Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Коррупцияга каршы күрөш: жоон топ аткаминер камалган, "кустуруу" уланган жыл


Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн негизинде жалпысынан 300 миллиард сомдон ашык каражат, мал-мүлк, миңдеген гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Паракорчулук 1990-жылдардагы менчиктештирүү жараянынын негизинде көбөйгөнүн айтты. Бул билдирүү менчикке болгон укук тууралуу талкууларга кайра жем таштады. Айрым эксперттер коррупцияга күрөштүн, анда колдонулган ыкмалардын оң-терс жактары терең талданышы керектигин эскертип келишет.

2025-жыл коррупцияга каршы мыйзамдын катталдашы менен башталган. Президент Садыр Жапаров жыл так жаңырар алдында, 2024-жылдын 31-декабрында паракорчулукка айыпталган адамдарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, “коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

“Кыргызиндустриясынын” кыйрашы

Жыл башталганда эле бийлик атамекендик өндүрүштү жандантат деп чоң үмүт арткан “Кыргызиндустриясынын” башчысы Жарасул Абдураимов орун басары менен коррупцияга шек саналып кармалган. Атайын кызмат аларга 2022-2024-жылдары мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш-билиштерин жетекчи кылып коюп, көп суммада айлык төлөгөн деген кине таккан.

УКМК 2022-2024-жылдар аралыгында “Кыргызиндустриянын” алдында 40тай компания түзүлгөнүн маалымдаган. Шектүүлөр туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деп айыптаган.

Ошондой эле жетекчилик кызматтарга жакын тууган, санаалаштарын койгонун белгилеген. Расмий маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөн. Бул иш сотко 2025-жылдын октябрь айынын башында өткөнү белгилүү болгон жана кармалгандан кийин эле ооруканага которулган Жарасул Абдураимов оорудан каза тапкан. УКМК жана анын төрагасы Камчыбек Ташиев, бийлик буга байланыштуу эч кандай комментарий берген эмес.

Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жалпы баасы 300 миллиард сомдон ашык мүлк, гектарлаган жер мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал соңку маегинде коррупцияга каршы күрөшкө жана анын жыйынтыктарына кеңири токтолгон. Өлкөдөгү ири паракорчулуктун башталган себебин ириде 90-жылдардаагы менчиктештирүү жараяны менен байланыштырган жана аны талап-тоноочулук катары сыпаттаган. Ошол маалдагы таасирлүү, чоң кызматта турган чакан топ байып алганын айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекетке 300 миллиард сомдон ашык мал-мүлктү, акча каражаттарын мамлекетке кайтарып бериптирбиз. Миңден ашык ар кандай ишкана-мекеме, объектилерди кайтарып бериптирбиз. Ошондой эле 30 миң гектардан ашык жерди кайра мамлекеттин менчигине кайтарып бериптирбиз. Эмне үчүн Кыргызстанда ушунчалык чоң масштабдагы коррупция башталып кеткен? Ушуга көз жүгүртүп ойлоно турган болсок, бул мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аркылуу талап-тоноо башталганын билесиңер. 1992-1993-жылдары эгемендүүлүктү алгандан кийин мамлекеттик мал-мүлктү менчиктештирүүгө бергенден кийин мамлекетти талап-тоноо ушунчалык күчөгөн. Менчиктештирүү элге кыянатчылык менен жүргүзүлгөн. Менчиктештирүү элдин колунда эмес, кайсы бир топтун, мамлекеттик органда иштеген адамдардын жана шылуундардын гана колунда калган”, - деген Ташиев.

УКМК мамлекетке кайтарылды деген 300 миллиард сомдун тарых-таржымалы тууралуу адатта кеңири маалымат бербейт. Айрым учурларды гана ачыкка чыгарат. Маселен сентябрь айында “Аю” холдингинин негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын маалымдаган. Ишкерди бир катар мыйзам бузууларга байланыштуу айыптаган.

“Тергөөдө “Аю” көп профилдүү холдингинин ээси А.Ш.Ш. тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. “Аю” холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдуулуктун көрүнүшүн берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келгени аныкталган”, - деп жазылган маалыматта.

Абдыкеримов өзүнө каршы бир канча кылмыш иши ачылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жана соңку окуялар тууралуу комментарий берген эмес.

Жеке менчик кол тийгиспи?

Коррупцияга каршы күрөш менчикке болгон укукка байланыштуу талкууларды жаратып келет.

Ишкер, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев анын бизнес чөйрөсүнө, инвестициялык климатка тийгизген таасирине токтолду.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

"Жакында эле прокуратуранын өкүлдөрү, Инвестиция боюнча агенттик менен ишкерлер жолукканбыз. Ошондо ишкерлердин көбү ошол эле маселени айтып жатты. “Эмнеге ишкерлерди террорчулардай, чоң кылмышкерлердей кылып кармап эле жатат?” деген суроолор болду. Анча чоң эмес экономикалык кылмыштар болсо сөзсүз эле камабай, үй камагына чыгарып, айып пул салуу менен эле чектелип, же мүлкүн камакка алып, бирок эркиндигин чектебеш керек дегендей пикирлер айтылган. Ишкерлер, инвесторлор - булар салык төлөөчүлөр, жумуш ордун түзчүлөр, экономиканын кыймылдаткычтары деген позиция айтылды. УКМКнын мындай саясаты ишкерлерге такыр эле жакпай жатат, муну ачык эле айтыш керек. Бир четинен, карапайым элге көрсөтүлүп жаткан “маски шоулор” аябай эле жагат. Большевиктердикиндей позиция калың элдин канына сиңип калгандай. “Байларды кустуруш керек” дегенге басым жасалгандай. Бирок эч ким терең изилдеген жок. Арам жол менен табылдыбы, же адал эмгек менен табылды деп талдашпайт, айырмасы жок, байлыгын алып коюш керек дегенге эле сүйүнгөн катмар болуп жатат. Эгер узак мөөнөттү ойлонсок, ишкерлерсиз, инвесторлорсуз өлкөнүн экономикасы мамлекеттик гана ишканалар менен өнүгө албайт".

Тилек Токтогазиев Ташиевдин менчиктештирүүгө байланыштуу айткандарынан улам жеке менчик укугуна байланыштуу оюн билдирди.

“Кыргызстан 90-жылдардан тартып эле эркин капитализмди түзүп баштаган. Ошол эле учурда Орусия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттик капитализмди түзүп баштаган. Бизде болсо керек болсо айыл-чарба жерлеринин 75% жеке менчикке өткөрүлгөн, завод-ишканалардын көбү менчиктештирилип кеткен. Эми мен деле ошол убакта көп иш калыс болбогон деп ойлойм. Бирок бул ошол учурда болгон иш, ага өкмөт кол койгон. Демек, жагабы, жакпайбы ошол берилген кагаздарга баш ийишибиз керек. Азыр 90-жылдары туура эмес берилип калган деп ошонун баарын жокко чыгаруу жеке менчик кол тийгис деген принципке чоң сокку болуп жатат. Анткени азыркы өкмөттүн деле чечимин кийинки, келечектеги, 10-15 жылдан кийинки өкмөт деле “булар мыйзамды каалагандай калчаптыр, биз аны тааныбайбыз” деп деле коюшу мүмкүн. Инвесторлор деген кайсы бир адамга же өкмөткө ишенбейт, алар тарыхты карайт, институциалдык жактан бул мамлекетте мыйзамдар иштейби деп ошону карайт, бийлик алмашканда бири-биринин чечимдерин сыйлайбы же жокпу деген нерселерге көңүл бурушат. Инвесторлорду тартууга бир канча жыл керек, ал эми инвесторлорду качырып алууга бир гана күн жетиштүү. Мен жергиликтүү ишкерлер менен, чет өлкөлүк инвесторлор менен деле сүйлөшкөндө аларды кооптондурган нерселер булар жеке менчик укугу, сот системасынын көз каранды эместиги”.

2025-жылдын март айында Садыр Жапаров атайын жарлык чыгарган жана анда Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган жемкорлукка каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялап, натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт. Коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча маалыматтарды жана отчетторду сурап, жумушчу топторду түзө алат деп жазылган. Башкы прокуратура ишкерлердин кооптонуусуна байланыштуу ачык позициясын билдире элек.

“Коррупцияга караганда криминалга каршы күрөш жеңилирээк болгон”

Сентябрь айында Садыр Жапаров паракорчулукка каршы күрөшкө баа берип жатып, жогорку бийлик бутактарында коррупция дээрлик жоюлганы менен ортодон төмөнкү катмарды паракорчулуктан арылтуу кыйын болуп жатканын билдирген. Ал Балыкчыдагы оңдолуп-түзөлүп бүтпөй жаткан бала бакчага барып, бул иштерге миллиондогон сом бөлүнгөнүн, каражаттын теңи кымырылып кеткенин билдирген. Ортодон төмөнкү катмардагы коррупцияны жоюу кыйын болуп жатканына токтолгон:

"Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык. Ортодон ылдый карай жоголбой жатат. Мына ушул эле бала бакча ошого мисал. Мен өз көзүм менен көрүп, тапшырма берейин деп атайын келдим. 90 миллион сомго оңдомок тургай, жаңы бала бакча салып койсо болот эле. Ушундай болуп атат, эми эмне кылалы? Криминал менен күрөшүү бизге жеңил болду. Бир жылда баарын тазалап койдук. Бирок беш жылдан бери коррупцияны тазалай албай жатабыз. Бир айыл өкмөтү үч жыл бою бир парктан акча жептир", - деген Жапаров.

Бул жыл коррупцияга шек саналган аткаминерлер тобу менен кармалган, жыйында элдин көзүнчө алып кеткен окуялар менен дагы эсте калды. Жайында Токмок, Кара-Балта жана Шопоков шаарларынын ошол маалдагы мэрлери камакка алынган. УКМК аларды мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирүүгө байланыштуу айыптаган. Көп өтпөй Камчыбек Ташиев Ошто жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кеткен. Андан кийин атайын кызмат товарды мыйзамсыз импорттоого жана коррупциялык схема түзүүгө айыптап “Чалдыбар” чек ара аймагына жооптуу төрт мекеменин 24 кызматкерин кармаганын жарыялаган. Жоон топ аткаминерлер жыйын учурунда камалган.

УКМК кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлерди жыйындар залынан кармап, суракка алып кетишүүдө. Ош шаары, 9-июль, 2025-жыл.
УКМК кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлерди жыйындар залынан кармап, суракка алып кетишүүдө. Ош шаары, 9-июль, 2025-жыл.



Камчыбек Ташиев июлда Оштогу мамлекеттик кызматкерлердин жыйынында абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирген. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айткан.

"Абдувапов Салык кзыматында 10 жылдан ашык убакыт иштеген. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына, кызматкерлер "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайра чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт", - деген Ташиев.


Ноябрь айында ЭлТР телеканалы “Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана башка салыкчылардын коррупциялык схемасы” тууралуу иликтөө жарыялады. Анда салыкчылар ишкерлерден үч схема боюнча мыйзамсыз каражат чогултуп турганы, андан Кыргызстандын бюджети 2024-жылдын 11 айында 34 млн 602 миң доллар зыян тартканы айтылат. Коррупциялык жол менен табылган каражатты Алтынбек Абдувапов аялы аркылуу адалдап, чет жактан кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алганы баяндалган. Бул билдирүү тууралуу Абдуваповдун жакындары комментарий берген эмес.

“Ыкма элге жакканы менен натыйжасыз”

Саясатчы Мавлян Аскарбеков коррупциянын кесепети менен күрөшпөй, себебин аныктап чара көрүлүшү керек деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Беш жылдан бери коррупция менен күрөш бүтпөй келе жатат. Улам-улам эле кызматкерлер кармалат. Күнүгө эле көрүп жатабыз, баса калып кармап, акчаларды жайып санап, музыканын коштоосунда видеолорду жарыялап, айтор карапайым элге жаккан ыкмалар менен күрөшүп жатышат. Эгер ошондой ыкмалар натыйжалуу болгондо үч жылдан кийин эле бизде коррупция бир топ азайып кетмек. Бирок биз ошол эле ыкмалар менен күрөш жүрүп жатканын көрүп келатабыз. Мындай ыкмалар натыйжалуу эместигин, бирок жалпы элге жагып жатканын көрүп жатабыз. Коррупцияга каршы күрөш концептуалдуу болушу керек эле. Бир эле мисал айтайын, эмнеге коррупция менен кармалгандарды кызматка койгондор дагы жоопко тартылбайт? Беш жылдан бери эле коррупцияга шек саналып кармалгандарды көрүп жатабыз, бирок аларды кызматка койгондор эмнеге жоопко тартылбайт? Ошон үчүн биз коррупцияга жол берилбей тургандай системаны түзүшүбүз керек. Бул үчүн адекваттуу, билимдүү, принципиалдуу, ойлоно турган команда керек. Баса калып, колун кайрып, аны видеого тартып, тыңшоочу жабдууларды коюп, анан эң башкысы провокация кылып, акча албайм десе дагы аны алдырып күрөшүү натыйжасыз ыкмалар".

Быйыл кармалган Токмок шаарынын мурдагы мэри Максатбек Нусувалиев ноябрь айында 13 жылга кесилген. Жогорку соттун басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен айыптуу деп табылганын билдирген. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, курулуш менен алектенүүгө тыюу салынып, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги түзөтүү абагында өтөөсү тууралуу өкүм чыккан.

Атайын кызматтын генералы Артур Медетбековун пикиринде, коррупциялык схемалар чиеленип, тамырланып калгандыктан, ага каршы күрөшүү жеңил болбой жатат.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Коррупцияга каршы күрөш бул өтө татаал, кыйын иш. Ошондуктан чырмаланышып кеткен коррупциялык схемаларга каршы күрөш жүрүп жатат. Экинчиден, паракорчулукка мурдагы эле чиновниктер малынбай, жаңы, жаш кызматкерлер дагы аралашып жатканын көрүп жатабыз. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшүүдө профилактикалык иштер жетишсиз болуп жаткандай, же болбосо коррупцияга шек саналып кармалгандар башка аткаминерлерге жакшы таасир бербей жатса керек. Мыйзам катаалдаса деле кррупция менен азыр деле кармалып жатышат".

Камчыбек Ташиев соңку маегинде коррупцияга каршы күрөштө жеке өзү утулганын, дос, жоро-жолдоштору азайып, бир тууганынын кудагыйынан бери камаган учурларга барып жатканын билдирген.

"Коррупцияга каршы күрөштүн оң-терс кесепеттерин иликтөө керек"

Деген менен коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева жемкорлукка каршы күрөштө талдоо маанилүү деп эсептейт. Бирок учурда маалыматтар чектелуү, же дээрлик жок экенин айтат. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы тууралуу бир ыктай айтуу оор экенин белгилейт.

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

"Азыр эми ушунча каражат түшүп жатат, бирок кандай, кантип түшүп жатат, мен мисалы көргөн эмесмин. Каражат түштүбү, ал кайда түштү, кайсы жакка которулду деген маалыматтар жок. Бул эки анжы кылган нерсе. Бир жагынан, ооба көптөгөн көмүскө экономиканы ачык чыгарып жатышат. Экинчи жагынан бул бизнеске кандай таасир тийгизип жатканын талдаган жакшы анализ, изилдөө жүрүшү керек. Мен экспертмин, мен жөн эле жел сөздөрдү айткым келбейт. Аны деген фактыларга, изилдөөнүн жыйынтыктарына таянып айтуу керек. Биз былтыр бир иликтөө жүргүзөлү дегенбиз, бирок мамлекеттик кызматкерлердин баары “бизге тыюу салып коюшту, биз катышпайбыз” деп баш тартышты. Азыр Башкы прокуратура коррупцияга каршы жаңы мыйзам долбоор даярдалды деп айтып жатышат, мен аны коомдук талкуудан деле көргөн жокмун. Мен буга чейин талдап, фактыларга таянып, байкап турчумун. Мен мисалы прогрессивдүү, сабаттуу эле жаш балдар менен иштейм, алар “ой сонун болуп жатат, канча көмүскө экономика ачыкка чыкты, ушундай болушу керек” дешет. Бирок мен аларга караганда өзүмдү пессимист эле сезем. Анткени мага тенденция түшүнүксүз. Ооба, бизнесмендерди камап, жашырган салыктарын ачыкка чыгарып, төлөтүп жатышат. Ошол эле маалда кайсы бир ишкер бул жактагы бизнестеринин баарын жаап, башка өлкөгө кетип калганы бул терс көрсөткүч. Ошон үчүн азыр оң жагы көппү же кесепетиби деген суроого жооп жок. Бул жерде анализ, агымды талдоо өтө маанилүү. Мисалы мага ишкерлер арасында иликтөө жүргүзүү маанилүү болмок".

  • “Азаттык” Жогорку сотко кайрылып, коррупция беренеси менен козголгон кылмыш иштери, чыккан чечимдер, сот аркылуу мамлекетке түшкөн каражаттар тууралуу маалымат сураган. Бул макала жазылып жаткан чакта жооп келген жок.
  • Жыл аяктап баратканда Камчыбек Ташиев, андан кийин Садыр Жапаров дагы келерки жылдан тартып ишкерлерди негизсиз текшерүү токторун билдиришти.


Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун былтыркы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашкан. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн деп эсептелет. Аталган эл аралык уюм 2025-жыл үчүн баяндамасын жарыялай элек.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG