз. Жол кырсыктары мамлекеттик деңгээлдеги проблемага айланып кетти. Анын себептери белгилүү. Көп жыл бою айдоочулук күбөлүктөр акчага сатылып келген", - деди Жапаров.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берген. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер мамлекетке өтөрүн айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөт.
Бийлик зомбулуктун алдын ала алабы?
Жапаров курултайда зомбулук маселесине да кайрылды, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат" деп айтты. Ал зомбулукка барган кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгиледи.
“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы", - деген президент Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык багыттар берилгенин кошумчалады.
"Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш шылтоо, зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, зомбулукка каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти кура алабыз”, - деди ал.
23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмүнөн кийин аялдарды коргоо, зомбулукка каршы күрөш маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Аны өз үйүндө күйөөсү тапанча менен атып салган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин өлүрүлүшү тууралуу маалымат берген учурда шектүү жарашканы келгенин, аялын куттуктап атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган. Токтоналиевдин билдирүүсү социалдык тармактарда нааразылык жаратып, "кылмышкерди актап жатат" дегендей мазмундагы пикирлер айтылган. Бишкектеги окуу жайлардин биринде окутуучу болуп иштеген Жибек Урустемованын студенттери милициянын билдирүүсүнөн кийин торт менен гүлдү ага өздөрү туулган күнү менен куттуктап бергенин маалымдашкан. Муну далилдеген видео менен сүрөттөр бар экенин айтышкан. 25-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кандуу окуя тууралуу комментарий берип, адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин айткан.
Делегаттар кандай маселелер менен келди?
25-26-декабрдагы эки күндүк иш-чарага жети облус, Бишкек, Ош жана башка шаарлардан, чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынан, Кыргызстан элинин ассамблеясынан шайланган 700 делегаттын тизмеси аныкталып, бүгүнкү жыйынга 690 делегат келген. "Азаттык" делегаттардын айрымдарынан курултай кандай маселелерди көтөрөрүн сурап, төмөнкүдөй жооп алды.
Свердлов районунан делегат Орозбек Арыпбеков кыргыз тилине байланышкан маселени көтөрүүдө:
"Балдарга, жаштарга кыргыз тилинде сүйлөөнү, анын маанисин үйрөтсөк, келечегибиз кең болот. Үрп-адат, каада-салтка кайдыгер мамиле келечек үчүн кооптуу".
"Чоң шаарларда маселе болуп аткан айланма жолдор, күн панелдерин турмушта колдонуп, ар бир жарандан аларды орнотушунун мааниси, аны тармакка кошуудагы коррупцияны көтөрөм", - деди Ош шаарынан келген делегат.
Москва районундагы Ак-Суу районунан келген Гүлира Бактыбек кызы:
"Орчундуу маселелер өтө көп. Азыр бизде таза суу көйгөйү курч болуп турат. Таза суу боюнча 2023-жылы башталган долбоорлор токтоп калгандай", - деди.
"Орусияда балдарды мектепке киргизүү татаалдашып баратат. Кыргызстанда орус тилирасмий тил. Бирок буга карабай Орусияда мектепке алуу үчүн сынак тапшыруу тартиби балдарга психологиялык жактан терс таасирин тийгизип жатат. Бул боюнча айтып атабыз, кечээ Тышкы иштер министрлигине да барганбыз", - деди Орусияда жашап-иштеп жүргөн мигрант билдирди.
Кара-Балта шаарынан келген делегат Зарина Бошкоева аутист балдардын энелеринин көйгөйүн козгоду:
"Президенттин айтканы боюнча биз республикалык маанидеги маселелерди көтөрүшүбүз керек. Бирок бизди айылдан эл шайлап жөнөтүп аткандан кийин айылдагы маселелерди да көтөрөбүз. Маселен, аутизм менен ооруган балдардын саны коронавирус пандемиясынан кийин кескин көбөйгөн. Энелери ошол балдарга байланып, шаарларга келип менчик оорукана, укалоочу адистерден дарыланууга муктаж болуп атат. Ошол балдарга жер-жерлерде реабилитациялык борборлорду ачуу керек".
Тургунбай Алайчиев Ош облусунан келген. Ал делегаттарды бардык маселени мүмкүнчүлүк болуп жаткан убакта ачык айтууга чакырды:
"Элдик курултай бийликке жетип-жетпей жаткан маселелерди аларга түз жеткире турган аянтча. Президенттин, бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан жерде түз айтканга шарт түзүлөт. Чектөө жок, болгонун болгондой айтканга делегаттардын мүмкүнчүлүгү бар".
Иш-чаранын биринчи күнүндө президент баштаган бийлик башчылары сөз сүйлөп, 150 делегат жарыш сөзгө чыгат. Садыр Жапаровдон сырткары Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы дагы сөз сүйлөйт.
Курултайдын экинчи күнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке курултайдын өкүлү шайланат. Ошондой эле делегаттардын жарыш сөзү уланат. Соңунда Садыр Жапаров жыйынтыктоочу сөз сүйлөйт.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчүсү былтыр өткөн.
Шерине