Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Кыргызстан: Саясатта эмне өзгөрдү?


2025: Жапаровдун бийлиги, саясий оппозиция, парламенттик шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:13 0:00

2025: Жапаровдун бийлиги, саясий оппозиция, парламенттик шайлоо

2025-жылда Жогорку Кеңеш тарыхта биринчи ирет өзүн-өзү таратып, жаңы мыйзам менен кайра шайланып келишти. Саясат талдоочулар парламенттин саясий таасири азайып, көз карандылыгы күчөгөнүн белгилеп жатышат.

Бийликтин дарегине сын айткандарга кылмыш иши козголуп, камакка алынган учурлар быйыл да катталды. Ушуну менен бийлик саясий талааны тазаладыбы? Келерки жылы президенттик шайлоого даярдык башталат, бул жарышта альтернативдүү талапкерлер чыгабы?

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы алгач парламенттик шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан өзгөртүп, 30 шайлоо округун түзүштү. 90 депутат үчтөн болуп, ошол округдардан шайланып келмек болду. Демилгечилер бул мыйзам президент менен кеңешилгенин айтып, анда парламенттин курамынын үчтөн бирин аялдар түзүшү керек деген аргумент менен коргошту. Анан дагы бир маанилүү жүйөсү депутаттарды тандоо менен президенттик шайлоо мөөнөтүнүн аралыгын алыстатуу эле. Болбосо парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында, президенттики 2027-жылдын башында өтүп, өтө жакын болуп калмак.

Шайлоо мыйзамы карала баштаганда коомчулукта парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашы жөнүндө сөздөр жүрүп, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аны четке каккан. Төраганын сөзү да, кырдаал да жети айдан кийин толугу менен өзгөрдү.

Нурланбек Тургунбек уулу
Нурланбек Тургунбек уулу

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт. Мен айткан учурда шайлоо мыйзамы кабыла алына элек эле, президенттик шайлоонун датасы да коюла элек болчу. Демек, өзгөртсө болот. Бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана ыйык Куран. Башкасынын баарын шартка, кырдаалга жараша өзгөртсө болот”, - деген Тургунбек уулу.

Жыйынтыкта парламенттин мөөнөтүнөн мурда таратуу сунушун 72 депутат демилге кылып, ал колдоо тапты. Кыргызстандын тарыхында алгач жолу Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатты.

7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин соңку жылдагы маанилүү чечими кыргыз-тажик чек арасын тактоо долбоорун ратификациялаганы болду. Ошентип Кыргызстан бардык кошуна мамлекеттери менен чек арасын тактады. Саясий эркин көрсөтүп, чечим үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган бийликтин аракетин парламент колдоп гана турду. Айрым тилкелер боюнча чечимге макул болбогон депутат Султанбай Айжигитов атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кетти.

Мындан көп өтпөй Айжигитовдун мандатына байланыштуу маселе көтөрүлүп, депутаттыктан четтетилди. Кийин кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөрү башталды.

Айжигитов өз пикиринен улам Жогорку Кеңештен четтетилген биринчи депутат болгон жок. Былтыр “Бүтүн Кыргызстандын” жетекчиси Адахан Мадумаров менен “Ыйман Нуру” фракциясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков ар кайсы маселелерден улам бийликти сындап чыккан соң мандатсыз калган. Мындай окуялар депутаттардын жогорку бийликке сын айтуудан айбыгып калды дегендер да бар.

“Алар ар бир депутаттын өзүнүн кылык-жоругуна жана буга чейин алып барган ишмердүүлүгүнө жараша болгон окуялар. Жалпы парламентке же конкреттүү бир депутатка кысым болуп жатат деп айта албайм”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков.

Камалган, сот жообуна тартылган саясатчылар, активисттер

Өз пикирин билдиргени үчүн ар кандай жагдайда кылмыш иши козголуп, камакка алынгандар быйыл да катталып жатты. Былтыр жыл соңунда Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо добуш сатып алууга шектелип камакка алынган “Социал-Демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ноябрда “массалык башаламандык” боюнча кайра камалды. Мурдараак ал бийликти сынга алып, саясий билдирүүлөрдү жасап жаткан.

Султанбеков менен кошо экс-депутат Шайлообек Атазов, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана бир катар киши “бийликти басып алууга” жана “массалык башаламандыкка” айыпталып кармалды.

Андан көп өтпөй, декабрда жарандык активист Айбек Теңизбайды атайын кызмат “улут аралык кастык козутууга” айыптап кармады. Ал да өзүнүн пикирин активдүү билдирип, бийликтин айрым аракеттерин сынга алып келген жана Ютуб аркылуу саясатчылар менен подкасттарды алып барып келген.

Журналист Адил Турдукулов бул ырааттуу жүрүп келген саясаттын жыйынтыгы дейт.

“Саясий талааны тазалоо. Бул Конституциянын өзгөрүшү менен башталган. Саясатчыларга куугунтук менен уланган. Акыры саясий активисттерге, журналисттерге жетти. Анткени алар өзүнүн пикиринин, сөз эркиндигинин курмандыгы болушту. Жаман жери, бул башка журналисттерге, активисттерге жана блогерлерге жаман белги болуп жатат. Эгерде өз пикириңер болсо, сын болбосо да, орток пикириңер үчүн деле камалып кетишиңер мүмкүн деген белгинин берилип жатышы чоң маселе. Элди токтото албайсың, алардын бугу чыгып турушу керек. Ошол блогерлер жана активисттер ошол буктун бир бөлүгүн канааттандырып турчу”.

Жаңы шайлоо, жаңы эрежелер, жаңы чектөөлөр

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленди. Бийлик бул саясий окуяга тыкыр көңүл коюп, таза өткөрүү дымагын улам-улам белгилеп жатты.

"Бул шайлоону калыс катары башынан аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөйм. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз".

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жаңы эрежеси соңку беш жылда четте жүргөн жарандардын талапкер болуусун чектеди. Мындан тышкары кылмыштуу топторго тиешеси бар деген негизде бир канча жаран, анын ичинен мурда депутат болгондор да шайлоого кайра аттана албай калды.

“Менимче, ошол ашыкча болду. Ансыз деле ага чейин саясий талаа тазаланган болчу. Кандай оппозициялык күч өтсө деле алар эч кандай туруштук бере албайт болчу. Тескерисинче, алар элдин бир бөлүгүнүн кызыкчылыгын колдоп, парламентте оппозициялык үндөр бар экенин тастыктамак жана ошол нерсе бийликке аброй алып келмек. Парламенттин тышында оппозициянын түзүлүшүнө негиз болот. Чынында кандай гана оппозиция болбосун, ал парламенттин ичинде болсо, туруктуулуктун кепили болот”,-деди Турдукулов.

Бул шайлоо эрежеси гендердик квотага ыкталганы үчүн аял талапкерлердин активдешүүсүнө шык берди. Жарышка чыккан 460 талапкердин 189у аял талапкер болуп, алардын 29у мандат алды. Шайлоонун жыйынтыгына келгенде айрым округдарда талаш жаралды. Маселен, №8 округдан чыккан мурдагы депутат Жылдыз Жолдошева алдын ала жыйынтыкта алдыда келаткан. Боршайком добуш сатып алууга байланыштуу бул округдагы үч добушкананын жыйынтыгын жокко чыгарган соң Жолдошева мандатка жетпей калды.

“Элдин мага ишенип берген добушу менен эч ким ойнобошу керек. Бул президентке жетсе, ал туура жыйынтык чыгарат. Ал Конституциянын кепили, мурдагы болобу же азыр да эсептейби, үзөңгүлөшү, кесиптеши катары. Алар кыйналып турганда мен аларды таштаган жокмун, саткан жокмун, сатылган да жокмун. Мыйзамсыздык эмес, абакка жатып калганда бир гана мен көп жылдар бою ошолордун жанында болдум. Мен мыйзамсыздыкка кабылып калганда, генерал Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров “мобу жерде бурмалоо бар экен, бул жерде туура эмес чечим кабыл алыптыр, БШК муну эмнеге кабыл алып жатасыңар” деп балким бир сөз айтып коёр деген үмүт менен кайрылып жатам”, - деди Жолдошова БШКнын жыйынында сүйлөп жатып.

