“Камалса да мейли, тирүү келсе болду”
Арзыбек алты айдан бери Орусиянын аскер бөлүктөрүн, ар кайсы моргдорун кыдырып, инисин өлүү-тирүүсүн билсем деп издеп жүрөт. 30га эми чыккан иниси согушка кеткенин ал быйыл жазында гана билген. Ошондон бери кабары жок.
“Ростовдогу моргго бардым, ал жактан да чыккан жок. Барган жеримде изделип жатат, бирок дайынсыз дешет. Балким туткунга түшкөндүр, тирүү деп үмүт кылам. Кыргызстанга келсе камалат дешкен. Мейли, камалса да тирүү келсе болду. Ар бир адам кылган ишине жооп бериш керек да, туурабы? Тоок уурдасаң да жазаңды аласың го”.
Арзыбектин айтканына караганда ага окшоп Орусияда согушка кеткен жакынын издеген кыргызстандыктар ондоп саналат.
Бөтөн жерге кеткен жакынынын бар-жогунан кабар ала албай издеген борбор азиялыктар аз эмес.
“Мага “же өмүр бою түрмөдө каласың, же согушка барасың” деп айтышты...”-, деп баштады сөзүн Исмоил Расулов.
26 жаштагы Тажикстандын жараны Расуловду 2024-жылдын июлунда Орусиянын Челябинск шаарындагы түрмөдөн Украинадагы согушка алып кетишкен.
“Түрмөдөн 58 адамды чыгарышкан. Азыр ошол 58 кишинин ичинен тирүү төрт-беш эле адам калды. Мен согуштан майып болуп келдим. Экинчи топтогу майыптык бериш керек эле, бирок документтерге ‘убактылуу кызматка жараксыз’ деп жазып коюшкан. Оор жараат алып, операция болдум, майыптын арабасында жүрдүм. Ошентсе да мени армиядан бошотушкан жок.”
Расулов орус армиясынын катарында бир жылдай кызмат өтөп, Курск багытында салгылаштарга катышкан. Төрт жолу жаракат алып, ден соолугунаа айрылган. Ал фронтко бешинчи жолу жөнөтөрдө Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Азыр жашырынып жүрөт.
Украинадагы “Коомдук дипломатия фонду” уюмунун директору Фёдор Лавриненко буларга токтолду.
"Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Украинага каршы согушка Борбор Азия өлкөлөрүнөн 8 миңден 15 миңге чейин адам катышты. Алардын көбү ар кандай себеп менен фронтко жиберилип, кийин Женева конвенцияларын бузган аракеттерге тартылууда. Мурда мындай чет элдиктерди экстрадиция же депортация менен мекенине кайтарууга мүмкүн болчу. Эми андай жол калбай калды. Негизи, бул чечимди Орусиянын согуш кылмыштарын жана жалданмачылыкты түздөн-түз колдоо аракети катары баалоого болот. Москва ушундай жол аркылуу Украинадагы согушту узартуу менен бирге башка мамлекеттердин суверенитетин да одоно бузуп жатат. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул улуттук коопсуздукка түздөн-түз чакырык. Себеби кан майдандан кайткандар радикалдуу көз караштарынан жана согушта көргөн-билгенинен арыла албай, бул өлкөлөрдүн ичиндеги туруктуулукка коркунуч туудурушу мүмкүн".
“Согуштан коргоо эмес капканда кармоо”
Эми орус бийлиги жогорудагыда айтылгандай, Украинага каршы согушка катышкан чет элдиктерди мекенине экстрадиция кылбай турган болду. Москва Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдү кылмыш жообуна тартуу үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп бербөөнү шарттаган жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды.
Жаңы эрежелер орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишим түзгөн, ошондой эле согушка катышкан борбор азиялыктарга да тиешелүү болмокчу.
Орус бийлиги мындай чараны “аскердик сырды жана купуя маалыматты сактоо максаты” менен түшүндүргөн. Жаңы өзгөртүүлөрдүн кесепети кандай болот? Кремль чет элдик жарандарга көзөмөлүн дагы күчөтөбү?
Бул суроого Борбор Азияга адистешкен украин журналисти Григорий Пырлик жооп берди.
"Орус бийлигинин бул кадамын жалданма аскерлерге «өз өлкөңөрдүн мыйзамдарын сактоонун кереги жок, Украинага келип согушка кошулсаңар болот» деген белги катары кабыл алса болот. Балким, бул пропагандалык максаттагы билдирүү. Буга чейин Орусия жалданма аскерлерди мекенине экстрадициялаган учурлар дээрлик болгон эмес. Эгер Украина тарап аларды өткөрүп берүүнү сураса да, мындай өтүнүчтөр ар кандай себептер менен четке кагылмак. Эгер мындай адамдарга коргоого алынса, алар мекенине кайтып барбай, кылмыш жоопкерчилигинен кутулууга шарт түзүлсө, бул абдан терс көрүнүш".
Ал эми Атайын кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков мыйзам ишке киргенден кийин кыргыз өкмөтүнө өз жарандарын мекенге алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу кыйын болот дейт:
"Бир нече жараныбыз жалданып, башка өлкөлөрдө согушка катышып, соттолуу учурунда да ызы-чуу менен коштолгон. Айрымдары шарттуу жаза алып, кайра согушка кеткен учурлар белгилүү. Ошол эле кезде Орусия согушка катышкан жарандарды колдоп, бардык шарттарды түзүп берип жатат. Албетте, жаңы келишим аларга дагы согушка барууга жол ачышы мүмкүн. Биз үчүн аларды Кыргызстанга алып келип, камап, жоопко тартуу кыйын болот. Ошол эле кезде Орусия конвенцияга ылайык, оор кылмыш жасаган жарандарды өткөрүп бериши керек".
Эксперттер Москва Украинадагы урушка айдаган мигранттарды коргобой эле кайра аларды майданга жиберип, согуш капканынан чыгарбайт деп белгилешет. Алардын бири Москвада көп жыл иштеп келген кыргызстандык юрист Эрлан Токтосунов.
"Келишим түздүрүп алып, аларга милдеттерин же укуктарын түшүндүрбөй эле согушка жөнөтүп жаткан учурлар көп болуп жатат. Ал жарандар өз укуктарын да билишпейт. Согушка азгыруу кеңири жүрүп жатат. Азыр социалдык тармактарда мындай жарнамалар арбын."
"Борбор Азия лидерлери эмне дейт?"
Борбор Азиядагы өкмөттөрдүн бири да азырынча Москванын соңку чечимине расмий реакциясын билдире элек. Украинага басып кирип, уруш ачкандан бери орус президенти Владимир Путин чөлкөмдүн президенттери менен байма-бай жолугуп, таасир талаасын кеңейткен. Эми Борбор Азия лидерлери кандай кадамга барышы мүмкүн?
Саясат талдоочу Алишер Илхомов өзбек бийлиги азыр Москванын алдында алсыз абалда дейт:
"Статистика көрсөткөндөй, согушта жүздөгөн өзбек жараны набыт болуп, ал эми согушуп жүргөндөрдүн саны андан бир нече эсе көп. Мындай учурда өзбек бийлигинин расмий да, коомдук да реакция кылбаганы Москвадан коркуп, анын эркине каршы чыга албай турганынын белгиси. Азыр өзбек бийлиги эки оттун ортосунда калды: бир жагынан Батыш менен алаканы бекемдөөгө, көп векторлуу саясат жүргүзүүгө аракет кылууда. Экинчи жагынан Москвага каршы чыкпай, аны ачуусуна тийип алуудан сактанат. Ошондуктан алар өз жарандарынын согушка аралашып кеткени боюнча үн катпай, эч кандай расмий чара көрбөй отурат. Бул бир жагынан коркуу, экинчи жагынан Москвадан көз каранды болбоону каалаган, бирок андай мүмкүнчүлүгү чектелген бийликтин абалы".
"Менин оюмча Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Орусия алардын жарандарын Украинадагы согушуна жалдап жатканы боюнча маселеге көңүл бургусу келбейт. Маселен, жакында эле орус президенти менен казак президенти жолугушту. Токаев Путинге эки өлкө ортосунда “эч кандай көйгөй жок” экенин айтты. Ошол эле учурда Украинанын “Хочу жить” долбоорунун баракчасында быйыл алты айда эле Орусия тараптан жалданган 529 казакстандыктын аты-жөнү жарыяланган. Башкача айтканда, ушунча адам Казакстандын мыйзамын бузуп, Украинага согушка жөнөп кеткен. Бирок ошого карабай, Казакстан тараптан олуттуу реакция болгон жок. Демек, чөлкөмдүн өкмөттөрү үчүн абдан ыңгайсыз маселе. Ошол эле Алишер Турсуновду эстесек, Кыргызстан өз жаранын чет өлкөдө мыйзамсыз аракеттерден же башка мамлекеттин басымынан коргошу керек эле. Бирок андай коргоо болгон жок", - дейт журналист Григорий Пырлик.
Москванын соңку чечимине азырынча расмий Бишкектен эч кандай жооп боло элек. Бирок “Азаттык” менен сүйлөшкөн адистердин пикиринде мындай учурларда мамлекет өз жарандарынын кызыкчылыгын жана мыйзам үстөмдүгүн коргоо - ар бир эгемен мамлекеттин миледти.
Кыргыз бийлигинин реакциясы кандай болушу керек? Бул суроого журналист Адил Турдукулов жооп берди.
"Сөзсүз түрдө Тышкы иштер министрлиги, биздин мамлекеттегилер буга каршы бир нота жибериши керек. Анткени бул биздин мыйзамдарга дал келбейт. Сөзсүз түрдө кандай кылмыш жасабасын, ал кайсы жерде болбосун, биздин мыйзамга ылайык жоопко тартылышы керек. Чет жактагы согушта катышуу кайсы тарапта болбосун, ал абдан чоң күнөө болуп эсептелинет да. Сөзсүз түрдө ошондуктан бул жерде биздин мамлекеттик тарап буга кайдыгер болбой, көмүскөдө калтырбай, сөзсүз түрдө реакция жасашы керек деген ойдомун".
Борбор Азия: "Жалданмачылыкка" каралган жаза
Эми маселенин укуктук жагына келсек, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жарандар чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышса же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтсө - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейин абакка кесилет. Казакстан менен Өзбекстанда да Кыргызстандагыдай эле жаза каралса, Тажикстан согушка катышкан жаранын 15 жылга чейин эркинен ажыратат.
Аскар Кубанычбек уулу Украинанын Луганск облусунда орус күчтөр менен согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон биринчи жаран. Бирок сот аны пробациялык көзөмөл менен абактан бошоткон. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандан качып кеткен. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Жарандык коом жана айрым саясатчылар “Орусиянын түз же кыйыр түрдөгү басымынан” улам ага өлкөдөн чыгып кетүүгө жол берилген деп белгилешкен.
Араванда Украинадагы кармашка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга эркинен ажыратылса, Нарында Орусиянын “Вагнер” аскер компаниясы менен жалданып согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгүл уулу мунапыс менен абактан бошотулган.
Быйыл жазында Улуттук коопсуздук комитети Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Алардын арасында Оштогу “Россотрудничество” уюмунун өкүлү да болгон. Бул Москванын бул ишке байланышы бар деген талкууларды жараткан.
Коңшу Өзбекстанда соңку бир нече айда онго жакын сот иши коомчулукка белгилүү болду. Бирок укук коргоочулар жана журналисттер Ташкент жалданмачылыкка айыпталган жарандарына жумшак жаза берерин, анын түпкү себеби Кремлдин таасирине барып такаларын түшүндүрөт.
Мисалы, ушул жылдын июль айында өзбек соту Украинадагы согушка катышкан жаранын үч жарым жылга эркинен ажыраткан. Анын алдында дагы бир жаран үч жыл бир айга соттолгон. Былтыр декабрда Анжиян соту резонанстуу чечим чыгарган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алып, согушта кеминде он адамдын өлүмүнө себеп болгонун айткан. Бирок сот аны түрмөгө камабай, эркиндигин чектеген жаза чегерген.
Расмий Ташкент Украинадагы согушка катышкан жарандарынын саны боюнча маалыматты ачык чыгарбайт.
Ал эми Казакстанда быйыл 9-октябрда сот “Вагнер” тобунун катарында Украинада жана Малиде согушкан Тимур Пралиевди беш жылга эркинен ажыраткан. Ал башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышканы үчүн айыптуу деп табылып, Мексика аркылуу АКШнын Техас штатына өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Бул “жалданмачылык” беренесиндеги эң аз жаза. Бирок эмне үчүн ага башка берене менен жеңилирээк айып коюлганы белгисиз.
Тажикстанда абал мындан да бүдөмүк. Өлкө бийлиги да расмий статистика жарыялабайт. Украинанын “Хочу жить” долбоорунун маалыматына караганда, быйыл эле орус тарапта согушуп жүргөн 2 миңден ашуун тажикстандыктын аты-жөнү белгилүү болгон. Бирок Тажикстанда жалданмачылык үчүн кылмыш иши козголгон же соттолгон учур тууралуу ачык маалымат жок.
Орусия Украинага басып киргенине төрт жылга чукулдады. Постсоветтик өлкөлөрдөн барган миңдеген мигрант ар кандай жол менен азгырылып, майданда алдыңкы катарда жүрөт.
2022-жылы февралда Украинада согуш башталгандан бери орус тарапта жүргөн же набыт болгон борбор азиялыктардын так саны азырынча белгисиз. Украин бийлигинин “Хочу жить” долбоору согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган тизмеде алардын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Долбоордун маалыматына караганда, согушта Орусия тараптан 446 тажик жараны, 270 казакстандык жана 481 өзбекстандык жоокер набыт болгон. Мындай маалыматты, адатта, бул өлкөлөрдүн расмий органдары же бийлиги ачык жарыялап же тастыктабайт.
Шерине