Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2024-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу маалыматтар жарыяланды. Анда президент Жапаров 2 млн 214 миң сом киреше тапканы, жакындары 29 млн 706 миң сомдук кирешеге ээлик кылганы көрсөтүлөт.
Мамлекеттик кызматтагы расмий миллиардерлер
Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилеринен эң көп киреше тапканы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу болгон, президент Садыр Жапаровдун кирешеси салыштырмалуу эң аз.
Декларацияларды талдап көрсөк, 2024-жылы миллиарддык мүлктөргө ээ эки мамлекеттик кызматкер катталган. Алар депутат Шаирбек Ташиев менен президент Садыр Жапаров.
Шаирбек Ташиевди вице-премьер-министр, УКМК төрагасы жана таасири боюнча өлкөдөгү экинин бири Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси катары билебиз. Ал документте кыймылсыз мүлкү бар экенин, анын наркы 12,6 млрд сом экенин көрсөткөн. Бирок, активдин булагы көрсөтүлгөн эмес. Бул суммадагы мүлкү тууралуу депутаттын 2023-жылдагы декларациясында маалымат берилген эмес болчу. Жылдык тапкан расмий кирешеси 2,5 млн сом жана бир үйгө ээ экени жазылган. Жакын тууганынын киреше-чыгашасы тууралуу маалымат берилген эмес.
Президент Садыр Жапаров болсо легалдаштырган 1 млрд 163,5 млн сом каражаты бар экенин, 2627 чарчы метрлик соода борборго, эки жер тилкесине жана 100 миң сомдук бир жеңил унаага ээлик кыларын жазган. 2024-жылы өзү 2,2 млн сом, жакын тууганы (жубайы болсо керек) 29,7 млн сомдук киреше табышкан. Арийне, президенттин 100 миң сомдук унаам бар, башка унаам жок дегени купулга толорлук маалымат эместей.
Президент 2022-2023-жылдардагы декларацияларында 2,7 млн сомдук акчалай кирешесинен, айыл чарба багытындагы жери жана жакын тууганына катталган 17 чарчы метрлик имаратынан тышкары эч нерсеси жок экендигин жазган болчу.
Садыр Жапаров 2024-жылдын башында буга чейин башкаларга катталып келген мүлктөрүн легалдаштырганын, алардын жалпы суммасы 20 млн доллар болгонун жар салган.
“Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96) 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин "Ата-Журт" партиясынын штабы катары колдонгонбуз. Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду. Бирок, ошентсе да, жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик. 2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым. Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун”.
Садыр Жапаровдун каражаты расмий легалдаштырылган каражат катары жарыяланган болсо, Шаирбек Ташиевдин миллиарддык мүлкү кандай негизде пайда болгону белгисиз. Декларацияда кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат кездешпейт. Ал эми юстиция министрлигин сайтынан анын же жакын тууганынын кайсы бир компанияда үлүштөрү бар экенин көрө алган жокпуз.
2024-жылдын ортосуна карай жарыяланган маалыматтарга ылайык, “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү” мыйзамынын алкагында жалпысынан эки миңден ашуун жаран көмүскөдөгү мүлкүн мыйзамдаштырган.
Кош стандарт мамилеби?
Декларацияны талдап отуруп мамлекет кайсы тармактарга көбүрөөк артыкчылык берерин, кайсы министрликтерге каражат жакшы берилерин аңдайбыз. Же “май кармаган бармак жалайт” деген илдеттүү принцип кайсы жерде кандай өздөштүрүлгөнүн бир аз түшүнгөндөй болобуз.
Документтен айлык-маянасы эң көп мекемелер менен кызмат орундарын байкап көрсөк болот. Маселен, Улуттук банк, Финансы министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери башка мекемелерге караганда бир кыйла көп киреше тапканын көрөбүз.
Ошол эле маалда, Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Маданият министрлиги, Ички иштер министрлиги, Социалдык коргоо министрлиги жана сот системасы өңдүү тармактардын маянасы алдаганча жупуну көрүнөт.
Мындагы жөнөкөй эле көрүнгөн сандар ушул тармактарда эмне үчүн олуттуу реформалар же арыштуу секириктер болбой жатат, эмне үчүн алардын кызматкерлеринин эл арасындагы кадыр-баркы төмөн, эмне үчүн ошол тармактарда коррупциялык көрүнүштөр токтобой келет деген сыяктуу мыйзам ченемдүү суроолор жаралбай койбойт.
Соттордун бир жылда тапкан кирешеси 1,5-2 млн сомдун айланасында. Мындай айлыкты өкмөттүн, министрликтин же президенттик администрациянын орто звенодогу кызматкерлери деле алып жатышканын көрөбүз.
Саясат талдоочу Мавлян Аскарбеков азыркы система он миңдеген санды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бир бөлүгүн жакырчылыкка жана коррупцияга түртөрүн белгилейт.
“Каржы жагына тиешеси бар мекемелер, өз айлыктарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү барлар көбөйтүп алат. Айлыгын, толуктоочу каражаттарын, сый акыларын кошуп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар министрликтер же жетекчилер өздөрүнө ошондой жаздырып алышат. Бул айдан ачык. Мен өзүм иштеп кеткен, көргөн адам катары ичинен билем. Бир эле нерсени айтайын, кечээ мен мамлекеттик телеканалдын бир кызматкери менен сүйлөштүм, айлыктары 18-20 миң сом экен. Мисалы, бүгүн дагы деле бейтапканаларда, поликлиникаларда 8-10 же 15 миң сом айлык алган кызматкерлер өтө көп. Бул маселенин бардыгы Жогорку Кеңеште ачык талкууланып, элге маалымат берилиши керек эле. Эмне үчүн бүгүн бирөө 18 миң сом айлык алат дагы, башкасы 200-300 миң сом алышы керек? Бул теңсиздик жана кызматкерлердин бир бөлүгүн жакырчылык менен коррупцияга түртүүгө шарт түзүүнү билгизет”.
Жупуну сыяктанып, бирок манаптай жашагандар
Декларациядан көпчүлүк декларанттар жеке унаасы жок, карапайым турмушта жашарын көрөбүз. Дагы бир олуттуу бөлүгүнүн өзүнө катталган үй-жайы жок.
Маселен, декларация боюнча депутаттар Улан Бакасовдо, Айгүл Айдаровада, Эрулан Көкүловдо, Илимбек Кубанычбековдо, Жаныбек Кыдыкбаевде, Марат Мураталиевде, Медербек Саккараевде, Кундузбек Сулаймановдо, Жылдыз Таалайбек кызында жана Бекмурза Эргешовдо үй-жайы да, унаасы да жок болуп чыгат. Дагы бир тобу унаасы болсо там-ташы, үйү болсо көлүгү жок – жупуну турмуш кечиргендер.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары айлыкты гана караган, бирин-экин там-ташы бар экенин көрсөтүшкөн. Бирок, алардын ноябрдагы шайлоодо кандай каражатты чачканын көргөн эл мындай маалыматка көп ишене бербейт. Декларацияда үй-жайы, көлүгү жок, бирок жакында өткөн парламенттик шайлоодо жеке капчыгынан миллиондорду чыгарган депутаттар төмөнкүлөр.
Аткаруу бийлигинде да ушундай колго кармаар эч нерсеси жок жогорку даражалуу аткаминерлер толтура.
Документтеги мындай көрүнүш мамлекеттик жогорку саясий жана административдик жетекчи орундарды ээлеген адамдардын кирешеси менен мүлктөрү тууралуу маалыматтардын ишенимдүүлүгү тууралуу суроону жаратат. Анткени, ушу күнгө чейин ижаралап жүргөн же коомдук унаа менен каттаган бир дагы депутатты же министрди көрө элекпиз. Алардын кымбат унааларды айдап, премиум класстагы үйлөрдө жашап жатканы чакан Кыргызстанда алаканга салгандай эле билинет.
Саясат талдоочу Мавлян Аскарбеков декларацияны көз боёмочулук жана жалпы журтту алдоо акциясы деп эсептейт. Ал шайлоодо расмий фонду аркылуу ондогон миллион, иш жүзүндө андан алдаганча көп каражат чачкан депутаттар тамак-ашынан артпаган каражат таап жатабыз дегенин мисал кылууда.
“Экинчи конкреттүү факты – биздин башкы Салык кызматынын төрагасы, орун басары экөө камалып чыкты. Алардын иштеп турган убактагы декларацияларын карасаңыздар жөнөкөй эле жаран экенин билебиз. Бирок, УКМКнын териштирүүсүнө, коомчулукка алып чыккан маалыматына көңүл бурсаңыздар, ал жакта 55 млн долларлык байлыгы бар экени жалпы журтка айтылган. Анан ушунун баарын биз көрүп-билип туруп, кичинекей Кыргызстанда ким эмне иш кылып атканын угуп-билип туруп, ким кандай байлык топтоп жатканын көрү-билип туруп, анан жылдын аягында декларацияны жазып “мына, мен жөнөкөй эле жупуну саясатчымын же мамлекеттик-муниципалдык кызматкермин деген шоуго ким ишенет дагы, ушундай фикциянын кандай мааниси бар экенин мен түшүнө албай жатам”.
“Кызыкчылыктар кагылышы” жогорку даражалуулар үчүн иштебейби?
Мыйзам боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер ошол жердеги негизги жумушунан тышкары окутуучулук же чыгармачылык иштер менен гана алектенүүгө укуктуу. Башка жумуштар, өзгөчө коммерциялык иштер менен алектенгенге тыюу салынат. Бул кызыкчылыктар кагылышы катары сыпатталып, мыйзамдык жоопкерчиликке алып барат.
Эреже боюнча, Салык кызматы декларанттын берген маалыматтарын мамкаттоодогу, Юстиция министрлигиндеги жана башка расмий булактардагы маалыматтар менен салыштырып, талдайт. Эгерде ал булактарда дал келбеген башкача маалыматтар чыгып калса, анда декларантка тактоо өтүнүчү менен кайрылат. Андан кийин да суроолор жарала берсе, маалыматтарды прокуратура органдарына берет, ал жакта укуктук териштирүү иштери жүргүзүлөт.
Кызматты ээлегенге чейинки кандайдыр бир банктык эсептери, фирмалардагы үлүштүк катышы, пайыздары, салымдары болушу мүмкүн. Декларацияда алардын баарын так көрсөтүшү керек. Бодо мал, майда жандык же эсептери сыяктуу кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүнө чейин.
Мыйзам боюнча жашы жеткендердин жакын тууганы катары жолдошу, жубайы, чогуу жашаган балдары таанылат. Эгерде сенин багууңда бир туугандарың же ата-энең болсо, анда аларды да сөзсүз көрсөтүү кажет. Эгерде балдары жашы жетип, өз алдынча кирешеси же өзүнүн бүлөсү бар болсо, анда жакын тууганы катары саналбай калат.
Бирок, Кыргызстандын реалдуулугунда мындай эреже көп сактала бербейт. Мамлекеттик жогорку даражалуу кызматтарды ээлеген адамдар ошол жерде отуруп эле өз капчыгына киреше алып келе турган жеке жумуштары менен алектенген учурлар көп эле кездешет.
Маселен, президенттик администрациянын эксперттик даражадагы бир кызматкери декларацияда эки курулуш компаниясына тең негиздөөчүлүк кыларын көрсөткөн – биринде 40%, экинчисинде 20% үлүшү бар. Андан тышкары, дагы бир жеке билим берүү мекемесине да ээлик кылат. Ал ишканаларды башка кишилер ишенимдүү башкарууда иштетип аткан го деп ойлогом. Бирок, ачык булактарды карай келгенде ал мамлекеттик кызматкердин 2024-жылы компаниялардын операциялык иштерине активдүү катышканын көрөбүз.
Мындай көрүнүштөр иш жүзүндө абдан көп. Өзгөчо депутаттар арасында ачык байкалат. Маселен, бир депутаттын жубайы ири компанияларды иштетет. Бирок, депутаттын декларациясында ал тууралуу эч бир маалымат кездешпейт.
Салык кызматынын өкүлү киреше булактары жана мүлктөрү тууралуу маалыматты жашырганы аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине чейинки мыйзам чаралары көрүлөрүн айтып берди. Ал жагы Башкы прокуратуранын компетенциясына кирет. Бирок, иш жүзүндө мындай учурларды көрө элекпиз.
“Декларациялардын сапаты барган сайын жакшырып барат”
Салык кызматы билдиргендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 63209 декларация тапшырылган, анын 1403ү мамлекеттик саясий, жогорку административдик жана атайын кызматты ээлеген жетекчилер. Талдоолордун жыйынтыгы менен анын 12% же 7343 декларация мекеменин расмий сайтына жарыяланган.
Салык кызматынын Декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева чогулган маалыматтар барган сайын так жана ишенимдүү болуп баратканын айтат.
“Биз декларация тапшырууну автоматташтыруу процессин жакшыртып жатабыз. Маалыматты автоматтык алмашуунун негизинде бир кыйла ишенимдүү маалыматтарды чагылдырып калдык. 2024-жыл боюнча 63 миңден ашуун декларация тапшырылган болсо, ага чейин 70 миңдей чогулчу. Айрымдары билбестиктен тапшырып алышчу, тийиштүү эмес кызматкерлер деле тапшырып салышчу. Эми болсо автоматташтыруу ушундай каталарды бир топ эле азайтып жатат. Өз учурунда тапшырбай калгандар бардыр, бирок биз аларды көзөмөлдөп турабыз”.
Кыргыз өкмөтү 2024-жылы жалпы жарандар үчүн декларация тапшырууну жоюп салган. Салык кызматы билдиргендей, 2025-жылдан тарта декларация тапшыруучулардын тизмесине бир катар кызматкерлердин категориясы кирип жатат. Эми Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, соттторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү жана мамлекеттин катышы бар компаниялардын жетекчилери да декларация тапшырууга милдеттендирилет. Ал эми укук коргоо органдарынын жашыруун макамда иштеген кызматкерлери болсо, тескерисинче, декларация тапшыруудан бошотулган.
Шерине