Ошентип бийликке утур-утур сын айтып, социалдык тармактарга билдирүү жазып келген Жолдошева депутат болбой калды. БШКнын чечимин сот да кубаттады.

Парламентте бир канча чакырылыштын депутаттары Бакыт Сыдыков, Талант Мамытов, Айбек Алтынбековдор ат салышкан 13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыкты. Буга 35 добушканага телефон орнотуп, добуш берүүнү видеого тарткан окуя негиз болгон. БШК бул округдагы талапкерлердин баарынын кайра аттануусуна тыюу салды.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш 17-декабрда ант берип ишин баштады. Жаңы шайланган дегенде кандай, мурдагы чакырылыштагы 50дөй депутат кайра шайланып келди. Албетте, арасында саясатка киришип-кирише элек мандат алгандары да бар.

Парламент төрагасы жана анын орун басарлары, жада калса комитет төрага-төрайымдары да атаандаштык жок шартта, алдын ала макулдашылган талапкерлик менен шайланды. Бул көрүнүштү депутат Элвира Сурабалдиева сынга алды.

“Бүгүн комитет төрагаларынын орун басарларына шайлоо коюптурсуздар. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, кечээки жолуңар менен альтернативасыз талапкерлерди белгилеп коюуңуздарды суранам”.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев депутаттарды топторго бөлүнгөнү тууралуу мындай дейт:

“Партия болгондо, позициясы жок болгону менен баары бир топтошуу маселесинде мааниси бар эле. Азыр парламент биринчи эле күнү түшүнүксүз эле негизде топторго бөлүнүп алышкан. “Бала бакчада он-ондон тизилгиле” деп бөлүштүрүп койгондой ой калтырды. Ар биринин аталыштары эң сонун. Бирок бул идеялык түрдө бөлүнгөндүк эмес. Эми алардын арасында эмне болот? Аларда ат салышуу, атаандаштык болобу дегенге так жана оң жооп жок”.

Жогорку Кеңештин саясий таасири арттыбы же...

Президенттик башкаруунун фонунда парламенттин таасири артып кетпеши турган иш. Бирок аткаруу бийлиги сунуштаган долбоорлорду ачык талдап, институт катары өзүнүн позициясын көрсөтүп, аткаруу бийлигинин кемчиликтерин, чечимдерин ачык көтөрүп чыга алабы деген суроо турат.

Депутат Элвира Сурабалдиева:

“Коллегаларыма комментарий бербейм. Элдин тандоосу, чечими болду. Биздин округда эл үч депутатты алып келди. Ишенгенден кийин убакыт бериш керек, анан көрүнөт”.

Дагы бир депутат Кубаныбек Самаков парламенттин таасири тескерисинче күчөдү деген пикирде.

“Парламенттин саясий таасири эч кандай азайган жок. Азыр тескерисинче, жер-жерлерден, элдин арасынан даана эл өкүлдөрү тандалып, калктын элегинен өтүп келди десек болот. Демек, мурдагыга салыштырмалуу округдун ичиндеги көйгөйлөрдү түбүнөн билген адамдар эми келди десек болот. Жогорку Кеңеш айылдык же аймактык кеңеш эмес да. Жазган мыйзамдарыбыз жалпы өлкө үчүн болот”.

Кыргыз парламентинде министрлерди, өкмөт башчыны жыйынга чакырып, депутаттар менен аткаруу бийлигинин кызыл чеке талашка түшкөн учурлар болгон. Баш мыйзамдын өзгөргөнү аткаруу бийлиги күчтөнүп, депутаттардын айрым талаптары көңүл сыртында калган учурлар да болду. Мындан улам айрым маселелерде депутаттар министрлердин өзүнүн катышуусун да талап кылып калышчу. Эми бул маселеде да депутаттардын тили кыска болуп калды окшойт. Анткени президент Жапаров бул маселеге депутаттар ант берген күндөгү кайрылуусунда кайрылды.

“Албетте, айрым учурларда министрлер өздөрү келиши керек болгон мыйзам долбоорлору болот. Бирок башка учурларда алардын орун басарлары менен иштешсеңиздер. Анткени мен министрлерди 24 саат бою, керек болсо түн уйкусунан ойготуп алып иштеткен учурларым болот. Күндүз зарыл учурларда чакырып калсам, дайыма эле “Жогорку Кеңештемин, комитеттин же фракциянын жыйынындамын деп күндө эле ушул жерде жүрүшөт. Министр деген күнү-түнү ишин алдыга жылдырышы керек”.

2026: Эми президенттик шайлоого даярдыкпы?

Жогорку Кеңештин шайлоосун тынч өткөргөн бийликтин алдыда эми дагы бир чоң саясий окуя – президенттик шайлоо турат. Парламенттин эрте тарап, эрте шайланышы да ушуга байланыштуу эле.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоо алдындагы кайрылуусунда мындай деген:

“Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки өзүнүн президенттик шайлоосуна кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар, андай эмес. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен беш жыл мурун 80% элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90% менен өтөм деп ишенем”.

Садыр Жапаров кийинки президенттик жарышка чыкса талашсыз утуп чыгарына өзү эле эмес, саясий айдыңда, эл арасында да ишенимдин басымдуу экени байкалат. Анын беш жылдык башкаруусундагы коррупцияга каршы күрөш, криминалдын жок кылынышы, экономикалык өсуштөр, ири курулуштардын жүрүп жатканы эл арасында жылуу кабыл алынууда.

Дагы бир жагынан бийликтин саясаты менен макул болбой, сынга алган саясатчылардын кылмыш иши козголуп, камалганы же кандайдыр жоопко тартылганы, оппозициянын алсырашы менен азыркы жетекчилик үчүн саясий талаа бошоду дейт эксперттер.

“Кыргызстандын саясатында шайлоолордо бир эле интрига бар. Ал шайлоонун жыйынтыгынан улам төңкөрүш же күтүлбөгөн окуялардын болуп кетиши. Бирок рецепти бир эле – бүт саясий оппоненттер менен диалогго, компромисске баруу, бир саясий платформаны түптөө. Анткени кыргыз мамлекетине душмандар жок, алардын баары күйүп бышат, саясий оппонент дегендердин деле оюнда Кыргызстан өнүксүн деген тилеги бар. Реалдуулукка келсек, президенттик шайлоо да бийликтин сценарийи боюнча эле өтөт деп ойлойм. Анткени парламенттик шайлоону деле өз нугунда, бийлик каалагандай өткөндүгү президенттик шайлоого даярдык десек болот”, - дейт Адил Турдукулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун да азыркы президенттин шайлоодо утуп келишине күмөнү жок.

“Менин БШК төрагасы катары эмес, өзүмдүн жеке оюм, Садыр Нургожоевич азыр президенттик шайлоого барса, 80-85% менен утуп чыгат”.

Соңку жылдары президентке удаа эле саясий упай топтогон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев болду. Кылмыштуулук менен күрөшүүдөн баштап жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнүн ишмердигин текшерип, катаал чараларды колдонгону, утур-утур жардамга муктаж жарандарга камкордук көрсөткөнү эл арасында алкоого алынып турат. Кийинки президенттик тууралуу сөз козголгондо бир альтернативага татыктуу деп Ташиевдин эле ысымы айтылат. Бирок ал буга чейин эле журналисттерге берген маегинде позициясын так атаган.

“Мен 2027-жылы президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышпайм. Мен урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичти колдойм. Ал Конституцияга ылайык юридикалык жактан дагы эки мөөнөткө президент болууга акылуу. Эл биздин мындай чечимди кубаттайт деп ойлойм”.

Шайлоонун мөөнөтү да, андагы негизги фаворит так болгону менен кыргыз саясатында Жапаров менен жарышка чыкчу алган башка саясатчы барбы деген суроо ачык турат.

“Президент Жапаров кайра шайлоого барса, кынтыксыз жеңип келеринен шегим жок жана шайлоодон кийин дүрбөлөң, күтүлбөгөн жагдай болот дегенди күткөн жерим жок. Билбейм, Жапаровго атаандаш болуп кайсы бир саясатчы чыкканын элестете албай турам”, - деди Эмил Жороев.

Бирок тең атаандаштыктагы шайлоону өткөрүү бийликтин жоопкерчилигиндеги маселе экенин эске салгандар да болду.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG