Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Коррупцияга каршы күрөш: Ортодон төмөнкү катмар паракорчулуктан арыла элекпи?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров жогорку бийлик бутактарында коррупция дээрлик жоюлганы менен ортодон төмөнкү катмарды паракорчулуктан арылтуу кыйын болуп жатканын билдирди. Анын алдында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык кылмыштар кескин азайганын маалымдаган. Деген менен айрым талдоочулар паракорчулукка каршы күрөштө ачык-айкындуулук басымдуулук кылышы керектигин айтып келишет.

Өткөн апта соңунда президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы сапарында оңдолуп-түзөлүп бүтпөй жаткан бала бакчага дагы барган. Бул иштерге миллиондогон сом бөлүнгөнүн, каражаттын теңи кымырылып кеткенин билдирген. Ортодон төмөнкү катмардагы коррупцияны жоюу кыйын болуп жатканына токтолгон:

"Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык. Ортодон ылдый карай жоголбой жатат. Мына ушул эле бала бакча ошого мисал. Мен өз көзүм менен көрүп, тапшырма берейин деп атайын келдим. 90 миллион сомго оңдомок тургай, жаңы бала бакча салып койсо болот эле. Ушундай болуп атат, эми эмне кылалы? Криминал менен күрөшүү бизге жеңил болду. Бир жылда баарын тазалап койдук. Бирок беш жылдан бери коррупцияны тазалай албай жатабыз. Бир айыл өкмөтү үч жыл бою бир парктан акча жептир".



Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу айыпталгандарга жаза катаалдаган. Өткөн жылдын аягында Садыр Жапаров паракорчулук үчүн жаза күчөтүлгөн мыйзамга кол койгон. Документке ылайык, "Коррупция" беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Алардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөн күндө деле ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Ошондой эле пробациялык жаза дагы колдонулбайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ошондон бери коррупциялык кылмыштар азайганын айтып келет. Өткөн айда Ош облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда ал коррупцияга каршы күрөштөн казына толуп жатканын белгилеген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Биздин жасаган жумуштарыбыздын негизинде үч миллиард доллардан ашык акча кайтарылып келди. Бизде бандиттер, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер, аким, губернатор, министр болуп иштегендер, алардын тууган-уруктары бай болгон. Карапайым эл-журт өзү менен калып кете берген. Коррупцияга каршы иштерде жумуштар толук жүрүп жатат. Биз 2026-жылдын аягында отчетту беребиз. Азыркы күндө коррупциялык элементтер кескин азайды. Мурда, билесиздер, эмне кылсаң дагы баары коррупция менен чечилчү. Жөндөн жөн жадагалса маалымат кат дагы ала алчу эмессиң. Азыр ушул маселелердин көпчүлүгү жер-жерлерде чечиле баштады. Биз күндө айыл өкмөттүн башчыларына, акимдерге, президенттин аймактагы өкүлдөрүнө, министрлерге сайрап айтып жатабыз. Андайларды кармап жатабыз, камап жатабыз".



Ушул жылдын башында Ташиев 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10% чейин кыскартууну пландап жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40% экенин жарыялаган. Анын ырасташынча, өлкөдө жемкорлук буга дейре 70-80% чейин жеткен.

Атайын кызмат, Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура дээрлик күн сайын коррупция менен кармалгандар, бул берене менен козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берип келет. Бирок иш андан ары эмне менен аяктаганы дээрлик белгисиз бойдон калат.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, жогорку бийлик бутактарындагы коррупция жоюлганы тууралуу билдирүүдө суроолор көп:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Президент уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш коррупцияга каршы күрөшкө караганда жеңил болду дегендей айтпадыбы, эми мындай топторго балким 200-300дөй адам аралашкандыр. Ал эми коррупцияга малынган адамдар андан кыйла көп да. Бардык мекеме-уюмда коррупция болгон. Коррупцияга малынбаган бир дагы мекеме жок. Ак үйдөн баштап айыл өкмөткө чейин коррупция жок дегенге болбойт. Азыр президент жогору жактагы коррупция жок болду деп айтып жатат. Бирок антип айтканга деле болбойт. Азыр эми өкмөттүн ичинде "өкмөт" пайда болгон. Ошол эле өзүнүн иш башкармалыгына 10го жакын мекеме карап калган. Мамлекеттик ипотекалык компания эмне себептен иш башкармалыгынын карамагында турат, эмне себептен жерди бекер алганы менен алар салган үйлөр кымбат болуп жатат деген суроолор бар. Ошол эле Каныбек Туманбаевдин жакын туугандары кызматтарга дайындалып жатат. Бул деле коррупциялык түзүлүшпү деген суроо бар. Мыйзамдардын дээрлик баарында коррупцияга жол ачкан жагдайлар толтура".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков болсо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адам факторун мүмкүн болушунча азайтуу керектигине токтолду:

"Коррупция мурдагыга салыштырмалуу азайды десек болот. Паракор дегендерди кармап жатышат, кустуруп жатышат дегендей. Бирок айрымдары кайра эле чыгып кетип жатат. Мына, "Райым миллион" эркиндикте эле жүрбөйбү. Ошого окшогондорду камап койсо калгандары сестенип калат эле. Коррупция кылган деп соту, прокурору, милициясы деле кармалып жатат. Бул ошо аткаминерлердин коркпой жатканынан кабар берет. Кутулуп кетем деген ойдо жүрүшөт, Ак үй, көк үйдө тааныштары бар. Камап-соттоп эле койбой, алдын алган чаралар көрүлүшү керек" .

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун былтыркы жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн дегенди билдирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG