Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Бишкек: Вице-мэр баштаган аткаминерлер кармалды, мэр жемеге калды


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди суракка алып кетүүнү тапшырды. 16-июль 2025-жыл.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди суракка алып кетүүнү тапшырды. 16-июль 2025-жыл.

16-июнда Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди атайын кызмат суракка алып кетип, кийинчерээк "кызмат абалынан пайдаланган" деген негизде камалганын билдирди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Бишкектин райондоруна иш сапары бир катар кармоолор менен коштолду.

Атайын кзыматтын башчысы Камчыбек Ташиев соңку бир айдан бери өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү аткаминерлердин иштери менен бюджеттик каражат кайда жумшалганын текшерүүдө. Буга чейин жыйын учурунда кармалган жетекчилер болгон. Коомчулукта мындай катаал чараларды колдогондор көп. Ошол эле маалда коррупцияга каршы бир киши эмес, мамлекеттик система иштеши керек деген пикирлер бар. Аймактагы жолугушуулар кадр маселеси боюнча дагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууда.

“Башкы план боюнча ушул турган жерибиз сейил бак болушу керек. Бирок, колунда бийлиги, дүнүйөсү бар адамдар 40-50 миң элдин жыргалчылыгына карабай, өз кара баштарынын кызыкчылыгы менен колдонуп келатат. Бул тилке вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдики. Көп жыл болуп калды”.

Туңгуч кичирайонунун тургундарынын ушундай билдирүүлөрү жумурай журттун алдында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди кечирим суратты. Ал өзү да айтылгандарды тастыктап, жерди кайра өз багытына кайтарууну убада кылды. Бирок Камчыбек Ташиев вице-мэрдин ишинде кылмыштын курамы бар болгондуктан, иш козголгонун, аны жоопко тартууга мажбур экенин билдирди.

“Жамалбек Ырсалиев, сиз бул жерде тургундардын алдында моралдык жоопкерчиликке жол бергенсиз. Мындан тышкары, сиз кылмыш жоопкерчилигине да жол бергенсиз. Мамлекет, муниципалитет, Бишкек шаары бул аймактан өз пайдасын алышы керек болчу. Ижара акысы алынышы керек эле, сиз болсо акысыз иштетип жүрөсүз. Бул жол берилгис, Бишкек шаарынын вице-мэри болгон сиздей адамга мүмкүн эмес! Ошондуктан, сизди биз жоопко тартышыбыз керек. Башка айла жок, биз жоопко тартпасак болбойт. Мына, ага карата чогултулган материалдар. Бул жерде эле эмес, башка жерлерде да сиз ижара чогултпоо тапшырмасын бергенсиз же калкалап келгенсиз. Бул жерде конкреттүү фактылар чогултулган. Сиздин материалдар боюнча тергөөгө чейин текшерүүлөр реестрге катталган. Ошондуктан, материалдарга ылайык тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүү керек. Бул ишти ким жүргүзүүдө? Аны менен иш алып баргыла”.

Коопсуздук комитетинин кызматкерлери сурак жүргүзүү үчүн вице-мэрди тургундар менен жолугушуу өтүп жаткан жерден алып кетишти.

17-июлда атайын кызмат маалымат таратып, Ырсалиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгонун, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирди. Ал Тунгуч кичи районундагы 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою "мыйзамсыз пайдаланылып келгенине тиешеси бар" экенин билдирди. Анын негизинде мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын, Ырсалиев менен кошо В.Н.А аттуу жаран да камалганын кабарлады

"Бул кичирайондогу №36 көп кабатуу үйдүн жанындагы жерге алты жылдан бери жеңил типтеги төрт коммерциялык объект, балдар үчүн аттракциондор орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1,5 миң чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок мыйзамсыз ээленип алып, пайдаланылып келген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ы.Ж.С. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда кызмат абалын пайдаланып, ал коммерциялык объектилерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн. Буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрү түшпөй, олуттуу зыян келтирилген", -деп жазылган маалыматта.

Кармалган аткаминерлер, жеме уккан мэр

УКМК төрагасынын Бишкектин айрым жерлерине сапары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн камакка алуу менен коштолду. Былтыр Бишкек шаарына кошулган Новопавловка айыл өкмөтүндө сейил бакты куруудагы сапатсыз жумуш жана акчаны максатсыз пайдаланылганы айтылды. Ал жерде иш жүзүндө аткарылбаган же сапатсыз жасалган курулуш иштерине 32 млн сомдой каражат сарпталган. Аудитордук текшерүү 5 млн сомдон ашуун зыянды аныктаган.

Кыдыруу учурунда Ташиев муниципалдык аймактык башкаруунун башчысынын орун басарын, курулуш компаниясынын жетекчиси менен Ленин райондук администрациясынын техникалык көзөмөл адисин камакка алууну буйруду.

“Президентибиз айтып атат: “Эгерде мамлекеттин акчасын туура эмес пайдалансаңар, жеп коё турган болсоңор, элдин пайдасына жумшабай турган болсоңор, биз ошону таап чыгабыз дагы, биринчиден, он эседен кылып кайтарасыңар, экинчиден, түрмөгө отурасыңар”, - деп атат. Уктуңарбы ошону? Мына ушундай. Баарын камагыла! Айыл өкмөтүнөн тарта, аткаруучулар менен техкөзөмөлдү. Кармагыла! Алып кеткиле!”.

Муну менен катар Пригородное айылындагы сейил бактын курулушун карап чыккан Ташиев Бишкек шаарынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетекчиси Бакыт Шеримбековду “чыныгы коррупционер” деп атап, камакка алууну тапшырды. Шеримбеков мурда ушул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. Мындан улам, кадр тандоодогу алешемдиктери үчүн мэр Айбек Жунушалиевди жемеге алды.

“Бул киши бул жерде айыл өкмөт башчысы болуп турганда паркта үч жолу тендер өткөрүп, үч жолу акчаны жеп алган. Парктын абалы мына, мына парктын абалын көрүп атасыз! Анан муну алып барып туруп дагы чоң кызматка коюп коюптурсуз. Мындай адамдар камалышы керек! Мына, чыныгы коррупционерди алып келип туруп, ДУМИнин башына коюп коюптурсуз. Бул эмне дегендик эми? Эмне кылышыбыз керек? “Маалыматым жок болчу”. Маалымат издегиле да. Коёрдун алдында муну изилдеш керек, кадр тандоону билиш керек. Кадр тандоону билбегендиктен, мамлекетибиз ушундай болуп атат мына. Жоопко тарткыла! Алып кеткиле! Камагыла, тез алып барып камагыла!”.

Системдүү иш жүрбөсө башка-көзгө чапкылагандан не пайда?

Ташиев кадр маселесин бекеринен баса белгилеп жаткан жок. Анткени, ал кыдырган жердин баарында тең иштин өтөсүнө чыга албай, өз милдеттерин тыңгылыктуу аткара албай жаткан кадрлар кездешип, айрымдары камалып, кээси кызматынан алынып жатат.

Мамлекеттик саясатты талдоо борборунун директору Алмаз Тажыбай кыргыз бийлигинин кадр саясаты системдүү реформага муктаж экенин айтат. Ал азыркыдай бир нече таасир борборлору иштеп жаткан жана кадр өстүрүү системасы чаржайыт жүрүп жаткан жагдайда аркы-терки чапкылап камап-коркутканы менен кемчиликтер боло берерин эскертет.

“Мамлекеттик органдардын башчыларына эркиндик бериш керек. Кадрларды өздөрү тандап келет, эгерде кандайдыр бир жардамчысы кармалып калса, ошол жетекчи дагы жооптуу болуш керек. Тилекке каршы, бизде кандай болуп атат? Мына азыр мэрдин орун басары кармалды. Бирок мэрге эчтеке болбойт. Анткени, ал тандаган эмес ал орун басарды. Бизде, орусча айтканда, “козёл отпущения” деп, же башчысы күнөөлүү болот, а жардамчылары ордунда эле калышат. А бирок алар саботаж кылып атабы же болбосо кандайдыр бир тетири иштерди жасап атышабы – алар алынбайт. Ошон үчүн кадр системасын алмаштырыш керек. Анан бизде мамлекеттик органдардын башчылары болгондо, ал, мүмкүн, бир-экөөнүн жакындарын же жакшы иштегендерин саясий кызматка калтырат. Бирок калгандарын өйдө жактан, өкмөт жактан сунуштайт да, ошону менен бекитет. Анан башка кишинин командасы башка кишиге баш ийет. Алар чогуу иштеп кете алабы-кете албайбы, же саботаж кылабы деген ойлор болуп атат. Анткени, бизде команда түзүү, бир баалуулукка байлануу жок болуп атат”.

Ташиев соңку бир айдан бери өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү аткаминерлердин иштери менен бюджеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн текшерип жатат. Токмок менен Ошто шаар мэринен тарта бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жыйын өтүп жаткан жерден камакка алынды. Кара-Балта менен Шопоков шаарларынын мэрлери да жемкордукка шектелип кармалышты.

Президент Садыр Жапаров да аткаминерлердин жемкордукка шектелип кармалып жатышы тууралуу пикирин жарыялады. Ал фейсбуктагы баракчасына “Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек” деген пикирин жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG