Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:40

2050-жылы Бишкек кандай өзгөрөт?


Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы.
Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планынын долбоорун жарыялады. 2050-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген документтин долбоору боюнча коомдук талкуу 24-25-декабрда өтөрү айтылды. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Башкы план Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет, анда 2050-жылга чейинки мөөнөт камтылат жана шаардын айланасында темир жол магистралын төшөп, ичине машиналардын тыгынын жоюу үчүн трамвай жүргүзүү каралган. Алдыдагы чейрек кылымдык мөөнөткө эсептелген жаңы башкы пландын негизги өзгөчөлүктөрү кайсылар?

Мэрия белгилегендей, бул план шаарды өнүктүрүүнү аныктаган стратегиялык документ болуп эсептелет жана аны иштеп чыгуу Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, борбор калаа калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Орусиянын Санкт-Петербург шаар курулуш илимий-изилдөө институту даярдаган документте Бишкектин турак жай фонду, транспорт, жашылдандыруу системасынын өзгөрүү стратегиясы жана башка маселелер камтылган.

Мисалы, 2050-жылга чейин борбор калаанын аянты өзгөрбөйт, ушул тапта шаардын жалпы аянты 41 миң гектарды түзөт. Документке ылайык, биринчи кезекте шаардын ар бир районун өз-өзүнчө өнүктүрүү максат кылынган.

Бишкек шаар курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов билдиргендей, калаанын борбордук эле бөлүгүн өнүктүрө бербестен, чет жагын дагы өзүнчө өнүктүрүү каралган:

Азирет Азимов
Азирет Азимов

"Мисалы, жаңы стадион чөлкөмү Ленин районунун борбору болот. Биринчи май районунун борбору азыр курулуп жаткан автовокзал, Ош базары болот. Мындайча айтканда, шаардын борборуна болгон басымды ар тарапка алып кетүү каралууда. Социалдык объекттерди ишке ашыруу боюнча үч схема иштелип чыгат. Мектептер, бала бакчалар, ооруканалар кайсы жерде болору аныкталат. Мурдагы башкы планда андай жок болчу".

Сунушталып жаткан башкы планда алдын ала эсептер көп. Ушул тапта шаарда 1 миллион 200 миң киши жашайт десек, 25 жылдан соң 2 миллионго жетери көрсөтүлгөн. Азыр калаада 117 мектеп иштеп жатса, дагы 153 мектеп куруу зарыл. Бала бакчалар азыр 118 болсо, келечекте ар бир райондо ушунчадан бакча болушу шарт. Башкача айтканда, тургундар үйдөн чыгып, 500 метрден кийин эле мектепке же бала бакчага кирип кетиши керек. Муну менен шаардагы тыгын маселеси чечилет деп күтүлүүдө.

Азимов белгилегендей, бүгүнкү күндө бул социалдык объекттерди камтыганга мамлекеттин жери жетишсиз:

"Эгер бала бакча каралган болсо, мамлекет ал жерди кантип ишке ашырышы керек. Мунун баары "жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринде" жазылган. Шаарда 41 миң гектар бар, анын 63% жеке менчикте. Калган жер муниципалдык, биринчи учурда ошол жерлерден каралат".

25 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Мындан тышкары, шаардагы транспорт системасын жаңылоо максаты да коюлуп жатат. Бишкектин айланасына 175 километрлик темир жол магистралы төшөлүп, автомобилдик айланма жол түшөт. Башкы көчөлөрдө муниципалдык транспорт үчүн өзүнчө чек сызылат. Жолго метробус менен трамвайлар чыгышы мүмкүн.

Архитекторлор документтин бир топ жакшы жактары менен катар айрым кемчиликтери да бар экенин белгилеп жатышат.

Мамлекеттик курулуш мекемесинин мурдагы жетекчиси, архитектор Ишенбай Кадырбеков долбоордо жайгаштыруу схемасы бар экенине көңүл буруп, Бишкекти агломерация кылып кароону туура деп белгиледи:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Ички, тышкы миграция менен калкыбыз өсүп отурса, мисалы, 300 миңден көп адам болот деп жазышыптыр, аларга жумуш керек да. Ошондо өнөр жай ишканалары кайсы жерге курулат? Эмне курушат? Илгерки Ленин, Фрунзе заводдору жокко чыкты. Транспорттук схема түзүлгөнү да жакшы. Бир гана нерсеси, шаардын ичине рельс менен жүрө турган трамвай курушат экен. Анда троллейбусту эмне үчүн жоготушту?”

Жаңы башкы планда Бишкектин жашыл аймактарын жана эс алуучу жайларын кеңейтүү каралып жатат. Ушул тапта андай аймактардын басымдуу бөлүгү шаардын түштүк тарабында, Октябрь районунун аймагында жайгашкан. Ал эми жаңы планда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларын жээктей жайгаштыруу деген сыяктуу пландар каралууда.

Экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча эксперт Дмитрий Переяславский Бишкекти жашылдандырууда бир топ маселелер бар экенине көңүл бурууда:

Дмитрий Переяславский
Дмитрий Переяславский

"Парк жана бакчалар боюнча "муниципалдык карыз" абдан жогору экенин көрүп турабыз. Административдик-аймактык реформадан кийин шаардын батыш жана чыгыш тараптарында парктарды уюштуруу менен бул көрсөткүчтү төмөндөтсө болот. Бирок мен азыр муну көрө алган жокмун. Жаңы конуштарда парктар боюнча маселе бар. Ал жактарда эл 500 метрге чейин жашыл зонасы жок жашап жатат. Ленин районунун аймагынын бир эле пайызын жашыл аймак түзөт. Бул да ойлонто турган маселе. Мен шаардын аймагында чакан, кароосуз жаткан жерлерге чөнтөкчө сыяктуу парктарды ачууну сунуштайт элем".

Башкы пландын долбоорун иштеп чыгууга канча каражат сарпталганын азырынча шаар бийлиги айта элек. Аны ишке ашырууга канча акча зарыл экени да белгисиз. Мэрия муну коомдук талкуудан кийин санай турганын билдирүүдө:

"Мурун башкы план бекитилгенден кийин техникалык планы аябай кеч кабыл алынчу. Мисалы, башкы план 2006-жылы бекитилсе, деталдуу пландоо долбоору 2019-жылы, жер пайдалануу жана курулуш эрежелери 2020-жылы даяр болгон. Азыр биз андай кылбайбыз. Деталдуу пландоо 2026-жылы даярдалып, эрежелер бекитилип берилет. Комплекстүү бекитилгенден кийин башаламан курууга бөгөт коюлат. Институт да укуктук база боюнча аналитика жасап жатат, курулуш нормалары анализден өтүүдө, кайсы жерде кандай мүмкүнчүлүктөр бар экени каралууда", - дейт Бишкек шаар курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов.

Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча 24-25-декабрда коомдук талкуу өтөт. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер каралып, шаардык кеңешке сунушталат. Башкы план Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет, анда 2050-жылга чейинки мөөнөт камтылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG