Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

"Алданып Украинага кетип кала жаздадым". Согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылды


 “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.
“Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылганын билдирди. Бийлик чет өлкөдө согушка катышкандар жазага тартыларын эскертип келет. Буга чейин “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.

"Алданганымды билер замат элчиликке кайрылдым"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Фейсбуктагы расмий баракчасына Украинадагы согушка кетип кала жаздаган Кыргызстандын жараны тууралуу видео чыгарды.

Анда жүзү жашырылган жигит төрт ай мурда Орусияга караштуу Якут Республикасынын Айхал шаарчасына барганын, жакында Москвага жумуш издеп келип, алданып калганын айтып берген. Элчилик анын аты-жөнүн жарыялаган жок.

"Кыргыз Республикасынын жараны болом, Орусия Федерациясына жумуш издеп келген болчумун. 14- августта Москвага келгем. Мени бул жакка акы төлөнгөн кызмат өтөөгө чакырышкан. Көрсө, булар мени калп айтып согушка жөнөтөйүн деген максат менен алып келишиптир. Мен муну билер замат Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылдым. Аябай кубанычтамын, бир заматта келишти да, чыгарып кетишти", - деп сүйлөдү ал.

Орусияда Украинадагы согушка азгырылганын айткан кыргызстандык. Скриншот элчиликтин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Орусияда Украинадагы согушка азгырылганын айткан кыргызстандык. Скриншот элчиликтин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттарды согушка азгырган учурлар көп экенин билдирди.

Анын айтымында, дипломатиялык мекеме Орусиядагы журтташтар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Буга карабай Украинадагы согушка кеткендер да жок эмес:

Айымкан Кулукеева
Айымкан Кулукеева

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жараныбыз элчиликтин кызматкерлеринин катышуусунда андан ары аскерге кызмат өтөөдөн жазуу түрүндө баш тартып, чыгарылды. Буга чейин элчиликке ушул сыяктуу бир катар кайрылуулар түшкөн. Жарандар өздөрү аскерге кызмат өтөөгө макулдук берип, атайын машыгуулардан өтүп жаткан мезгилде жакын туугандары, үй-бүлөсү билип калып, элчиликке кайрылган учурлар болгон. Алардын арасынан элчиликтин көмөгү менен келишимге кол коюудан баш тартып, бүгүнкү күндө Кыргызстанга кеткендер бар. Жакындары чырылдап жатса да, өздөрү элчиликке: “киришпегиле, бул менин жеке чечимим” деп, материалдык жагына кызыгып кеткендер да жок эмес. Бирок, мындай көрүнүш массалык түрдө эмес", - деди Кулукеева.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.

10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын отуз сегизи каза болгон.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале азыр деле согушка азгырылып жаткандар бар экенин белгилейт:

“Украинанын өкмөтү жарыялаган тизмелерге Кыргызстан көңул бурушу керек. Акыркы тизмеде эле 2025-жылы эле орус армиясы менен келишим түзгөн 327 киши көрсөтүлгөн. Эң аянычтуусу - алардын эң жашы 18де. Жапжаш жигиттин Донбасста Путин үчүн өлгөнү таптакыр маанисиз. Тизмеде 19-20 жаштагы жигиттер басымдуу, алтургай 60 жаштагы киши да бар. Алар Украинада эмне кылып жүрөт?" - деп суроо салды Дале.

Согушка тартуунун аягы качан тыйылат?

Орусиядагы мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков орус-украин согушу башталганы бул өңдүү ондогон окуялар катталып жатканын, былтыр эле ага 30 кайрылуу түшкөнүн айтып берди. Документинде майда-чүйдө маселе жаралса деле коркутуп-үркүтүп, ар кандай кагаздарда кол койдурган учурлар бар экенин кошумчалады:

Мирлан Токтобекова
Мирлан Токтобекова

"Мындай маселе менен кайрылган жарандардын саны эселеп көбөйгөн. Бул бала дагы түшүнүп калыптыр эмнеге кол койгонун. Түшүнбөй Сахароводо болуп калгандар, же кандайдыр бир кылмыш иши болуп, ошонун ичинен эле бир кагазга кол коюп согушка кетип аткан жеринен бизге өтө көп кайрылып жатышат. Алдануунун эң негизги себеби: "Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүптүрсүң, сага бул же тигил иш козголот, бирок мына бул кагазга кол коюп берсең кылмыш ишинен кутуласың, кийин жарандык да аласың", - деп алдашат".

  • “Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
  • Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун да алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр да бар.



Шерине

XS
SM
MD
LG